Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Кожомбердиева У., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 1-декабры

Уулча КОЖОМБЕРДИЕВА

Турар Кожомбердиев

Эскерүүлөр

Элибизге белгилүү акын Турар Кожомбердиевдин жаркын элесине арналган бул чакан китеп бир тууган эжеси Уулча апанын колунан жаралып, жарык көрүүдө. Акындын төрөлгөндөн көзү өткөнгө чейинки өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы маалыматтар менен кеңири баяндалат.

Кожомбердиева Уулча. Турар Кожомбердиев. Эскерүүлөр. – Б.: «Бийиктик», 2010. – 468 б. китебинен алынды.

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7–4
К 33
ISBN 978–9967–13–412–6
Т 4702300100 – 09

 

СЕКСЕНИНЧИ ЖАЗ
(Кириш сөз ордуна)

Сексен жаштын кырынан кылчайып артка карасам көзгө көрүнөөрлүк из калтыргансыйм – айтылуу акын Турарды тарбиялап өстүргөнүмдүн өзү эле нар көтөргүс.

Анткени ал жөнөкөй балдардай болуп чоңойгон жок. Үч жарым жашында апасынан айрылып, менин колумда калды (анда мен мектеп жашынан жаңыдан өткөн курагым эле).

Биз үч эжеси Турарды энесинен эрте айрылган жалгыз эркек бала деп аяп, ыйык тутуп, анын ою менен болуп, айтканын жасачубуз, «кой», «ай» дечү эмеспиз.

Атамдын да ага тили тийген жок. Ошону эстеп, Турар кийин «Атама» деген ырында мындай деп жазган:

Жаш кезимден көрбөй калдым энемди,
Тентек чыктым эч бир билбей ченемди.
Бирок дагы мага колуң тийген жок,
Бир жолу да уккан жокмун жемеңди.

А мен болсо баягыдай тентекмин,
А мен болсо баягыдай ченем жок.
Сен айтчусуң: «Катыгыңды берээрге
Кантем эми, көөнүң калат энең жок».

Алп мүчөлүү болуп чоңоё баштаганда ага баатырлык сезим пайда болуп «Көчөдөн көчөнү кыдырып, издеп жүрдү мушташканга балбанды». (Т.)

Акын болуп тааныла баштагандан тарта ичкиликке имериле баштады (анда жүрдүм тамагына тура калып).

Ошондой уланды айкын жолго алып чыгыш үчүн кечирген, кейиген, кайгырган күндөрүм арбын болду. «Тентек неме тетир жолго түшүп кетпесе экен» – деп, «уйку көрбөй төгөөр элем жашымды». (Т.)

«Эч бир ини мендей тежик болбостур,
Эч бир эже кечирбестир ушунча»

деп жазган эле мага арнаган «Экинчи энем Уулчага» деген ырында. Чымырканган чыдамкайлыгым менен гана чынар кылып жетилттим. «Бапестедим мүнүшкөрдүн кушунча». Түшкү тамак маалында ресторанга барып оокат ичсе ичкилик аралашып кетет деп, каалаган тамагын бышырып, иштеп олтурган жерине алып барып берээр элем. (Мындайды эже эмес, эне да жасай албас!)

Кийин Турар отуз жыл бою ырдын кенин казып, далай-далай жакуттарды жаратканынан улам адабияттын даанышманы Аалы Токомбаев: «Турардын ырлары – бул таланттын берекелүү энчисинен элге берилген сонун шыбага» – дегени, калемдештеринин: «Турардын ырлары – бул калк кенчи, Ата Журттун түбөлүк гүлазыгы» – дегендери Турардын элге кылган эмгегинин таасын баасы десек туура болор.

Океан сымал Турардын эргүүсү ээ-жаа бербей ташкындап турган кезинде, ага коомубуз тарабынан ыңгайлуу жагдайлар түзүлгөн жок. Эгер ага колдоо көрсөтүлгөн болсо, анда анын чабыты да бийиктеп, калтырганы да алда канча арбын болмок. Ага Турардын кудурети да жетмек.

Жаратылыштан Турарга ыймандуулук, боорукерлик, адамгерчилик сыяктуу ыйык сапаттар жана ченде жок талант ченемсиз берилген. Ал ошолорду туу тутуп: «Жетпесем да бүтүндөйгө, ыраазымын күкүмдөйгө», – деп ыр дүйнөсүн кеңейтүүнүн гана камын ойлоп, поэзияга зор салым кошту. «Өмүрүн ырга берген чындыгында, өзүнөн узак жашайт миң бир эсе».

«Адам жоктур сага сугун артпаган, акын жоктур сени жоктоп жазбаган» дегендей ал каза болгондон (1989-ж.) бери карай Турар жөнүндө ого эле көп эскерүүлөр жазылды (көзү өткөндөр жөнүндө мынчалык көп жазылганы мурда эч качан болгон эмес). Аягы дагы эле улана берчүдөй.

Ал жөнүндө канчалык көп жазылса да: «Сен билесиң карамды да, агымды» – деп өзү айткандай аны менден жакшы билген киши жок. Андыктан анын эч ким биле элек жактарын жазып калтырсын деп жаратылыш да мага жардамчы болуп, узак өмүр берип, акыл-эсимди ачык калтырган чыгаар. Ошондон улам колуңардагы китеп жаралды.

Китепте Турардын өмүр жолуна чыйыр салынды. Ал жөнүндө мурда белгисиз болгон маалыматтар айтылды.

Калемдештеринин эскерүүлөрү киргизилди.

Турардын баскан-турган жерлери күлкү менен шаңга бөлөнүп тураар эле. Ошонун илеби да келип тургансыйт.

Турар биздин кенже уулубуз Алмазбекке өтө жакын эле. Ал жөнүндө «Бир үйдө – эки көсөм» деген бөлүмдө учкай айтылды.

(Русскоязычный читатель сможет приобщиться к творчеству известного поэта Турара Кожомбердиева на родном языке).

Автор

 

I бөлүм. АТАМ, АПАМ ЖАНА БИЗ

Кереметти сезбептирмин башында,
Көрбөптүрмүн сайрап турса кашымда.
Сары-Булактын санат жеткис гүлдөрү,
Сиңген тура жада калса ташына.

Турар

Таштарынан да, гүлдөрдүн жыты аңкып турган Сары-Булак айылында (Жайыл району) 1941-жылы 22-июнь күнү болочок залкар акын Турар Кожомбердиев жарык дүйнөгө келген.

Турардын чоң атасы Төлөгөн атагы алыска тараган табып киши болгон. Ага дарыланыш үчүн алыстан ат арытып келип, дубасы тийип сакайып кетишчү дешет. Чоң атабыз жайлаган жерде ушу күнгө чейин «Төлөгөн булак» деген касиеттүү булак сакталып турат. Аны мал тебелеп чалчыкка айландырбасын деп, Мырза деген небереси темир тосмо менен короолоп, булактын көзүн балырлардан тазалап турат.

Таң калыштуусу – чоң атасынын табыптыгы ошол небересине өткөнү. (Фамилиясы да Төлөгөнов болуп калган.) Ушул кезде да оорулуу адамдар ошол сыйкырлуу булакка барып сыйынып, сакайып кетип жүрүшөт. (Мырзанын дубасы тийгендердин арасында абдан катуу дартка чалдыккандар да кездешет.)

Атам Кожомберди Төлөгөн уулу айылда кадыр-барктуу адамдардан болгон. Анын кеп-кеңешин угуу үчүн айылдаштар дайыма кайрылып турушаар эле.

Элди отурукташтырууга, колхозду уюштурууга жигердүү катышкан. Айылыбыздын азыркы кездеги көркүн түптөөчүлөрдөн болгон. Айылдын чарбасын көтөрүшкөн белсемдүүлөрдүн бири эле. Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишүүгө кол кабыш кылган демилгечилердин бири. Анын мээримдүүлүгүнө, адамкерчиликтүүлүгүнө, сабырдуулугуна, чечендигине төмөндө дагы кайрылабыз.

Апам Гүлнар Медераалы кызы тектүү жерден эле. Таятам Медераалы, анын Керимбек, Сарманбек деген бир туугандары Кара-Балтанын төмөн жагындагы айылдардын аттуу-баштуу адамдарынан болушкан.

Кыргыздар кыргынга дуушар болоордо (үркүн маалында) тоо этегиндеги айылдар (арасында биздин айылдын тургундары да бар) тоо таяна көчө качышканда, Керимбек менен Сарманбек элди токтотуп, орус отряддары менен сүйлөшүп, элди кыргындан сактап калышкан. Кийин өзүлөрү репрессиянын курмандыгы болушту.

 

Ата-энебиз көп балалуу болушкан экен. Арасында эркек балдары да болуптур. Бирок алар эрте чарчап калып, алардын уучунда үч кыз калыптырбыз – эң улуусу мен, Күлүмкан, анан Эркин. Кыздарыбыз төркүнү жок болуп кала турган болушту деп кабатыр болуп жүрүшкөндө эркек перзенттүү болушат. Баарыбыздын кубанычыбыз, ишеничибиз, таянычыбыз ошол жаңыдан көз жарган ымыркай болуп, биз аны пир тутуп калганбыз. Апам аны «ат казык» (кыздарыбыздын төркүнү) деп койчу. Биз да кийин аны кээде ошентип атап коюп жүрдүк.

Өзгөчө апам аны астынан түшүрбөйт – жытына кумары канбайт. (Эмчек эмген баланын жытындай жыт барбы.) Астына алып олтурганда уктап калса, кыймылдатсам ойгонуп кетет деп айланасына жаздыктарды койдуруп алып былк этпестен олтуруп нечен таңды атырган.

Биз Турарды киринтээрибизде, анын ыйлаган үнүн угуп чыдай албайм деп аны бизге калтырып, өзү алысыраак жакка басып кетчү.

Буту жаңыдан баса баштаганда кокусунан көчөгө чыгып кетип, өтүп бараткан ат араба аны тебелеп кетип, ажалдан аман калат.

Үч жарымга чыгып калган кезинде бир күнү колуна төрт-беш куурай кармап алып кыңылдап келатса апам маңдайы жарыла кубана: «Сары-Булактын сары акыны келатат» – деп ажарланган кебетеси али да көз алдымда турат. Чүрпөсүнүн болочогун ошондо апамдын оозуна сала бергенине таң калам.

Апам оорукчал болгондуктан, биз ага үй тиричилигин жасатпай аярлоочубуз. Сиңдилерим кол арага жакшы жарай элегинде, үйдүн түгөнбөс түйшүгү менин мойнумда болчу. Төртүнчү класста окуп жүргөнүмдөн баштап, камыр жасай баштадым. (Ал кезде дүкөндөрдө нан, даяр кесме сатылчу эмес.)

Үч уюбуз бар эле. Аларды саачумун. Чака-чака сүттү күнүгө челкилдетип көтөрүп, сүт тартуучу машинасы бар үйгө алып барып тарттырып келем. Алыскы алыштан чакалап суу ташыйм. Огородду баккан да мен. Тоодон отун алып келем. От жагып, оокат жасаган да менин мойнумда. Кыздар менен бир аз ойноп келген мындай турсун, сабактан үйгө берилген тапшырмаларды аткарыш үчүн китептин бетин ачып койгонго чолом тийбейт.

Балалык кезим ушинтип эмгектен башымды көтөртпөй өткөнүнө кээде кейийм, кээде ал мени чыдамкайлыкка чылаганына ыраазы болом.

Апам акты, караны ажыраткан, акылдуу, токтоо киши эле. Айланасындагы адамдарга аярлап мамиле жасачу. Анын сөзгө чеберчилигинен улам теңтуштары биздикине байма-бай келип, аны менен сааттан-саатка баарлашып, черлерин жазып кетишчү.

Күлдүрүп сүйлөгөнгө уста эле. Өзгөчө бирөөлөрдү туураганда боорубуз эзилип калчу. Колунан көөрү төгүлгөн чебер да болчу. Оор басырыктуулугуна, калбааттуулугуна айылдыктар таң калышчу.

Бир жолу биздин үйдөн өрт чыгып, чатырчасы чартылдап күйүп жатат. Ал кезде эл короосуна чарбалык курулуштарды тургузбай эле оокатынын көбүн үйдүн чатырчасына чыгарып коюшчу. Биздин үйүбүздүн үстүндө да чоң боз үйдүн жыгачтары, жабдуулары, жүн, жүгөрү, сүрсүтүлгөн эт, дагы толгон оокаттар жалындап күйүп жатат.

Коңшу-колоңдор ызы-чуу болуп, чака-чайнекке суу ала чуркап өрттү өчүрүүгө аракет кылып жүрүшсө, апам эки колун аркасына алып, алыстан камырабай карап тура берген токтоолугун кийин аңыз кылып далайга айтып жүрүштү.

Айылдыктардын ич арасындагы кыжы-кужуну акылдуулук менен жөнгө салып койчу.

Бир жолу биздин короодогу тузду бирөө көтөрүп кетиптир. («Короодогу туз» дегеним ал кезде туз да тартыш болоор эле. Туз сураганда мал жаласын деп короого сал туздардан коюп коюшчу.) Рапия жеңем күйүп-бышып: «Аны коңшу Сууракан эле алды», – деп тызылдай баштады. Сууракан болсо: «Алган жокмун, алсам бала-ботомдун боорун жейин» дегенге чейин карганып жатса, ага кантип ишенбейсиң. Апам аны чакырып алды да: «Ай, кара жерге киргир, анчалык каргангандай сага эмне жин тийдиби. Алсам, сенин тузуңду алган жокмун, Гүлнардыкын алдым деп эле койбойсуңбу» – десе: «Ошону айтпайсыңбы» – деп, аңкоолугунан мойнуна алган.

Кийин биз апамды тамашалап: «Сен тергөөчү болсоң, кылмышкерди кылтакка дароо эле илип алмак экенсиң» – деп күлсөк, өзү да жылмайып койчу.

Кайсы бир жылы биздин айылга Казакстандан бир үй-бүлө көчүп келип, бизге коңшу болуп туруп калышты. Алардын мени менен жашташ Акбийке деген кызы бар эле. Кээде мен ошону менен ойной калчумун. Бир күнү ошолордукуна бара калсам, Акбийкенин апасы көз жашын көлдөтүп ыйлап олтурат. Мен чочуп кетип: «Эмне болду?» – деп сурадым. Күйөөгө берген кызым бар эле. Ошо кызым күйөөсү, кайын ата-энеси менен келебиз дешиптир, үйдө жалам талкан жок. Эмне кыларымды билбей, заманам куурулуп олтурат, – деп көз жашын ого бетер төктү.

– Ыйлабаңыз, баарын мен алып келип берем, – деп соороттум аны.

Коноктору келгенче үйдө болгон тамак-аштын баарынан (ун, эт, кант, чай, мурчуна чейин) ташып алып барып бере бердим.

Кыз-күйөөсүн жөнөткөндөн кийин алиги аял (атын унутуп калыптырмын) биздикине келип, апама ыраазычылыгын айтып жан-алы калбай алкап жатты.

– Айланайын Гүлнар, осы жаксылыгыңды эки дүйнөдө унутпасмын. Менин төбөмдү көккө жеткирдиң. Конокторум аябай ыраазы болуп кетишти. Энди мынауны белек кылып алып кой – деп, колундагы күмүш билеригин чыгарып апама сунду.

«Мага качан келтек тиер экен» – деп кыпылдап олтурам. Апам анын сөздөрүн бөлбөй, кунт коюп угуп, иштин жөн-жайына түшүнгөн соң:

– Муну мен билген эмесмин. Баарын мына бу менин ээнбаш кызым жасаган турбайбы, – деп мен жакты карап койгондо тиги аялдын өңү бузула түштү.

Апам сөзүн уланта: – Билген болсом мен өзүм деле бермекмин – дегенде алиги аялдын жүрөгү ылдыйлай түшкөнсүдү.

– Ой-бай, айланайын Гүлнар, мен аны билмедим гой. Энди Уулшаны ура көрбө, – деп апама жалынып-жалбара баштады.

Ошол ээнбаштыгым үчүн апам мага анын көзүнчө эчтеке деген жок. Ал кеткенден кийин мага мындай деп жай гана насаат айтты: «Сенден бирөөлөр бирдеме сураганда мени менен кеңешип туруп бер. Кимге эмнени, канча бериш керек экенин сен али жакшы биле элексиң. Колуң аябай ачык. Алды-артыңды карабай көптөн берип коёсуң. Ошондон улам калган жанагы «отун албаганга от жактырба» деген макал, – деп жайбаракат түшүндүрдү.

«Бирөөлөргө бирдеме бергенде ченеп-чактап эртең өзүбүзгө жок калып кор болуп калбагандай кылып беришибиз керек», – деп үйрөттү.

Кийинчерээк ошол үй-бүлө кайра Казакстанга көчүп кетти. Угушума караганда алиги аял: «Кожомбердинин Уулча деген кызын бир көрүп, анан өлсөм арманым жок эле», – деп зарлап жүрүп өтүптүр. Жашоодо бир кылган жакшылыгыңды өмүр бою унутпаган, кээде жакшылыгыңды жарым тыйынча көрбөгөндөр да кездешет.

Апам бизге – кыздарына аярлап мамиле кылчу. Болор-болбос нерсе үчүн жемелеп урушчу эмес. Чындыкты айтканды жакшы көрчү. Апамдын ошол мүнөзү, менин дилиме бекем сиңип калган. Калп айтканды ушул кезге чейин жек көрөм.

Сиңдилеримдин бирөө бир кооз чыныны сындырып алыптыр (ал кезде чынынын табылышы да оңой эмес эле). «Кимиңер сындырдыңар?» – деп апам сураса үчөөбүздөн тең эле: «Жок», «билбейм», «көргөн жокмун», «өлөйүн», «мүрт кетейин», – дегенден башка жооп ала албайт. Кимибиздин сындырганыбызды билиш үчүн апам: «Чыныңарды айтып, сындырганын мойнуна алганыңарды айылга ээрчитип барам» – десе: «Мен сындырдым», – деп сиңдим Күлүмкан дароо мойнуна алды.

Башка бирөө болгондо тилдеп, жондон ары бир салат беле. Апам анткен жок: «О, өлүгүңдү көрөйүн. Бая эле мойнуңа албайсыңбы – балдардын баарын бекер каргантпай» – деп жеңил-желпи жемеледи да сөзүнө туруп аны айылга ээрчитип кетти. (Апамды ээрчип айылга барган биз үчүн майрам шекилдүү болчу. Сыймыктанчубуз да.)

Баладан чындыкты минтип дароо айттырып алуунун жолун дасыккан педагог да дароо таба албас.

«Энесин көрүп, кызын ал», – дейт эмеспи. Апабыз өзүнүн кыска өмүрүндө бизге жашоонун көп жактарын үйрөтүүгө үлгүрдү: эмгекчилдикке, эпчилдикке, сарамжалдуулукка, иш жасаганга. «Жасаганыңар мен үчүн болсо, үйрөнгөнүңөр өзүңөр үчүн» – деп койчу. Кийген кийимдерибизге, жүрүм-турумубузга чейин көз салып турчу. Адамдар менен мамиле жасоого үйрөтчү. Сөзмөрлүгүнө, темир комузду созолонто какканда оозубуз ачылып калчу.

Кыраакылыгына таң калаар элем. Биздин болочогубузга чейин айтып олтурчу. Мени алыс жерге барбайсың. Барган жериңдин үрүп чыгаарга ити да жок кедей болот дечү.

Эмне үчүн андай деп ойлойсуң десем – итинин үргөнү угулган жерге барасың дегеним, ийнеге жип саптаганда учукту аябагандай кыска чыгарасың. Андай кыз алыс жерге барбайт дечү. Эмне үчүн кедей жерге десем, малды тааныбайсың деп койчу. Кийин менин турмушум дал эле апам айткандай болгонун эстеп азыр да күлөм, таң калам.

Өлөөрүнө жакындаганда балдарынын убайын көрбөй калаарын сезип: «Бактысыз аял төрөйт, бактылуу аял алардын убайын көрөт» деген эле.

Турмушка чыкканыңда сиңдилериңди атаңдын кийинки аялына калтырбай ала кет. Алган жарың акылдуу болсо аларды оордой койбос – алар кол араңа жарап, балалуу болгонуңда аларды багышат, ыгы келгенде аларды окууга өткөрүп коёрсуң. Кийин чоңоюп киши болушканда алар менен аралашып катташканыңа жакшы, – деп келчү.

Турарды болсо калтыр. Аны көрүп турам, жемин эч кимге жедире койбойт. Анын үстүнө атасынын зарлап жүрүп көргөн жалгыз уулун ал деле кор кыла койбос, – деп жатып көз жумду.

Зарлап жүрүп көргөн чүрпөсүнүн бал тилине моокуму канып, анын кылык-жоругуна кучагы толо кубана элегинде о дүйнөгө сапар салды. Эне мээриминен эрте айрылган Турар, акын болгондо жашоонун булагы болгон эне жөнүндө өтө эле көп чыгармаларды жараткан.

– Апа, эне жөнүндө эң көп чыгармаларды жазган акын Турар Кожомбердиев, – дейт белгилүү акын Анатай Өмүрканов.

Ушу жерде анын «Апа» деген поэмасынан үзүндү келтире кеткенибиз орундуу болоор.

Баягыдай короз үнүн улаган
Түндүктөрдүн түтүндөрү булаган.
Баары турат
Бир гана сен жок, апаке,
Эркелетип маңдайымдан сылаган…

Мүрзөң тыптынч. Кесе тиштейм бармакты.
Сезем жондо качыраган салмакты.
Өбөөр элем өзүң эмес, апаке,
Өңү сага кебетелеш арбакты.


* * *

Атам алп мүчөлүү киши болчу. Бетинен ажары албырып, адамгерчиликтүүлүгү төгүлүп турчу, жумшак мүнөз, кең пейил, сөзмөр да эле. Адамдарга жакшылык кылганды туу тутканынан улам бир жолу мен ага: бирөөлөргө жакшылык кылган бекер окшойт. Баары бир аныңды эч ким билбейт, баалабайт деле экен десем:

– Жок, балам, андай дебе, – деди ал. Жакшылык жерде калбайт. Кылган жакшылыгыңды пенде билбесе кудай көрүп турат. Жакшылыктын акыбетин Кудай Таалам кайтарат. Бирөөнүн бергени үнөм болбойт. Жакшылыктын акыбети эртедир-кечтир өзүңө же бала-бакыраңа тиет. Ошолордун зоболосу жогорулайт, – деди.

Атамдын бул сөздөрүн мен өмүр бою жүрөгүмө түйүп келем, айткандары туура келгенине көп жолу күбө да болдум.

Эми атамдын чексиз даркандыгын, ченде жок мээримдүүлүгүн, сабырдуулугун айтса угуп олтурган адам кээде ишенбөөсү да мүмкүн.

 

Түрмөдөгү тааныбаган кишиге тамак алпарганы

Совет бийлигинин тушунда кайсы бир жылдары Нарын областында (мурда Тянь-Шань облусу деп аталчу) Мухаммед Исаев деген киши областтык партия комитетинин биринчи катчысы (азыркыча губернаторлук орун) болуп туруп кызматынан бошоп калат, кийинчерээк түрмөгө отургузулат.

Ошо өзү көрбөгөн, тааныбаган киши түрмөчүлөр менен бирге Кара-Балтага жакын жерде картөшкө терип жүрүптүр деп угуп, ошого тамак алып барам деп боорсок жасатып, козусун союп, этин бышыртып, эки чоң чанач кымызды бээсине артынып алып жөнөйт.

Аларды издеп таап, жакындап бастырып барса түрмөчүлөрдү көзөмөлдөп турган аскер формасын кийген адам аны абактагыларга (түрмөчүлөргө) жакындатпай коёт.

Атам орус тилин билбегендиктен: «Андай кымыс, кушать», – деп камчысы менен чаначтарын чапкылап тура берет.

Кароол ары жактан бирөөнү чакырды эле ал киши атама келип:

– Кимге келдиңиз эле? – деп сурайт.

– Исаев дегенге.

– Ал киши сиздин эмнеңиз болот?

– Эчтекем эмес. Мен аны тааныбайм…

Кароолдогу адам ойлонуп туруп, ары жактан дагы бирөөнү чакыртат. Ал киши орто бойлуу, ак жуумалынан келген, көзү бакырайган адам экен. Ал:

– Аксакал, кимге келдиңиз эле? – деп сурайт.

– Исаев дегенге.

– Ал киши жек-жаатыңыз болобу?

– Жок. Мен аны тааныбайм.

– Исаев деген мен болом. Кандай жумушуңуз бар эле менде?

– Кандай жумушум болсун, балам. Жөн эле силерге үйдүн даамын ооз тийгизейин деп келдим эле.

– Мурда, мен Нарында иштеп жүргөн кезимде кандайдыр бир иш менен мага кайрылган учуруңуз болду беле?

– Жок, уулум. Нарын тарапта болгон эмесмин, – деди атам.

Атамдын келген чоо-жайын Исаев кароолго түшүндүргөн соң ал ары жактан дагы бирөөнү чакыртты. Анын погонунда жылдыздары бар экен. Чамасы чоңураагы окшойт. Ал беркилердин айтканын угуп, кол саатын карап алып уруксат кылгандай болду.

Атам алып келгендерин түрмөчүлөргө берип, чаначтары бошогончо атынын жанында турду. Тамактанып бүтүшкөндөн кийин Исаев атамдын жанына басып келип: «Убактылуу бактысыздыкка кабылгандар сизди алкап жатышат» – деди. Анан сөзүн уланта: «Кудай Таалам адамдардын бардыгына сиздикиндей пейил, боорукерликти ыйгарса. Бала-чакаңыздын убайын көрүңүз» – деп атамдын колун кысканда, анын бакырайган көздөрүнө жаш толуп кетти…

Жакшылыкты бейтааныш бирөөгө эмес өз кишисине да жасабагандар толуп жүрөт. Жогоруда айтылгандай мээримдүүлүктү адамгерчилиги өтө бийик адам гана жасай алат. Акын Турардын атасы ошондой адам эле.

 

Дыйкан төрөлдү кырманда

Кырманга кызыл тоодой болуп үйүлүп, кырманчылар бака-шака.

Аңгыча: «Сүйүнчү! Сүйүнчү!» – деген үн чыкты.

– Болсун, болсун – дешип кырманчылар кулак түрүп калышты. Кырман башчысы (зав.ток), кош бойлуу Канипа Исаке кызы иште жүрүп, көз жарып эркек бала төрөптүр.

Ошо маалда кырманга атам келет. Ал кезде ал колхоздо бригадир болуп иштечү. Канипанын атасы Ысаке да жээнин алып кетүү үчүн араба менен келип калат.

Атам аны токтотуп алып (экөө курбу эле) мындай дейт: кырманда баланын төрөлгөнү жакшы жышаан. Ошондуктан адегенде кырмандагыларга жентек беришибиз керек, – дегенде кырмандагылар жандана түшүштү.

Ысаке ата кекечтенип сүйлөгөн киши эле, ал оозун таптап бирдеме айтайын дегенче атам сөзүн уланта: Оозуңду таптабай коё тур. Сен айта турганды мен айтайын – деп жылмайды.

– Жаңы көз жарган ымыркайдын атасы Алтымыш Эдиге уулу Москөөдө чоң окууда окуп жүрөт. Сенин деле чама-чактың белгилүү. Ошондуктан мындай кылалы. Бул жердеги ашпозчу аялдар боорсок жасай беришсин. Сен барып байбичеңди алып кел. Канипага каралашсын. Мен айыл жакка барып, бир жандык таап келейин…

Ошентип кырманда шаңдуу той өткөрүлүп, ымыркайдын атын атам Дыйкан деп койду.

Кырманчылар Канипага, анын жаңы көз ачкан Дыйканына жакшы каалоо-тилектерин аяган жок.

 

Айылдык жигитке өтүк сатып бергени

Кадыржан деген айылдык жигиттин өтүгүнүн таманы түшүп калат. Дүкөнчүдөн карызга өтүк алалбай айласы кетип турганда атам кирип келет. Кадыржандын бозала болуп турганын көрүп бала-бакырасына кийим-кечек алайын деген акчасына ага өтүк сатып берет.

«Мен атам өлүп калган деп жүрсөм өлгөн эмес турбайбы. «Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн» деген сөз ушундайдан улам калган турбайбы» – деп атамды кучактап көзүн жашылдантат.

 

Үйүбүзгө ууру киргенде

Биздин үйгө ууру кирип, таптаза кылып тазалап кетет. Изилдесек өзүбүздүн эле жакын коңшубуз болуп чыгат. Анын үйүнөн биздин буюм-тайымдарыбыз табылып, бети ачылганына карабай, аны жоопко тартууга таптакыр каршы болгону эсимден кетпейт.

 

Соттолуп жаткан адам жөнүндө

Атам сөзмөр киши эле. Тамашалуу сөздөрдү көп айтчу. Ошолордун бирөө эсимде калыптыр.

Сот процесси жүрүп жаткан болот. Каралоочу сүйлөгөн сайын айыпталуучунун чый-пыйы чыгып улам тура калып актана баштайт. Судья: «Молчать» – деп олтургузуп коёт. Каралоочунун каралаганына чыдай албай улам эле тура калып актанып кирсе, судья: «Молчать» – дей берет. Акыры терисинен чыгып кете жаздап: «Мен молчать кылсам, тиги мени былчыйтканы жатпайбы» – дептир соттолуп жаткан киши.

 

Ээн оозду сабырдуулугу менен жеңгени

Жашоодо кээде ачууланып, ал тургай жакалаша кете турган учурлар кездешет эмеспи. Андай жагдайларды атам сабырдуулугу, анан сөзмөрлүгү менен жеңе турган.

Оозуна алы жетпеген Насыраалы деген чолок актив алагүү болуп алып бир топ кишинин көзүнчө атама ачуу сөздөрдү тийгизип, ыпылас сөздөрдү айткандан да тартынбаптыр. Атам аны менен кысыраңдап уруша кетпестен жай гана: – Ой, Насыраалы, сенин атыңды атап, жөнүңдү жөндөбөсөм, оозуңдан ушундай сөз чыкканчалык жаныңа эмне күч келди. Затыңа атың төп келгендей кылып «Насрал» деп ат койгон атаңа рахмат дегенде баятан бери унчукпай олтургандар дуу күлүп жиберишет. Күпүлдөгөн неменин оозуна таш койгондой боло түшөт.

Ошондон кийин ал орус улутундагы адамдарга өзүнүн атын таасын айткандан тартынып калган.

 

Кичинекей Турар

Апам каза болгондо Турар аябай эле кичинекей болгондуктан андан айрылганын туйган жок. Ар күнү кеч кирээринде: «Апам тиякта караңгыда жалгыз коркот. Жүргүлө, барып алып келели» – деп сөөгүбүздү зыркыратат.

Жамгыр жааган күндөрү: «Эмне үчүн апамды мүрзөгө жалгыз калтырдыңар. Жаанда ал суу болуп калат» – деп кайгыдан арыла албай жүргөнүбүздө каңырыгыбызды түтөтөт.

Ал менин этегиме эрмешип, жакама жармашып жанымдан чыкпайт.

Атам бир күнү бир жакка атчан кетип бараткан. Турар аны көрүп, аталап аркасынан ээрчип жөнөдү. Атама жолтоо болбосун, алып калайын деп мен аркасынан чуркап баратам.

Аңгыча атам анын аталаган үнүн угуп арт жагын карай коюп, менин Турардын аркасынан чуркап баратканымды көрүп (жетсе урат дедиби) атынын оозун буруп, камчы үстүнө камчы уруп уулун көздөй жөнөдү. Мен да тезирээк жетип, алып калайын деп алымдын жетишинче чуркап баратам. Жетээриме аз эле калганда атам аны илип кетти (атам мыкты улакчы болчу) да бараар жагын карай чапкан бойдон жөнөдү.

 

Көлөчүмдү баткак бербей жатат

Бир жакка барайын десем Турар болбой мени ээрчип алды. Айыл арасы белчеден баткак. Турар басып келатып улам эле токтоп, баспай калат. «Ой, Туке, баспайсыңбы! – десем: «Эжеке, көлөчүмдү баткак бербей жатат», – деп күлдүрөт. Сүйрөлүшүп жатып бара турган жерибизге араңдан зорго жеттик.

 

Бул оокатыңарды урсаңар да ичпейм

Биз барган үйдүн ээси (кожойкеси) итине жарма жасап жатыптыр. Сузгусу менен аралаштырып, аны чөптүн үстүнө коёт. Анан кайра казанды аралаштырат. Улам эле ошентет. Бир маалда ит келе калды эле: «Чык!» – деп аны сузгусу менен бир салды, анан аны менен кайра жармасын аралаштыра баштаганда Турар мага шыбырап: – Эжеке, мынабу оокаттан мен ичпейм, сен деле ичпей эле кой» – дейт.

Аны угуп калган тиги аял ого бетер тамашалай: «Эмне үчүн ичпейсиңер. Мен муну атайы силер үчүн жасап жатсам, – десе, оозун бекем басып алыптыр. «Жок. Урсаңар да ичпейм мунуңарды», – деп күлдүргөн балалык баёолугу менен.

 

Көчө меники, өтпөгүлө

«Ысык» үйлөр салынаардан мурда эл ар кайсы кокту-колоттордо көчүп-конуп күн көрүп жүрүшкөн. Ошол жерлерди паалагандардын атынан улам «Бекмураттын коктусу», «Мырзатайдын жайыты» деп атап коюшкан (эл арасында кээде азыр деле ошентип айтышат).

Ал жерлер мал жайганга, кышкы сууктан аларды сактап калганга ыңтайлуу болгон. Тоо булактарына да жакын болчу.

Айрымдар айдоо аянттарына жакын жерге пааналап, кышкысын да ошо жерде калышчу. Ал жер «кыштоо» деп аталчу. («Кыштак» деген сөз ошондон калган болуу керек.) Кыштоодогулар да боз үйлөрдө жашап, суук тарта баштаганда керегелердин түбүн кургак чөп менен жылуулап алышчу. Алардын «центральное отоплениеси» ошо болчу.

Биздин айылга жакын жерде Элебай аттуу адам жашаар эле. Анын боз үйүнүн жанында ийрейген «станок» турчу. Ал тоодогу жаш дарактардан кыйып келип «станогуна» салып ийип кереге, ууктарды жасачу. Айланадагы жападан жалгыз «үй куруу комбинаты» Элебайдын ошол өчөйгөн, ийри-буйру станогу болчу. Айылдыктар боз үйдүн кереге, ууктарын ошонун «кичи ишканасына» жасатып алышып, калган жабдууларын (кийиз жана башкаларын) өзүлөрү жасап «самоотделка» менен бүтүрүп алышчу.

Отурукташуу башталганда көчөлөр, кирпичтен тургузулган үйлөр салына баштады. Үй салуу ал кезде абдан татаал эле. Даяр кирпич жок болгондуктан кирпич ылайдан жасалчу.

Ылай жасоо аябагандай оор иш эле. Аң казылып анын топурагына саман, топон салынып, суу куюлуп жылаңайлактанып алып тебелешет же ат менен бастырат. Үйдөгү балдардын улуусу мен болгонумдан атка минип алып керели-кечке ылай тебелетчүмүн. Чарчаганымда түшүп алып ары-бери жетелээр элем. Ошентип жүрүп салдырткан үйүбүз ошо кездеги тамдардын көрктүүсү да, батымдуусу да болду. Ал азыр деле көркүнөн анчалык кете элек. Турар ошол үйдө төрөлгөн. Ал үч-төрт жашка чыгып калган кезинде үйдүн жанынан өткөн жолду эмнегедир «менин жолум» деп келчү. «Бул жол менен өтпөгүлө. Тээтиги жактагы жолдон өткүлө» дээр эле. Айылдыктар апамдын арбагын сыйлай Турардын айтканына көнүшчү, көнбөгөндөрдү «таш жаадырып сыйлаган».

Көңүлүнө жаккандарды Турар өзүнүн «таможнясынан» жөн эле өткөрүп жиберчү.

Турардын «таш жамгырына» нечен жолу кабылган Ашымалы Сыдыков (азыркы кезде Кара-Балта шаарында жашайт) акындын ошо кезин сүймөнчүлүк менен мындай деп эскерет:

Эстеймин туулган жериң
                                Сары-Булакты
Аралап бетегени,
                                ат кулакты.
Жайлоодо тандап жаңы
                                күлүк минип,
Тартчу элең такыр бербей
                                сен улакты.

Көчөдөн кээде өткөрбөй
                                уруп, согуп,
«Койгун» деп айткан сайын
                                сен көшөрүп.
Айтканыңды аткартчу элең
                                билгениңдей,
Айласыз жүрөөр элек
                                биз көтөрүп.

Кээде мен жоруктарың
                                эстей калам,
Ошондо нак Турардын
                                өзүн табам.
Дайым токтоо, бирок
                                жини келсе,
Көк эле, кежир эле
                                тил албаган.

 

 

 

Тагдырдын жазуусуна таң калса болот, бир кезде Турар: «Бул менин көчөм», – деп келчү Сары-Булак айылынын борбордук көчөсү азыр «Турар Кожомбердиев көчөсү» деп аталат.

* * *

Апабыздын көзү өткөндөн кийин атам: «Турарым жалгыз. Ага жолдош болуп, атын токуп бере турган уул төрөп бере турган аял алам», – деп жүрдү.

 

Катын тапкычтар кулак тундурат

Апабыздан айрылганыбызга кабыргабыз кайышып, оокат кыла албай жүргөнүбүздө катын тапкычтар канды кайнатты. Айылдарда ошондой эмеспи – аялы өлгөн кишиге катын таап бергичтер иттин капталынан болуп кетишет. Алардын «кызматы» апасынан жаңы эле айрылган бала-бакырасы үчүн оор болгону менен жумуштары жок.

Айласыздан аны да башыбыздан өткөрдүк. Баскан-тургандын баары эле эшиктен кирип саламдашаары менен эле: «Ой, баягы баланчанын балдызынын башы бош. Мыкты киши, – десе башкасы: – Сага түкүнчөнүн карындашынан ылайыктуусу жок», – дейт. «Тиги айылдагы бастанын карындашын билесиң го. Колунан көөрү төгүлгөн неме» – деп бирөө чыкса: – Жок, тиги… эмечи, төрөбөгөн аял, балдарыңа тээк болгонго ошол ылайыктуу». Ушундай сунуштар менен күнүгө кээде төрт-беш киши келет. Ар кимиси өзү сунуш кылган ургаачыны көкөлөтө мактайт. Алардын айтымында деги эле жаман аял жок экен. Кулак тунат.

 

Атама аял тандаганым

Баарынан кыйыны мен үчүн бул болду – эмне үчүндүр атам аял алуу маселесин мени менен кеңешип чечкиси келди. Ар кимдин айткандарын барып көрүп кел деп суранат да, атты токуп даярдап берет. Анын көңүлүн кыя албай бараарын барып, кайра келатканда жолду карай көз жашымды көлдөтүп келем. Ошентип бир нече адреске жумшады. Бир күнү Жаркынай жеңем (каскадер Үсөн Кудайбергеновдун апасы) экөөбүз азыркы энебиздин үйүнө бардык. Ал экөөбүзгө тең жагып калды – өңү-түсү, көрүнүшү апама окшошуп кетет экен. Баскан-турганы да оор басырыктуу.

Мындайынча алганда бала-бакыралуу үйгө чоочун аялдын келип батып кетиши оңой болбойт. Кээде алардын ортосунда келишпестик келип чыгат.

Бизде андай болгон жок. Жаңы энебиз жоош, момун, үнү, сөзү жок киши болуп чыкты. Турардын тентекчилигин көтөрө билди. «Кичинекей эмеспи, чоңойгондо коёт», – деп ага тилин тийгизген жок. Кийин ал тогуз бала төрөдү. Турар аны өз апасындай сыйлап, төрөгөн уул-кыздарын өз бир тууганындай көрүп кетти.

Эркин менен Турар аны «апа» деп, Күлүмкан экөөбүз жеңе деп калдык.

Ал кезде атам колхоздун жылкысын бакчу. Жайкысын Суусамыр жайлоосун жайлап, кышкысын Саргоо деген кыштоодо кыштап чыгышат.

Кичинекей Турар да алар менен кошо жылкынын арасында. Ошондон уламбы, кийин чоңойгондо да: «Ат менин айыкпас оорум», – деп келчү. «Ат чапканды үйрөнгөм, жалган айтсам бешиктен», – деп жазганын окубаган адам аз чыгаар.

Жайлоонун керемети кичинекей бала эмес, чоң кишини да арбап алат эмеспи. Кичинекей кезинен жайлоодо өскөн балага ал жердеги көрүнүштөрдүн бардыгы сыйкырдуу жомоктогудай көрүнөт.

Аскалардын жаңырганы, алардын «көктү (асманды) тиреп турганы» таң калтырат. Түнкүсүн ай ошол аскалардын арасынан эле чыга калат, жылдыздар болсо укуруктун учу жете турган эле жерде тургансыйт. Эртең менен турганда асканын чокусунан чыга калган күн менен «сүзүшүп калганын» эскерет кийин. Булуттар жылганда ар түрдүү жаныбарларга окшогонуна таң калуусу кийин балдар үчүн кызыктуу ырга айланат.

Бир конуштан башка конушка көчүп баратканда дарыянын суусу аттын жалынан, төөнүн үстүнөн жаба бергенде жүрөгү оозуна капталат. Бороон-чапкын боз үйдү коңторуп салып, азыр эле үйдүн ичинде олтурган жеринен ачык асмандын астында калганы сонун көрүнөт.

Айгырлардын алышканына таң калат. Өзү жакшы көргөнүнө жан тартып, ал жеңилип баратса кейийт. (Кийин ошону дүйнөлүк адабиятта жок шедеврге айландырып жазды. «Чалкашка»)

Дарыяларда жайнаган балыктардан досу Байсал экөө майкесин чече коюп, тосуп эле толтуруп алышат. Кечке жуук агаларынын жомокторун угуп олтуруп караңгыда коңулдан чыга калчу желмогуздардан коркуп эшикке чыга албай калат.

Жайлоодо түнкүсүн суук болгондуктан жатаарда балдар «мешке» кирип кетишет. Ата-энелери жуурканды оттун үстүнө бир аз кармап туруп жылытып, кыдыракейинен жерде жаткан балдардын үстүнө жаба койгонун «мешка» (печка) деп келишет.

Ошентип Турар кичинекей кезинен тартып жайлоонун кереметине арбалып, сансыз гүлдөрдүн көркүнө суктанып, зоокалардын бийиктигине таң калып, малчылардын турмушуна кайнап өсөт. Ошондон улам кийин анын ырларында жайлоонун гүлдөрүнүн аңкыган илеби келип, алардын көз жоосун алган көрүнүшү, чөптөрүнүн желге ыргалып жайкалганына чейин көз алдыбызга тартылат.

Турар мектепке барып окуй турган убакыт жакындаганда атам дайыма минип жүрчү карагер бээсин токуп, ага эки чоң чанач кымыз артып, Турар менен андан бир аз улуураак кызы Эркинди алып айылды карай жол тартты. Тамынын жанына түшүп жатканда коңшусу Сууракан басып келип:

– Коке, кандай жакшы жатасыңарбы? Мал-жан аманбы? – деп учурашты.

– Аманчылык. Өзүңдүн бала-чакаң аманбы? – деди атам.

– Кудайга шүгүр. Балдарыңды окууга алып келдиңби? – деп барып алардын бетинен өптү.

– Ооба. Үйдөн чыга элек Турар бизди аябай сагынаар. Буларга көз кырыңды сала жүр.

– Өмүр бою өзүңөр менен ирегелеш болуп бул экөө деле биздин өзүбүздүн балдарыбыздай эле болуп калышпадыбы. Булардын апасы бейиши болгур, Гүлнардын жакшылыгын көп көрдүм эле. Ошону кантип унутайын. Эми анын балдарына көз салбасам арбагы ыраазы болбос. Кам санаба, – деп бапылдады ал.

– Ошент, бай болгур. Үйүңдөн идиш алып кел. Биртике кымыз куюп берейин, – дегенде ал барып үйүнөн идиш алып келип калды.

Атам чаначтын оозун чечип, анын идишин толтуруп берип, кайра байлап үйгө киргизип койду да, балдарына ун, талкан дайындап берүү үчүн колхоздун кеңсесин карай бастырды.

Көптөн бери айылды аралай элек болгондуктан айыл арасы сүйкүмдүү көрүнүп, көчөнүн эки тарабындагы үйлөргө көңүл бура, ар кайсы жерден көрүнгөн караандарга көз чаптырып баратты.

«Эки чанач, бир козу, эр жигиттин жолдошу» дегендей убарачылыгына карабай ала жүрсөң, канча кишинин көңүлүн аласың. Айылдыктар да кызык немелер: жылкычылардан кымыз үмтөтүшөт. Бирок өзүлөрү жылкы баккандан жаа бою качышат, – деп ойлоп баратты ичинен.

Контордо колхоз башчыларынын эч кимиси жок эле. Алар келгиче карындашымдыкына барып учурашып келейин деп, айылдын аягындагы карындашы Бүбүкөнүкүн көздөй бастырды. Аныкына түшүп, учурашып:

– Бу балдардын окуусу башталып калбадыбы. Эркин менен Турарды окууга алып келдим. Каралаша жүр. Бир аз эт ала келдим. Ун, талкандарын дайындап берип кетем. Кичинекей немелер оокаттарын бышырып иче алышаарына деле көзүм жетпейт. Айла жок. Сеникине калтырайын десем өзүңөрдүн бала-бакыраңар аз эмес. Алардан колуң бошобосо да ара-чолодо кичинекейлерге көз кырыңды сала жүр. Алардын апасы жеңең Гүлнар сени өз кызындай багып чоңойтту эле. Арбагын унутпа, – деп ала келген кымызын калтырып, чайга күтпөстөн нан ооз тийип алып, кайра конторду карай бастырды.

Контордун жанына келип түшүп, бээсин байлап жатканда:

– Ассалому алейкум, – деген үн чыкты.

– Алейкума салам, – деп жооп кайтарып коюп бээсин байлай берди. Анан башын көтөрө:

– Аа, сиз белеңиз, молдоке, – деди мектептин директорун тааный коюп.

– Балдарыңызды окууга алып келгенсиз го, Коке?

– Ооба. Алып келээрин алып келип, эми эрбейген эки баланы кантип калтырып кетээримди билбей турам. Айла жок. Малчынын жашоосу бир болбогон оокат турбайбы. Малга карап бала-чакаңды да жакшылап окута албайсың. Ушу силер бизге окшогон малчылардын балдарына жатакана уюштуруп, тыйын-тыпырына тамак берип турсаңар биздин көңүлүбүз да бир жаңсыл болбос беле. Эми калтырып кетсем кабыргасы ката элек балдардын күнү эмне болот, – деп кейиди.

– Буюрса андай турмушка жетишип калаарбыз. Балдарга болсо көз салып турабыз. Бир четинен балдар ата-энесинен алысыраак болсо тыңыраак, чыйрак болушат чала уюган айрандай болбой.

– Аныңыз да туура. Бирок балтыр эти катып, кагылып-согулганча чайырлары чыгып калат го.

– Ошентсе да энесинин этегин кармап өскөн балдарга караганда өз бет алдынча өскөн балдар бышык келишет. Айырмасы жанагы тактанын астына өскөн чөптөр менен талаада өскөн чөптөрдөй болот, сарсанаа болбоңуз Кожоке, уулуңуздун жүнү тирүү. Буюрса чоңойгондо өзүңүздү кубанта турган адам болооруна ишенем, – деди мектептин директору.

– Айтканыңыз келсин, молдоке, – деди атам бети ажарлана.

Көңүлү бир аз жайлангансыганынан улам (айылдыктар менен көптөн бери баарлашпаганынан) чечилип сөзүн улантты – силер, мугалимдер, ойлойсуңар жылкычылардыкы эле жыргал – жүргөн жери жайлоо, ичкени кымыз, жегени эт, таза аба. Биз болсок мугалимдердики жыргал деп ойлойбуз: жылуу, жарык мектепте балдарды окутуп коюп, жалийнеге (зарплатага) тунуп, шеринеде гана сайрандап жүрүшөт деп.

Малчынын жайын өзүңүз жакшы билесиз – жайкысын ысыкка күйсө, кышкысын суукка тоңот. Эмгек акы деген болбойт. Табилге эч нерсе тийбейт. Майрам, отпуска деген менен жумушубуз жок. Нөшөрлөгөн жаандарда алма-чөлмө суу болуп шөмтүрөп, кыштын ызгаарында мурутуңа муз тоңуп, таштай муздак үйүңө келип чай кайнатып иче албай кыйналасың. Кышында кардын астында түнөп чыкканыбызчы. Кыскасы, өмүр бою фронттун шартындагыдай шартта жашап иштейбиз. Адам баласы баарына көнөт экен… Туура айтып жатамбы, молдоке? – деп карады мектептин директору тарапты эмне дээр экен дегенсип.

– Жүйөлүү сөз, – деди ал алардын оор турмушун көз алдына элестетип жатып. Анан ойлоно: – Коке, мен сиз менен бир нерсе жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле – деп сырдуу карады атамды.

– «Ар ким өзүнүн оорусун айтат» дегендей мектебибизге жаңы мугалим келди. Токтоо, бала-чакалуу киши экен. Аялы да дурус неме көрүндү. Улуту казак экен. Убактылуу мектептин бир бөлмөсүнө киргизип койдум эле – дегенде атам анын сөзүн бөлө:

– Казак болсо өзүбүздүн тууганыбыз турбайбы… – деди да директордун айтып жатканынын аягын уга электе анын сөзүн бөлгөнүнө ыңтайсыздана – көпкө баарлабай кетип эле калбаса, – деди анын түйшүгүнө түшүнүп жатканын билгизе.

– Кеп ошондо – деди ал. Сөзүн уланта, мугалимдер көп эле келет. Анан жашоо-шартыбызды көрүп, атынын башын кайра тартат.

Ошентип балдарыбыз билим алуудан өксүп калып жүрүшөт. Бул киши билимдүү, тажрыйбалуу мугалим экен. Колдон чыгарбасак дегенде эки көзүм төрт болуп турат. Бирок окуу башталганда бала-чакалуу кишини каякка алып бараарымды билбей башым катып турат, – деди.

Атам ичинен: «Асмандан тилегеним жерден табылып» дегендей бир четинен сообу тийсе, экинчи жагынан үйдө аттуу-баштуу кишилер балдарга караан-жороон болуп көз салып турса, ага эмне жетсин деп ойлоно:

– Анан менин тамымды сураганы турасыз го, молдоке, – деп жылуу жылмайды.

– Ошону айтканы оозумду таптап турдум эле, Коке! – деп күлүмсүрөдү.

– Силер кыйналып турсаңар, мен бош турган тамымды аямак белем. Аркы кенен-чонон жагына киргизе бер. Балдарга кичине бөлмөсү эле жетет, дээри менен директор атам менен кош колдоп коштошуп кетип баратып: «Адамдардын баарынын түшүнүгү, мээрмандыгы ушу кишиникиндей болсо. Басып жүргөндөрдүн баары эле кишидей көрүнгөнү менен араларында адамдар аз», – деп ойлоп баратты.

Атам ага кайрылып: «Үй жакка барып кымыз ооз тийип кетиңиз» – деп айтайын дегенче директор кубанган бойдон ар кайсы жерден бир аттап бир топ узап кеткен эле.

* * *

…Эркин менен Турар ээн тамда жалгыз калышты, өз күндөрүн көрүүнүн аракетин жасап. Айыл арасы түнкүсүн көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Туз, ширеңке да оңойлук менен табылбайт. Чай кайнатаарында эшикке чыгып эки жакты карап – кайсы үйдөн түтүн чыкса ошол үйдөн барып «чок» алып келип от жагып кайнатышат. Сууну да алыскы алыштан чакалап ташышат. Отун термей да бар. Мунун баары эрбейген кичинекей балдар үчүн эбегейсиз оор жүк болду.

 

Сууракан апанын дүмбүлдөрү

Балдарга жан тартып, боору ооруп каралашкан эле коңшу тамда жашаган Сууракан апа болчу. Жетим-жесирликтин, жокчулуктун кордугун көп тартса да, кабагым-кашым деп койчу эмес. Пейилинин кеңдиги чексиз эле. Берешендигин айтпа. Ичинде карасы жок, анык коммунизмдин кишиси эле. Бирөөнүн жакшылыгын эч унутчу эмес. Апам тирүү кезинде ага дайыма каралашканын эсинен чыгарбай андан калган жетимдер – Эркин менен Турарга өз балдарындай кам көрүп жүрдү. Алар да аны өз энесиндей көрүшөт. Сууракан апанын болгон байлыгы эле короосундагы жүгөрүсү. Сотолор дүмбүл болуп жетилгенден тартып тезекти чоң калап, анын чогуна дүмбүлдөрдү кыпкызыл кылып бышырып, балдардын курсактарын бөксөртпөйт.

Талаадан машак терип келип, буудай кууруп берип тойгузат. Очокту тегеректеп олтурган балдардын беттери албырып, ыргып чыккан чоктор аларга жармашып ызы-чуу кылганы Сууракан апага керемет музыкадай угулуп, ого бетер жайдарыланат. Дүмбүлдөн карала-торала болгон беттерин (бирин бири) көрүп күлкүлөрү ого бетер аба жарат.

Турар бети-башын да жакшылап жуубайт, бир оңбогур аны коркутуп: «Көп жуунсаң момундай болуп каласың» – деп кишинин баш сөөгүнүн (черептин) сүрөтүн көрсөтүп коюптур. Ошондон улам ал суудан желмогуздай коркуп калган.

Сууракан апанын запасы азая баштаганда, курсагын тойгузуш үчүн Эркин менен Турар жакын жерде жашаган таэнесиникине жөнөшөт. Таэнеси балдарды кучак жайып тосуп, тойгузуп, сууга түшүрүп, тырмактарын алып, кийим-кечектеринин кеткен жерлерин жамап-жазгап, батинкесине өйкөлгөн бутун бака жалбырак менен таңып, нан-панын, май-сайын колдоруна карматып жөнөтөт. Анда алар бир топ байып калгансышат.

Түн киргенде кичинекей балдар бөлмөнүн бир бурчуна ыкталышып жата кетишет. Бирок корккондорунан далайга чейин уктай алышпайт. Кичинекей Турар эжеси Эркинден апасы жөнүндө сурай берет:

– Апам жөнүндө айтып берсең, эжеке. Апам кандай эле?

– Апам чап жаак, мурду кырдач, кызыл жүздүү, токтоо, боорукер, акылдуу болчу. Күлдүрүп сүйлөчү.

– Мурду кырдач деген кандай болот?

– Мындай жалпак эмес. Мурдунун үстү сызгыч менен сызып койгондой.

– Чап жаак дегенчи?

– Мындай, бети тегерек, анан болтогой эмес, сүйрүрөөк.

– Токтоо дегенчи?

– Токтоо дегенби?

– И-и-и.

– Мындай, урушчаак эмес деген да. Биз канчалык ачуусун келтирип тентектик кылсак да бизге үнүн катуу чыгарып урушчу эмес.

– Эжеке, апам жаш беле?

– Ооба.

– Сулуу беле?

– Ооба, сулуу болчу.

– Чыракты өчүрбөчү, эжеке. Коркуп жатам, – деп калчылдайт.

– Өчүрбөйм. Коркпо. Жаныңда мен жатпайынбы. Аңгыча шамал зуулдап, жаан терезеге чаба жаап, айнекти ургулаганда алардын жүрөктөрү ого бетер дүкүлдөп катуураак сого баштайт.

– Апам бар болсо экөөбүздү караңгы тамга жалгыз калтырбайт эле ээ, эжеке?

– И-и-и.

– Эжеке, жаанда, караңгыда апам тиякта кантип коркпой жалгыз жатат?

– Укта, уктай гой.

– Ыйлагым келип жатат, эжеке, – деп Турар эчкирип ыйлап жиберди. Эркин кошо шолоктойт. Экөө кучакташып алып далайга чейин ыйлап жатып уктап калышат. Эртеси эртең менен аларды ойготуп, тамак берип мектепке жөнөткөн киши жок болчу.

Тамыбызда батирде турган мугалим Агзам кээде алардын тетраддарын карап чыгып айтып, көрсөтүп түшүндүрүп берет.

Оюнкараак Турар «экилерин» Агзам агайынан жашырып, тапшырма берген жок деп калпты шыпыртып, балдар менен ойноп жүрүп караңгы киргенде келет. Дайыма апасын эстеп, аны ар кимге окшоштуруп азыр эле кирип келчүдөй сезет. Энесине болгон кусалыгынан кийин, анын төмөнкү саптары жаралат:

Мээримине суусаганда апанын,
Жытын искеп жамынамын чапанын…

Күндөр өтүп жатты…

 

Аракты алгачкы жолу татканы

Мурда таэнесиникине Турар дайыма эжекеси Эркин менен бирге барчу. Бул жолу кандайдыр бир себеп менен Эркин баралбай калып, өзү жалгыз кетти. Таэнеси аны жайдары тосуп алды да, Эркин эмнеге келбей калганын сурады. Анан Турарга оокат берип жатып:

– Сени келдиби деп коңшунун уулу Ракым эртеден бери эки жолу келип кетти, – деди.

Ракым Турар менен жашташ. Экөө ынтымактуу. Көйнөгүнүн топчуларын да ошол Ракымга уттуруп жиберген.

Бул жолу экөө жолугушуп, бир нерсе сатып алуу үчүн ээрчишип дүкөндү карай жөнөштү.

Кайсы бир майрам болуп жаткан эле. Дүкөндүн айланасында эл көп. Ичип алышкан эргулдар күүлдөшүп, ар кайсы жерден ыр, күлкү угулат.

Адегенде кимиси айтканы белгисиз, бирок «Жаман адат жугуштуу» дегендей балдар ачуунун даамын татып көргүлөрү келди. Дүкөнгө эмне алганы келгенин да унутуп калышты. Чөнтөк-баштарын аңтарып жатып, бир аз акча чогултушту. Бирок дүкөнчү урушат го деп чочулап, ыңтайсыздана тапкандарын сатуучуга сунуп, арак берүүсүн суранышты. Ал балдардын кичинекей экенине карабай (алар 4-класста окушчу) аларды уяткарып койгондун ордуна айткан «товарын» (аракты) колдоруна кармата салды. (Акчалары арактын баасына жеткен окшойт.) Бир чакушка аракты коюндарына ката, элеңдеп эки жагын карана үйдү карай жөнөштү.

– Эми муну кантип ичебиз? – деп сурады Ракым.

– Чоң кишилерче, – деп койду Турар.

– Ал кандай?

– Арак ичкен кишилер туздан жалап коюшат. Сен үйүңө барып кичине чыны, биртике туз алып кел. Эч кимге көргөзбө.

– Жарайт, – деп үйүнө чуркап барып, Турардын «тапшырмасын» дароо аткарып кайра келди да:

– Каерге барып ичебиз? – деп сурады.

– Сарайга. Азыр анын ичи бош. Анын үстүнө бизди ал жерден эч ким көрбөйт, – деп сунуштады Турар.

Сарайдын ичине жайланышып, жаңыдан эле бөтөлкөнү ачып жатышканда, жанынан өзүлөрү курактуу эки кыз өтүп баратканын көрүп, балдардын бирөө:

– Келгиле, арак ичесиңерби, кыздар? – деп сурады.

– Ооба сага, чоң апама айтам, – деди алардын бирөө.

– Айтсаң көрөсүң, – деп Турар ага муштумун көрсөтүп койду.

Кыздар эбелектей болуп, безип жөнөштү.

Балдар арактан куюп ичип, туздан чымчып ооздоруна салып коюп олтурушту. Бир аздан соң алар темтеңдеп ордуларынан тура албай, жыгылып жатып калышты.

Ал кезде таэне балдарды издебеген жери калбай чарчап, чочулай да баштады.

Алиги кыздардын бирөө айгак болуп:

– Чоң апа! Аларың сарайга жашынып алып, арак ичип жатышат, – деди.

– Эмне дейт?! Тантырабачы, – деп чочуп кетти ал. Анан сөзүн уланта, ошо кичинекей балдар кантип арак ичсин, – деп кыздын сөзүнө ишенбей сарайды көздөй басты.

– Чын эле, чоң апа, – деп кыз өз сөзүн бекемдей, кемпирге жанаша басып, сөзүн уланта: – Жана Жамал экөөбүз силердин сарайыңардын жанынан өтүп баратсак: «Келгиле, кыздар, арак ичесиңерби?» – дешти. Чоң апама айтам десем, Турар мага муштумун көргөздү. Анан биз коркуп качып кеттик, – деп шакылдап баратты. Алар сарайга жакындаганда кыз артын карай качып жөнөдү.

Таэне уккан кулагына ишенбей келатты эле, эми сарайдын каалгасын ачаары менен көргөн көзүнө ишенбеди. Эки кичинекей бала эки жерде эс-учун билбей мас болуп, кусуп жатышат. Кебетелери кеткен.

Ошентсе да балдарды аман-эсен көргөнүнө жүрөгү ылдыйлай:

– Чоң кишилердей болуп арак ичкениңерден айланайын, – деп алардын оозу-баштарын аарчып жүрөт.

* * *

Кичинекей сиңдим менен Турар экөөнүн кыйналып жүргөнүн билсем да колума ала албадым. Өзүбүз жашаялмет болуп, боорубузду көтөрө элекпиз. Анын үстүнө жолдошумдун ата-энеси, анын үч бир тууганы, менин ата-энем, бала-бакыралары менен баары биздин колубузду карашат.

Ошентип, кайыштай чоюлуп кыйналып жүргөнүбүзгө карабай төртүнчү классты бүткөндөн кийин Турарды колума алып алдым. Ал шаардагы кыргыз мектебинде окуп калды.

Бир жолдошу атама жолугуп:

– Коке! Бу уулуң Турар көрүнбөй калды го.

– Бишкекте, окуп жатат.

– Деги кандай жүрөт?

– Анын жолу болсун. Тентек. Сабагынан да жакшы окубаса керек.

– О, анда ал мени тарткан турбайбы. Мени тартса бир киши болот, – деп коёт.

Көрсө, ал өзү колхоздо музоо кайтарчу экен.

* * *

Жайлоонун кеңдигинде өскөн Турар шаарда өзүн капаста камалган таранчыдай сезээр эле. Отурса-турса да ой-санаасы бүт бойдон кичинекей бир туугандарында болгону, аларды жанындай жакшы көргөнү бул саптарынан көрүнөт:

Азыр мен алыстамын, ыраактамын,
Апамдар жаккан чыгаар чырактарын.
Кучактап баарыңарды өпкүм келет
Кулундарым,
                 бөжөктөрүм,
                                  ынактарым.

(«Алыстамын»)

Жайкы каникулду чыдамсыздык менен күтөт. Ал башталаары менен базарлыгын түйүнчөгүнө түйүп алып, Суусамырды карай зымырайт. Бараары менен кийинки энесинен төрөлгөн тогуз ини-карындаштарын басып жыгылат. Жогоруда айтканымдай алар менен жатындаштардан да жакын эле. Ошондон улам алардын энеси да балдары тентектик кылганда: «Сениби! Шашпа! Карап тур! Байкең келгенде айтып өлтүртөм!» – деп «өкүмдүн» чыгарылышын, анын аткарылышын Турар келгенге калтырат.

Балага жакын Турар аларга өмөчөгүн үзүп, жылуу-жумшак мамиле кылып, алардын ичи-койнуна кирет. Алар да байкесин ата-энесинен жакыныраак көрүшчү.

 

Тооктун жөжөлөрүндөй…

Бир окуяны Турсун апа айтып берди эле. (Ал киши атамдар менен жайлоодо дайыма бирге болушчу.)

…Бир күнү Турар бир нерсеге таарынып шаарга кетем деп, кол чемоданын алып жөнөй баштаса ини-карындаштарынын баары: «Биз да сени менен кошо кетебиз» – деп ээрчип жөнөшөт тооктун жөжөлөрүндөй болуп. Эң кичинекейинин башы чөптөн көрүнбөйт. Апасы Казыке аркаларынан чуркай: «Токтогула, токтогула!» – деп кыйкырса, кылчайып да коюшпайт. Анан ал жетип, Турарды мойнунан кучактап, өпкүлөп, жалынып-жалбарып жатып таарынычын жазып кайра үйүнө апкелет. Кичинекейлери да көз жашын сүртүп алып, кошо кайтышат. Бөбөктөрүнүн байкесин өз апасынан да жакшы көргөндөрүнө ичим ысып, көзүмө жаш алгам деди эле, бейиши болгур.

 

Күйөө бала болгусу келбей…

Жайлоого барып келгенде беттери тамылжып, кийимдерине чейин кымыз жыттанып, көңүлү көтөрүңкү келет. Бою өсүп, күчкө толо баштаганы да байкалат. Бир жылы келгенинде кабагы салыңкы көрүнгөнүнөн улам:

– Кандай, атамдар жакшы жатышабы? Бала-чакалары аманбы? Тынччылыкпы? – деп сурадым, акыркы суроомо толугураак жооп алгым келип.

– Жакшы эле. Тынччылык, – деди. Бир аз ойлонуп туруп, ушу Нураалы деген киши жаныма жаман батып жүрөт. Ээн жерде жолукса… өлтүрсөмбү деп да ойлойм, – деп ачууланды.

– Ой, айланайын, ал кайсы Нураалы, жанагы эле кой кайтарып, жайлоого атамдар менен бирге чыгып жүргөн эле Нураалыбы?

– Ооба, ошол.

– Ал эмне деп сенин жаныңа батырат?

– Дайыма эле элдин көзүнчө «күйөө бала, күйөө бала» деп уялтып, жанымды күйгүзөт. Анан андан ары: «Кызымды качан аласың?» – деп ачуума тийип, теримден чыгарат да жүрөт.

– Ошол элеби? Анда сен эмне деп жооп берип жүрөсүң? – деп күлүмсүрөдүм.

– Унчукпайм. Уялып эшикке чыга качам. Ичимден өлгөнчө жаман көрөм. Караанын алыстан көргөндө эле ичимден сөгөм.

– А сен андай кылба. Мен сага айтып берейин.

– И-и?

– Кымызга кызыган кишилер, бирдемелерди айтып тамаша кылгылары келет да. Ал сенин чычалаарыңды билип, бир чети эркелетип ошентип айтып атат. Болбосо эмне кыздарынан кутула албай жүрүптүрбү. Андан көрөкчө сен эми жайлоого барганыңда мындай кыл.

– И-и?

– Ал адетинче баягыдай эле сени тамашалап кирет. Сен анын сөздөрүнө чычалаба, «күйөө бала болосуңбу?» десе «болом» де. «Кызымды качан аласың?» – десе: «Качан болсо деле мейли» – де. «Экөөнү тең аласыңбы?» – десе: «Мейли» – де. Болду кутуласың да каласың. Андан кийин ал сага такыр унчукпай калат.

Кийинки жылы ал жайлоодон көңүлдүү келип:

– Эжеке, сенин айткандарыңды айтсам эле Нураалы мага такыр унчукпай калды.

Сен ушу жерде туруп эле анын унчукпай калаарын кантип билдиң? – деп жылмайды балалыгынан.

* * *

Жогорку класстарда окуп калган кезинде Турар айылдагы чоңураак ини-карындаштарын шаарга алып келип окутсам деп ойлоп жүрүптүр. Ал жөнүндө бир күнү:

– Эжеке, Эркебүбү, Кудайберген, Гүлжан үчөөнү шаарга алып келип, мектеп-интернатка өткөрсөм деп жүрөм. Сиз кандай дейсиз? – деп сурады.

– Айылдагы мектепте эле окуй беришпейби, – дедим.

– Эжеке, ал менин өз башымдан өтпөдүбү. Атамдар айылда турса бир жөн. Ата-энелери мал менен ары-бери көчүп жүрүшкөн малчылардын мектептеги балдары кароосуз болуп, ар кимдин колун карап, кор болуп калышат экен. Аларды бул жерге окутсам – деди оюн уланта, жатаканада жатышат, маалы менен тамак ичишет, тарбиячы-мугалимдер такай карап турушат. Өзүбүздүн көз салып турганыбызга да жакшы. Атам, апамдардын көңүлү да тынч болот, – деди.

Турардын жүйөлүү сөздөрүн угуп олтуруп, ага акыл кирип келатканына кубана:

– Мейлиң, – дедим анын оюн туура көрүп.

Көп өтпөй Турар ини-карындаштарын алып келип, мектеп-интернатка өткөрдү. Бир күнү айылдаштардын бирөө сурап калат атамдан.

– Коке, бу Эркебүбү деген кызың кайда окуйт?

– Бишкекте интернатта.

– Кудайберген уулуңчу?

– Ал дагы ошол жерде.

– Гүлжан деген кичүү кызың да ошо жактабы?

– Ооба.

– Эми анча болду, Коке, байбичеңди деле интернатка өткөрүп жиберсеңчи – дейт.

Атам оозун таптап жолдошуна жооп кайтарайын дегенче, алиги киши:

– Тамашалаганыма таарынба. Бактылуу экенсиң, Коке. Өзүң малдын артынан көчүп-конуп жүргөнүң менен балдарыңдын баарын шаарга окутуп, акылдуулук кылыптырсың. Аларга улуу кызың Уулча менен Турар экөө көз салып турушат го. Болбосо кичинекей балдар ата-энелеринен бөлөк туруп, шаарга чыдай алышмак эмес, – деди.

Алардын интернатта окугандарына акча төлөп туруу, жок-житиктерине каралашкан менин мойнума түшкөн кошумча жүк болду.

 

Университеттин босогосун аттаганы

Орто мектепти бүткөндөн кийин аны ыр дүйнөсүнө ыктап жүргөнүн эске алып, Улуттук университеттин филология факультетине кирүүгө сунуш кылдым. Анын үстүнө өзүм да ошол факультетте иштеп жүргөнүмдөн токтоло элек баланын окуусуна көз салып турганыма да ыңгайлуу эле.

Университетке өтүү үчүн балдар дилбаян жазып жатышат. Мен кыйпычыктап экзамен алып жаткан профессор Токтосун Акматовго кайрылдым: «Турарга көз-кырыңды салып көрчү, бир нерсе жазып жатабы же тим эле олтурабы».

Бир аздан кийин келип: «Эже, кабатыр болбоңуз. Иниңиз кара сөз менен эмес ыр менен жазып жатат», – деп таң калтырды.

Ого бетер чочулай баштадым. Бирок бекер эле чочулаптырмын. Турардын ыр менен жазган дилбаяны «эң мыкты» деген баага татып, өтүп кетти. Сөз дөөлөтүн багууга багыттап, ошондо мен абдан туура кылган экенмин.

 

Студенттик кездеринен…

Бала-чакабыз менен жашап турган батирибиз өзүбүзгө тар болгонуна карабай бир бөлмөбүздү Турарга бошотуп бердик.

Ал күндүз университетте окууда, түнкүсүн бөлмөсүндө ыр жазып олтуруп кээде таң атырат. Ошо кезде бир газетада мындай деп жазылганы эсимде: «Түн ичи. Караңгы. Жарыктарын өчүрүп, эл эчак жаткан кез. Бир гана терезенин жарыгы өчпөйт. Ал бөлмөдө акын Турар ыр токуп олтурат…»

Турардын бөлмөсүнө биз дагы, биздин балдарыбыз да бейчеки баш бакчу эмеспиз. Турардын жолдоштору гана келип, чыгармачылык менен алек болушчу. Акын Жоробек Султаналиев көп келчү. Рамис Рыскулов, обончулар Калыйбек Тагаев, Мукан Рыскулбеков, Үсөн Сыдыков, Асанкалый Керимбаев, Марат Акматов, Сардарбек Жумалиев, Э. Ибраимов, Шеркул Дүйшөналиев, Түгөлбай Казаков, Сүймөнкул Чокморов дагы башкалар.

Чоңоюп калган балдар тияк-биякка баргылары келет. Теңтуш кыздарынын төрөлгөн күнү болот дегендей. Анан белек-бечкек алганга студенттердин чөнтөгүндө дайыма эле тыйын кайда. Ошондуктан биздин үйдөгү буюм-тайымдардын ыктууларын ороп-чулгап алып жөнөшчү экен.

Бир жолу чоң стол жапкычка көздөрү түшөт.

– Кымбат буюм көрүнөт. Эжем урушуп жүрбөсүн, – дейт Турардын жолдошу Сыязбек.

– Урушпайт. Урушмак тургай билбей да калат, – дейт Турар.

– О, койчу. Үйүндөгү буюмдун жоголуп кеткенин кантип эле билбесин.

– Чочулаба. Билбейт. Үйдөн көрүнбөй калган буюмун дачада болсо керек деп жүрө берет, – дейт Турар. Ошентип стол жапкычты ороп алып «кайфовать» эткени кетишиптир.

Кийин Турар аларды кошул-ташыл кылып айтып күлдүрчү.

Чынында эле үйдөгү буюм-тайымдардын бирер-жарымдары жоголуп кеткенин баамдачу деле эмес экенмин.

Бир күнү Турар Сыязбек деген жолдошун айылга барып атамдан акча алып кел, – деп жумшайт.

– О, койчу Туке, жакында эле барып алып келбедим беле? – десе Турар:

– Ал түгөнүп калбадыбы.

– Эми барып эле Турар акча берсин дейт деп «балп» эттирсем, олдоксонураак болуп калат го.

– Сен антпе да.

– Анан кандай кылайын?

– Силерге жардам берейин деп келдим – деп бараарың менен эле бирдеме-сирдемелерин кармалашып кир. Анан чайга олтурганда эле мени көкөлөтө мактай башта. Ошентип аябай жибитип туруп, анан барып акча жөнүндө кеп сал, – деп үйрөтөт.

– Сен айткандай кылдым, – дейт Сыязбек кайра келгенинде. Анан жаңыдан эле сени мактай баштаганымда атам сөзүмдү бөлүп: «Ой, сен улам комдонуп коюп кайдагы жокту айтып, башты оорутпай туурасын айтчы, канча акча берип жебирсин деди, – деп сүйлөтпөй койду десе, экөө тең аябай күлүштү.

Ошентип атам «элчинин» эсин оодарып туруп, айткан акчасын берип жөнөтүптүр, – деп Турар кийин бул окуяны көбүртүп-жабыртып айтып калчу.

 

Дачада

Чыгармачыл адамдар жаратылышка жанаша жүргөндө үзүрлүү эмгектенишет окшобойбу.

Ошондон улам Жазуучулар союзунун чыгарма жаратылуучу өнөрканасы да тоонун түбүндө, буркан-шаркан түшкөн дарыянын боюна салынган чыгаар.

Буйрук болуп, биздин ошол жерге жакын суунун боюна салынган дачабызды Турар «өз үйүм, өлөң төшөгүм» дегендей ырахаттанып пайдаланчу. Анын үстүнө дачабыз да атайлап эле чыгарма жаратыш үчүн жаралгандай: суунун жээгинде мыктылап салынган эки кабат там. (Балкону менен.) Суунун үстүндө болсо кооздоп салынган чарпая. Анын айланасындагы гүлдөрдүн аңкыган жыты, түркүн куштардын сайраганы, шак ийилип турган мөмө бактар адамдын көңүлүн көкөлөтөт.

Ал жерге барган сайын бизди каалгалардагы (салаңдаган сансыз) кулпулар тосуп алышат. (Алар азыркы кездеги элдин бир бөлүгүнүн аң-сезиминин көрүнүшү десем туура болоор.) Кулпуларды ачыш үчүн Осмонаалы ачкыч салган баштыгындагыларды төгүп, додо болгондордун арасынан улам бирден алып ачканча: – Ушу каргыш тийген уурулар болбосо ушунча кулпунун эмне кереги бар эле, – деп кобурай берет. Аңгыча жаныбыздан өтүп бараткан дачанын кароолчусунан сурап калды: – Деги айылыңарда уурулук кылбаган бир киши барбы? – деп. Анда ал сырдуу гана жылмайды «жок» дегенсип.

Мунун баарын көрүп, угуп олтурган Турар ойлонуп калды.

Кийинки жолу барганыбызда: – Эжеке, мен ушу кулпулар жөнүндө ыр жаздым, окуп көрөсүзбү? – деди.

– О, койчу. Кулпулар жөнүндө эмне деген ыр болмок эле. Деги эле кулпу жөнүндө бирөө ыр жазыптыр деп эч качан уккан эмесмин – дедим.

– Ошондо да окуп көрсөңүз, – деп мага сунду. Ошол ырдын кыскартылганы бул эле:

Кулпунун орду турат ар бир тамда,
Кулпусуз эшик барбы чанда-чанда.
Жаңылбайм сыртта жүргөн ар адамдын
Шаңгырап, ачкычтары такай жанда.

Ондогон жылдар өтсө, айлар батып,
Бирөөлөр болочокто бара жатып.
Аңгектен даты чыккан кулпуну таап,
«Эмне?» – деп аң-таң калаар башы катып.

…Унутабыз кулпулардын бардык түрүн,
Ачкычтар тешпей калат чөнтөк түбүн.
Ал күндөр акырындап сөзсүз келет,
Бирок да боло койбойт эртең, бүгүн.
…Замандаш ошол күндү биз көрбөсөк,
Ишенем жолугаарын балабызга…

Окуп көрүп:

– Оо, муну келечекке поэтикалык терең ой жүгүртүү десек болчудай экен, – деп күлүп ырын кайра бердим да: «Ай, ага чейин көп бар го», – деп кошумчалап койдум.

Ишке киришээринде ага бир топ күнгө чейин илхам келбей калат. Андай күндөрдө улам эле:

– Эжеке, чай койчу, – дей берет. Кээде ичип бүтөөрүбүз менен мен огороддо иштейин деп жаңы эле жетсем: «Эжеке, чай ичпейлиби?» деген үнү угулат.

– Ой, азыр эле ичпедик беле. Огороддун чөбү өсүп кетиптир. Ошону жулайын дедим эле десем ал тамашага чаптырып: тамыры топуракка илинип турган чөптөр кайда качмак эле. Андан көрөкчө самоордун буркураган түтүнүнүн жытына рахаттаналычы дейт. «Илхам келбей жатат» – деп кошумчалайт.

Туке, дунгандардын белгилүү окумуштуусу Мухаммед Сушанлодон бир тамашаны уктум эле, ошону укчу.

– И-и, эмне деди эле?

– Дачада, асмандаган алманын кылда башында жыгылып кетпегей элем деп калтырап-титиреп алма терип жүрсөм, аялым жерде туруп чакырат. Араңдан зорго эптеп түшүп келип: «Эмне?» – десем: «Чай кой», – дейт деп тамаша кылды эле десем жылмайып койду жылуу гана.

Ошентип бир топ күн өтөт. Андан кийин күндөп-түндөп иштей баштаганда, чакырып чайга келтире албайсың. Анын калеми жаратылыштын эч ким байкабаган керемет көрүнүштөрүн көз алдыңа тартат. Жаздын алды менен дачага айдоолорду аралап баратканыбызда:

Айдоолор азыр элестетет,
Ачыткы кошкон камырды –

деген классикалык саптарды чийип койду.

Жылт этип алгачкы чыйырчык
Жыт барбы айдоонун жытындай.
Жаз азыр турумсуз, кубатсыз,
Ак чыйбыл козунун бутундай –

дегени теңдеши жок, керемет салыштыруу го!

Балкондон тоо тарапты карап туруп, карлар эрип, анын карала-торала болгон боорлору жөнүндө:

Айлана аңкап-чаңкап жазды күттү,
Алыстан кайтып келди куштун асты.
Ала-Тоо эне сымал боюнда бар,
Аз-аздан ак маңдайын сепкил басты.

Бул эзелтен берки көрүнүштү энеге салыштырып, эч качан эч ким жазган эмес чыгаар. Балкондордон айланага көз чаптырып, кыялданып олтуруп, көзгө илинбеген керемет көрүнүштөрдү илип алат.

Жазгы жел бир бетти да кур калтырбай,
Безилдеп бирден-бирден өөп чыкты.

Түнү менен жааган жамгыр айлананы тазартып кеткенин баамдап:

Билинбестен жаздын жааны келиптир,
Бир заматта учкан чаңдар эриптир.
Унчукпастан теребелди жашартып,
Унчукпастан кайра кете бериптир –

деп жазып бул көрүнүштү айрым адамдардын иш-аракетине салыштырып:

Жашообузда жазгы жаандай изи бар,
Жалпы журтта ошондой көп киши бар.
Жасаганы жалаң гана жакшылык
Жалаң гана адал менен иши бар –

деп жазды канааттана.

Жел жүрбөй калганда биз «үп» эткен жел жок деп эле коёбуз. Андай көрүнүштү Турар мындай сүрөттөдү:

Жел бүгүн кайда гана барганы жок,
Желпилдеп ойноп келди арманы жок.
Энтигип жалбыракка жатып калды,
Эмгектеп турганга да дарманы жок.

Күүгүм кирип келатканда айрым гүлдөр үлпүлдөп «бекинип» алып жатканын баамдап:

Күүгүм каптайт көшөгөсүн түшүрүп,
Гүл үргүлөйт түн кирээрин түшүнүп –

деп жазды.

Аңгыча «жайдын күнү жаш баланын мүнөзүндөй» болуп бир пастын ичинде алай-дүлөй жамгыр жаап, бороон-чапкын башталып, гүлдөрдү жулуп кетчүдөй дирилдетип, чагылгандын чарт-чурт эткенин карап туруп:

Такыр коркпойт кызыл гүл
Жамгыр чертсе топурап.
Уучтап алган тамыры,
Бир чеңгелден топурак –

деп жазып, ары жагына бир гүлдүн сабагы сынып калганына боору ооруп:

Жөө туман капчыгайды камап кетти,
Капыстан добул тоону сабап кетти.
Шыңга бой кызыл гүлгө добул тийип,
Шылк этип жерди көздөй канап кетти.

Чайыттай ачык күндү чөйрө самап,
Чагылган көктүн бетин жүрөт жамап.
Кыянат мөндүр тийип сабагына,
Кызыл гүл ошол бойдон жатат канап –

деп кейиштүү чийип койду.
Күн күркүрөп дене кошо «дүр!» этип,
Жүрүп кетти көктүн бетин жиретип.
Жамгыр чыккан тешиктерди чагылган
Жамап жүрөт жалын менен ширетип –

деген классикалык саптарды кошту.

Ошо жылы дача тарапта ала-була канаттуу куштар пайда болду. Кыймылдары тез, өзүлөрү «ачуулуу». Бири-бири менен же башка канаттуулар менен (өзүлөрү сыяктуу) урушканда аябагандай өжөрлүү келет экен. Алар пайда болгону илгерки «биздин» кара чыйырчыктар көрүнбөй калды (чамасы келгиндерге туруштук бере алышпады окшойт).

Ала канаттуу куштар соргок да болот экен – алчалар дүмбүл боло баштагандан тартып лапылдата сугунуп, мөмөлөрдүн берекесин кетирип жатканын карап туруп Турар: – Бул куштардын сайраганынан аймаганы көбүрөөк экен, – деп күлдү.

Анын бул сөздөрү бүгүнкү алдым-жуттум атка минерлерди таш менен ургандай сезилет.

Канаттуулардын да жашоосуна көңүл буруп:

Жүнү чыккан тебетейдей самтырап,
Жүгүнүшөт бутактагы уялар –

деп жазды уядагы балапандардын канаттары жетилип, уядан учуп чыгып жатканын баамдап:

Балапандар чыгып келет жайнаган,
Баарысын тең турмуш күтөт кайнаган.
Кай бирөөсү карга болуп каркылдап,
Кай биринен булбул чыгат сайраган –

деп жазып: «Адамдарданчы?» – деп бир топко чейин ойлонуп олтуруп калды. Жаныбарлардын жашоосуна жардам берген нерселердин бардыгына жан тартаар эле – мейли ал көкөлөгөн даракпы, же жепирейген караганбы, же кокотикенекпи. Бир түп карагандын арасына корголоп уя салган канаттууларды көрүп, мына бу классикалык саптарды жаратты:

Сүйгүнчүк көрүнүштү көзүм чалып,
Айласыз токтой калдым аң-таң калып.
Тизилтип тикенектин арасына,
Алышкан айрым куштар уя салып.
…Тирүүгө бешик болуп берген үчүн,
Тизелеп, тикенди да назик өбөм.

(«Тикенек-бешик»)

Акын жан-жаныбарлардын бардыгына жан тартат, боору ооруйт.

Ал иштеп олтурганда коңшулардыкында мейман күтүшүп, дасторкондун үстүндө чүйгүн тамак-аш додо болуп үйүлүп, олтургандар бака-шака. Ити болсо босогодон башын салып, тили салаңдап, шилекейи агып, оокаттан көзү өтүп, куйругун үмүт менен булгалактайт. Аңгыча кожоюн «чык» деп кыйкырып, итин бир нерсе менен коюп калганын көрүп:

Кожоюн мейман күтпөй кетсин куруп,
«Жогол!» – деп кепич менен далдап уруп.
«Каң!» – этип дөбөт тышка ыргып чыкты,
Калгандай тамагына жилик туруп –

деп жазды. Аны уланта:

Оокатка жалдыраган иттин көзүн
Кай бирде кезиктирем адамда да –

деп кошумчалап, каңырыгы түтөдү.

Турардын баамдагычтыгында чек жок эле. Мисалы, ал балдардын кийим-кечеги жуулуп, жипке жайылып турганын көрүп:

Шибегедей
Күндүн нуру тепчилип,
Шимип жатат
Жайган кирдин нымдарын –

деп жазганына таң калдым.

Жаан жаап жатканда чигинен жаткан чүкөнү байкай калып:

Чөйчөккө окшоп
Чүкө жатат чигинен,
Жамгыр ага
Куюлууда тигинен.
Чиктеги суу
Тартат жаанды жибинен

– деп жазды.

Турардын сөз тапкычтыгы мага балапан басып жаткан тоокту элестетет: жумурткадан балапан чыгаарда ал жаңылбастан туруп, анын тумшугунун тушун чеккениндей.

 

Турар ченемсиз мекенчил эле

Ошо жылы ал Ата Мекен жөнүндө бир топ ырларды жазды. Алардын кээ бирөөлөрү бул:

КЫЗЫЛ АЛМА

...Айталбайм кубанычымдын миңден бирин,
Мекенден келген нерсе таттуу, ширин.
Унутулбас ыйык жер бар «Мекен» аттуу,
Ал жерден таш келсе да ширин, таттуу.

МЕКЕНГЕ

Текей тергем, согон үзгөм аскаңдан,
Мен сендикмин, түшкөн жокмун асмандан.
Кээде ушунчалык ыйык көрүп кетем да,
Уяламын таман менен баскандан.

Бактылуулумун жүрөк сен деп сүйгөнгө,
Бактылуумун жүрөк сен деп күйгөнгө.
Чочуп кетем, ооруксунат деймин го
Бир жериңе чыпалагым тийгенде...

ТУУГАН ЖЕР

Тууган жер көп орондум тулаңыңа,
Канганмын кашка мөлтүр булагыңа.
Сүйүүмдү билдирсем деп уяламын,
Шыбырап айткандан да кулагыңа...

Сен үчүн далы тосуп залкар жүккө,
Бастырып моюн-башты сакал түккө,
Өзүңдү көрүш үчүн алыс жактан,
Өмүрдү берээр элем көрүндүккө...

Кубанам күчкө келип толгонуңа,
Кубанам эмгегиңди соргонума.
Сандаган энелердин арасынан,
Толкундайм сенин уулуң болгонума.

АК ДАСТОРКОН

Ала-Тоом,
Ыйык жерсиң табылбаган,
Ак чокуң
Күнгө тийип жалындаган.
Эзелтен
Ак дасторкон, мейманкана.
Эшиги
Эч убакта жабылбаган.
Айкөл го,
Терезеси, эшиги жок.
Кулпу эмес,
Кулпу орноптур тешиги жок.
Кыргызым,
Кандай алда болоор эле,
Болбогондо
Мындай бейпил бешиги жок.

Ала-Тоом
Тебеленген,
Багынбаган!
Ала-Тоом
Жараланган,
Жалынбаган.
Эшиги –
Дарбазаны билген эмес,
Эч качан
Ага кулпу салынбаган!

АПТЫГУУ

Толгоосу чыгарманын
барат артып,
Түнөрүп,
Уйку көрбөй
түйшүк тартып.
Сүрдөйсүң
Ата Журтту ырдаарыңда
Сүрөттөй албачудай
сенден артык.

Ала-Тоо
Кубанчың да, жыргалың да,
Элеси жүрөгүңдүн кылдарында.
Алгач ирет көргөндөй океанды
Аптыгам
Ата Журтту ырдаарымда.

Алыскы,
Океанда жүрсөм дагы,
Ай чыгат
Ала-Тоонун чокусунан.

МЕКЕН ЖҮГҮ

Ойнопмун бала чакта ойлобой түк,
Түшүнгөн учуруңда болосуң шүк.
Көбүрөөк билген сайын, көргөн сайын,
Көбөйүп бара жатат жондогу жүк.
...Кайсы бир кур каткырган карды токтор,
Кайкалап желип жүргөн качкын, шоктор.
Чыныгы бечаралар, бактысыздар
Жонунда тууган элдин жүгү жоктор.

Эгерде Ата Журтум туура тапсаң
Каржалбас эмгегимден сага жаксам.
Ишенсең, уят кылбайт деп ойлосоң,
Ийиниме улам албан милдет таксаң.

Бул жерде мен Турардын (өз учурунда) шаардын сыртындагы өнөрканасында жазган кээ бир ырларына бир аз серп салып өттүм.

Ошо жылы Турар жайды-жайлата бир таксистти жалдап койду. Ал күн алыс кымыз, анан бээнин сүтүн алып келет. Чаначтагы кымыз азайып баратканда бээнин сүтүнөн кошуп, аябай чайкап, күндүз көлөкө жерге коюп, түнкүсүн үстүнө бирдеме жаап жылуулап аябай бапестейт.

Ошентип жайды-жайлата келген-кеткендерге, коңшу-колоңдорго чейин кымыз ичирди.

Жайдары күндөр өтүп жатканда, күндөрдүн биринде дачага шаардан Турардын аялы келди. Ал даамдуу оокаттарды жасаганга уста болгондуктан чүйгүн тамактарды жасай баштады. Кээде «казан-аяк да кагышат» дегендей бирдемеден улам экөө чыртылдаша кетти. Андай учурларды дароо басчу Турар унчукпастан аялына куш тилиндей кагаз сунду. Аялы аны карап чыкты да, анан мага берди жылмая. Анда мындай деп жазылыптыр:

Алыс жүрсө издешмей,
Бири-бирин «сиз» дешмей.
Жакын жүрсө тебишмей,
Жаман сөздөн себишмей.

Баарыбыз күлдүк. Бир жолу байкабастан Турарды таарынтып алдым. Ал мындай болду: мөмөлөр казанбак болуп бышып, жайнап жерге түшүп жаткан кези эле.

«Эжеке, өрүк жебейлиби?» – деп калды Турар өзү бышып түшүп жаткан өрүктүн түбүндө иштеп олтуруп.

– Алдагы жерге түшкөндөрүнөн алып жей бербейсиңби? – деп койдум эч кандай жаман оюм жок эле.

Турар ошого тырчып калыптыр: – Мени жетим баладай кылып «жерге түшкөндөрүн же» деп айтты, – деп. Жездеси экөөлөп жатып араңдан зорго анын таарынычын жаздык. Кааласаң бактын башына чыгып, кылда учундагылардан алып же. Жерге абдан бышкандары түшөт. Өзүбүз деле ошолорду терип жейбиз. Бакка чыга албайбыз. Күбүсөң баары бир эле жерге түшөт – деп түшүндүргөнүбүздөн кийин барып, анан таарынычы жазылды.

Сөздүн да маданияты болот дечи.

Бир тууган кишиге да бир нерсе айтаарда абайлап сүйлөш керек экен. Ошол жылы Турар да үзүрлүү эмгектенип, эмгегинин түшүмүнө өзү ыраазы болсо, неберелерибиз да каалашынча ойноп, черлерин жазып, бака-шака түшүп, көңүлдөрү көтөрүлүп…

Ал бир керемет кез эле.

Жазган ырлары басмалардан басылып чыга баштаганда ата-энесине, бир туугандарына өзү каралашып, биздин жүгүбүз да жеңилдей баштады.

Бул жерде Турардын чыгармалары жөнүндө азыноолак сөз болгон соң буга байланыштуу бир окуяны айта кетсем.

 

Турардын ырларын сынаганым

Бир жолу жазган ырларынын бир тобун мага берди да:

– Эжеке, мына буларды карап чыгып, начарыраак дегендериңди белгилеп койчу, – деди.

Аларды кылдаттык менен карап чыктым да, мага жакпагандарын белгилеп туруп, кайра бердим. Турар аларды окуп алып, аябай күлдү.

– Ой, эмне күлөсүң? Бир нерсеси туура эмес болуп калыптырбы? – десем ал:

– Ушул ырларымды сизден мурда Аалы Токомбаевге бергем. Ал киши карап чыгып, дал эле ушу сиз белгилегендерди китепке кошпой эле кой деп кеңеш берген. Анан сиздин дасыккан редактордой деңгээлиңиз бар экенине кубанып күлүп жатам, – деди. Ушу сизди эле редактор кылып алсам боло турган экен, – деп дагы күлдү.

– Күлбөй коё тур. Мен сенин бир ырың жөнүндө айтайын дедим эле, – дедим.

– Кайсы ыр, эжеке, – деди таң калгансый.

– Мына бул:

Ыймандуусуң, ылаңдуусуң талдоого,
Ырларымды бүгүн турам сапырып.
...Кара көсөө аралашкан ырларды,
Карга-кузгун талап-булап жеп кетсин.
Чымчыктарга чар болуучу топондор
Чыгып кетсин чарына…

(«Ыр элеги»)

Өзүң ушинтип жазасың да, анан кээде китебиңе начар ырларды эмне үчүн кошуп жибересиң – деп тиктедим аны.

– Эми мына бу ырды окуп көрчү, – деп башка бир ырды сунду. Ал ырын «Эне чымчык» деп атаптыр. Окусам:

Белгилүү го бечаранын шашканы,
Тойгуза албайт алты бирдей ачканы.
Алар эмне «чыйп-чыйп» этип таңдан-кеч,
Билгиси жок «алып келден» башканы.

Окуп бүтүп Турарды карасам, ал жылмая жашоо деген бала жууркандай эмеспи, эжеке, башыңа тартсаң, бутуң ачылат. Өз үй-бүлөмдү мындай коёюн тиги жакта ата-энем, алардан башка тогуз бир тууганым оозун ачып, «алып келден» башканы билбей олтурушса, кебек кошпоско арга барбы десе экөөбүз тең күлдүк.

Мындайынча анын ырларын окуган адам рахаттанбай коё албайт. Турардын алоолонгон саптарынан бир аз келтире кетели:

Жаркырап айлыбыздын теректери,
Жарыктын жерге сайган желектери.

Күн тегиз кедейге, байына
Күлмүңдөйт ободо дайыма.

Теректер сымбатына менсинишип,
Талдарды такыр койбойт теңсинишип.

Табийгат айтып бүткүс пейили кенен.

Карга да бар канаттуунун санында,
Жорток жем жейт жорголордун жанында.

Сөздөн артык эч нерсе сыйлай албайт,
Сөздөн катуу эч нерсе кыйнай албайт.

Төмөнү бар, өйдөсү бар жашоодо,
Төбөбүзгө түшпөсө экен чагылган.

Ааламдагы коркунучтун чордону –
Адамдардын ичиндеги айбандык.

Таш аркалуу өтөт жолу булактын.

Кыскан менен бороон-чапкын сурданып,
Кыл чокулар дайым турат нурданып.

Ырсыз өтөт жыйын,
Ырсыз жашоо кыйын.

Бирөө жүрөт уктабай чыр чыгарып,
Бирөө жүрөт уктабай ыр чыгарып.

Кылымдар билишет баяндан,
Кыргыздын тоосу бар таянган.

Жыргай түшөм өз үйүмдө жүргөндө,
Так төбөмдөн кыргыз күнү тийгенде.

Алыскы океанда жүрсөм дагы,
Ай чыгат Ала-Тоонун чокусунан.

Табабыз, жоготобуз, адашабыз,
Талпынып мансап, бийлик талашабыз.

Өмүрдүн баяны: баш жагы бешикте,
                                          Табытта аягы.

Отко ысыктын жок кереги.

Меш соруп абаны – айлантат түтүнгө.

Учсун канатын күүлөгөн балапан,
Сурабасын нан бойтойгон, наристе алакан.

Кадам эмес, канат жеткис кең дүйнө,
Кантсе дагы бир нерсеси кем дүйнө.

Дүкөндөгү тараза – дүкөнчүгө жараша.

Пенделер иштешкен, «сен» дешкен, «сиз» дешкен,
Талыкпай бир дагы, таалайын издешкен.

Күн токтоп булуттарга эринчээктей,
Күлмүңдөйт андан чыкса келинчектей.

Канчалык улуу болбо,
Атактын кулу болбо.

Алдуулар алсыздарды кыйнап турат,
Акындын ар бир нерви ыйлап турат.

Көздөбөйм «бийик мансап» улуулукту,
Көбүнчө сактап калсак тунуктукту.

Тебелешти, тапташты,
Өлөөр замат көкөлөтө макташты.

Жалган жолдо түптүз барганча,
Жакшы тура тетир адашкан.

Эшектин максаты жок жемден башка.

Тоодой ишти аткаруу – алптардын милдети,
Томуктай ишке мактануу – алсыздыктын илдети.

Талпынып жетпесек да бүтүндөйгө,
Тагдырым биз ыраазы күкүмдөйгө.

Үн салсам улуу тоонун чокусунан,
Үшкүрдү аскалары кокусунан.

Ар кимдин түркүн тилеги,
Ачтарды токтор билеби.

Эрбеңдеп тынбас таранчы,
Эстетет жайдын үзүмүн.

Бир баскыч көтөрүлсө бала жашы,
Бир баскыч ата жашы кемип барат.

Бийик да, көрктүү дечи мырза терек,
Бирок да табиятка тал да керек.

Терек бийик адегенде көргөндө,
Алча бийик мөмөлөрүн тергенде.

Эргежээлдин ар бирине жүгүнсөң,
Эртең эле бүкүр болуп каласың.

«Тонум жок» – деп зарласаң, толкундарды
                                                             жарбасаң,
Тоодой бакыт каякта, тобокелге салбасаң.

Алсыз болсоң, азаптантып кыйнашат,
Күчтүү болсоң, аргасыздан сыйлашат.

Тоскоолдукту өзүң жасап албагын.

Кулпу салып коё албайсың санаага.

Суктанууга ар ким акылуу.

Келгенде эл башына кыйынчылык,
Керт башыңдын муктаждыгы тыйынчалык.

Адилетсиз сын алсыздарды кыйратат,
Алптарды ого бетер чыйралтат.

Тоо булагы атылса көктү карай,
Томолонот шүүдүрүм жерди карай.

Тагдыр түшөт айкүр, таба, чигинен,
Айрылба кол келечектин жибинен.

Жеңилбейм, чегинемин кезегинде
Алптын да жүргүм келбейт жетегинде.

Кучагына кылымдарды камтылтып,
Кыргыз күнү ай-ааламга тартылат.

Мизинде кандайдыр бир жагымдуулук,
Миң жашаган тоолордо сабырдуулук.

Бийиктиктин канчалык бар кереги,
Жапыздыкты билиш үчүн береги.

Арасында болоорсуң атылгандын
Арасында болбойсуң сатылгандын.

Буудан гана баалай алат дулдулду,
Булбул гана баалай алат булбулду.

Бир токойго бербей турган дарак бар,
Бир китепке бербей турган барак бар.

Болушунча, жетишинче убактым,
Боюм балкып угам үнүн булактын.

Кылымдын кызыктарын көрүп алып,
Күлмүңдөйт күмүш тиштүү кыргыз тоолор.

Кара кызды ашынтып, демеп турган барчылык,
Аппак кызды басынтып, ченеп турган тарчылык.

Таңшыса булбул таңында,
Айкырды качыр анын туруп жанында.

Түп жагы тектүүрөөк… түлкүдөн эптүүрөөк
Жаланат башкача, жашоосу шектүүрөөк.

Акыйкатты жөлөбөй, жөлөөрүндө
Ала качты карегин көрөөрүндө.

Океанды түгөтөбү чай кашык.

Кызыл гүлдүн жанында тезек жатат,
Аргымактын жанында эшек жатат.

Эртеңки бүгүнкүдөн канча акылдуу,
Кечээки бүгүнкүдөн канча картаң.

Өтөт бирөө көйнөгүн бүрүп жүрүп,
Өтөт бирөө ошого күлүп жүрүп.

Өчөөр оттун үстү күйөт,
Өжөрлөнүп күчтүү күйөт.

Аркарга төр кымбат,
Балыкка көл кымбат.
Күн кымбат эл үчүн.
Акылман деген кээси, азыраак экен мээси.

Кантип табам колдон келбес амалды,
Кантип кармайм колум менен шамалды.

Эл күйүнөт: жамгыр жок,
                                болот деп кургакчылык,
Соодагер сүйүнөт: жамгыр жок,
                                болот деп кургакчылык.

Турмуштун даңгырынан,
Кулабасын уясынан балапан.

Жылаңач тоонун элеси,
Жыландын уулуу тилиндей.

Келген конок даам сызсын кур кетпей,
Терезеден турсун такай нур кетпей.

Ажарланат эненин маңдайы,
Чопулдатса эмчегин баланын таңдайы.

Калбасын гүл чыкпай,
Калбасын ыңаалаган үн чыкпай.

Күн дайым өчпөсүн, күйүп турсун,
«Күндү алам» – деп бөбөктөр колун сунсун.

Бир ит үрөт көрүп калып,
Бир ит үрөт көнүп калып.

Бирөөлөр өтөт сокуга минип,
Бирөөлөр өтөт чокуга минип.

Өтөт бирөө мансапты сүйүп жүрүп,
Өтөт бирөө максапка күйүп жүрүп.

Жылуу жайда олтургандар
Тоңгондорду түшүнбөйт.

Бир эрдин келет жоону сындыргысы,
Бир эрдин келет тоону жылдыргысы.

Сансыз койду айдап барат жайганы,
Салып уруп ээрчип барат тайганы.

Көмөч нан ыргып кетти тегеренип,
Жүрөгүм кала жазды тебеленип.

Көлдүн үстү ак чардаксыз актайдай.

Сугун артпайт эч бирөөнүн даңкына,
Бир максаты туяк калсын артында.

Эстегенде сиз көтөргөн салмакты,
Элестетти менин жүгүм камгакты.

Калчылдап, кайрымсыз кыштын түнү,
Кандай сүйкүм албырган оттун гүлү!

Тулпар жалгыз, качырлардын тобунда,
Шумкар жалгыз каргалардын тобунда.

Көп бир тууган бирин бири кырышты,
Душманы кубанычын билдирбөөгө тырышты.

Мүдүрүлтүп акты кара деп турса,
Мүмкүн эмес тирүү туруп көнүшкө.

Кур чечен бет алдымда сайрап турду,
Муштумдар чөнтөгүмдө кайнап турду.

Шибер кечип бараткандай жайлоодо,
Ширин ойлор мени барат жыргатып.

Сөөлөт күтүп, чыканактап жаздыкты,
Сөз айтпайбыз көрүп туруп пастыкты.

Жабыр тартып, ындыны өчкөн учурда,
Жакшынакай сөзүң менен жөлөгүн.

Ала-Тоом ажарланат келинчектей,
Тирсейип көктү тиреп эмчектери.

Тиктеп туруп көз мелжиген асканы,
Титиредим эске салып башканы.

Каректи берген табият жарыкка кубансын, – деп,
Карага наалысын, – деп.

Адамдардын оозунан
Алып салды кулпуну.

Күн менен адам көзү –
Ашыктардай ар таңда жолугушсун!

Кичинекей жалбыракка
Бир тамчы шүүдүрүм да көтөргүс жүк.

Курсак деген алдатпаган куу тура
Жашоо деген жай өлтүрчү уу тура.

Көк жашык болуп калсам да,
Көркүңдү сатып нан албайм.

Замана мээрин төксүн эч бир тынбай,
Күлкүлөр көккө чыксын жерге сыйбай.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

Турар Кожомбердиевдин үнү жазылган аудиофайлды (мр3) көчүрүү. Акын өз ырларын окуйт

 

© Кожомбердиева У., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 11498