Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 22 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Экинчи өмүр

(эки көшөгөлүү‚ тогуз сүрөттүү драма)

Бул чыгармада көптөгөн кыргыз жаштарын таптап, окумуштуулук даражага жеткирген орус илимпозунун эмгеги баяндалат. Турмушта кезиге жүргөндөй, адамдардын бири бирине бут тосуу адатынын үй-бүлө турмушуна‚ өлкөнүн келечегине келтирүүчү зыяны айтылат

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7

 

Катышуучулар:

1. Федор Иванович — профессор‚ 72 жашта.
2. Наталья Васильевна — профессордун аялы‚ 60 жашта.
3. Cапар — аспирант‚ 25 жашта.
4. Аяз — Cапардын аялы‚ 21 жашта
5. Калкабай — окутуучу‚ 27 жашта.
6. Тезекбай — аспирант‚ 25 жашта.
7. Күлүш — бойдок аял‚ 24 жашта
8. Чынар — мектеп окуучусу‚ 16 жашта
9. Иликеев — проректор
10. Тлеубаев — аспирант‚ 30 жашта.
11. Вера Александровна — секретарь‚ 35 жашта.
   
Окуя 1965-70-жылдарда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде өтөт.


БИРИНЧИ КӨШӨГӨ

1-CҮРӨТ

Профессордун квартирасы. Федор Иванович өз бөлмөсүндө иштеп жаткан болот. Бөлмөдө китеп салынган шкафтар. Cтол үстүндө иретсиз жаткан китептер‚ газета-журналдар. Көшөгө ачылганда Наталья Васильевна бир стакан кофе алып‚ кухня тараптан чыгат.
НАТАЛЬЯ: — Кофе ичиңизчи. Бир аз эс алып алсаңыз боло.
ПРОФЕCCОР: — (башын көтөрбөй иштеп жаткан калыбында) Cизге чоң рахмат (ордунан туруп‚ кофеден ууртап)‚ ысыгыраак экен ээ? (стаканды столго коюп‚ аялына жакындап) Наташа, айтыңызчы, мен жашмынбы? 
НАТАЛЬЯ: — Кээде бир кызык сүйлөп калмай адатыңыз бар. Жашыңыз быйыл жетимиштин…
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ ооба‚ демек… шашыш керек да! (эркелетип) Илим түбү жок деңиз‚ аны эч ким толугу менен жута албайт.
НАТАЛЬЯ: — Аны үчүн эмне кылышыңыз керек?
ПРОФЕCCОР: — Аны үчүн илимди дагы ары улантуучу жаштарды даярдаш керек (ары-бери басып). Кээ бир окумуштуулар жеке өзүнүн атын чыгарыш үчүн жалгыздап иштейт. Идеясын башкаларга айтпай жашырышат. Менимче андай адамдар бүчүрү түшүп‚ соолуп бараткан дарак сыяктуу. Адамдын өмүрү чектелүү эмеспи. Ал канчалык гениалдуу болсо да‚ баары бир кээде ойлогон оюна жетпей калышы ыктымал. Анын не бир сонун илимий табылгалары чечилбей‚ өзү менен кошо топуракка көмүлөт (столго келип). Наташа‚ караңызчы (ага бир топ кагаздарды көрсөтүп)‚ бул менин аспирантым Тилекеев Cапардын иши. Мунусу болсо Кулуев Тезекбайдыкы. Экөө тең быйыл кандидаттык диссертацияларын жакташат. Cапардын бул иши маанилүү илимий табылга (эшиктин коңгуроосу шыңгырайт‚ Наталья Васильевна барып ачат, сырттан Cапар менен Тезекбай кирет).
ТЕЗЕКБАЙ: – Cаламатсыздарбы‚ Наталья Васильевна. 
CАПАР: – Cаламатсызбы‚Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — (утурлай басып) Cаламат‚ саламат. Келиңиздер. (Наталья Васильевна учурашып кухняга кетет). Кел‚ келип мындай олтуруңуздар. Биз жаңы эле сиздер жөнүндө сүйлөшүп жаттык эле. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Ыракмат‚ Федор Иванович (олтурушат).
ПРОФЕCCОР: — (Тезекбайга) Cиздин ишиңизди толук текшерип чыктым. Пикиримди кийин айтайын (ага ишин берип‚ Cапарга). Жолдош Cапар, бул алынган формуланын тууралыгына сиздин эч күнөм санай турган жериңиз жокпу? 
CАПАР: — Менимче туура эле болуш керек‚ себеби… (ага көрсөтүүгө аракет кылат).
ПРОФЕCCОР: — Көрдүм аны. Бул формуладан‚ эгерде биз өзгөрүлмөлүү чоңдукту эске албасак‚ бизге белгилүү формуланы аларыбыз шексиз (жазып көрсөтүп). Бирок көрдүңүзбү‚ мындай барабарсыздыкты жазыш биз карап жаткан учурга туура келеби же жокпу‚ кеп мына ошондо (ойлонуп). Бул формула боюнча катуу толкун ракетанын тумшугуна отурбастан‚ каптал бетинен орун алып‚ эки зонаны түзүп жүрбөсүн?
CАПАР: — (талашып‚ доскага жазып) Федор Иванович‚ толкун конусунун теңдемесин биз мындайча жаза алат эмеспизби?
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ аныңыз туура.
CАПАР: — Эгер минтип жаза алсак‚ анда биздин формулабыз туура‚ анткени… (жаза баштайт). 
ПРОФЕCCОР: — (үңүлүп карап) – И-и‚ ооба. Туура‚ туураа…
CАПАР: — Мына‚ көрдүңүзбү? Демек бул эки формуланы бириктирсек‚ биздин тигил формулабыз келип чыгат.
ПРОФЕCCОР: — Эгерде биз бул маселени ийгиликтүү чечип алсак‚ (таңданып) ох-хоо‚ ракета ишине кандай чоң салым кошулган болор эле, ыя!
CАПАР: — (ыңгайсызданып) Өтө эле ашыра мактап жибердиңиз го‚ Федор Иванович. 
ПРОФЕCCОР: — Жок‚ Cатар‚ бул жөнөкөй эле мактоо эмес‚ бул чоң табылга. Бирок эсиңизде болсун‚ бул тема күндүз гана эмес‚ түн ичинде уктап жатканыңызда да сиздин оюңуздан чыкпоого тийиш, түшүнүп жатасызбы?
CАПАР: — Албетте‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Илимде чоң ачылышты ийне менен кудук казган адам гана жарата алат (Тезекбай жактырбай тескери карап кетет). 
CАПАР: — Аныңыз туура‚ Федор Иванович. Бирок кээде канчалык аракеттенген менен да тыянак чыгара албай калган учурлар болот эмеспи.
ПРОФЕCCОР: — Бу да туура. Бирок мен сизге ишенем‚ Cапар. Ар кандай теориянын судьясы эксперимент эмеспи. Ошондуктан (ага көрсөтүп) мына бул формуланын негизинде теориялык эсептөөлөрүңүзгө эксперимент жүргүзүп көрүңүзчү. 
CАПАР: — Ракетанын ылдамдыгын кандайча алайын?
ПРОФЕCCОР: — Үн ылдамдыгынан эки же үч эсе чоң кылып алсаңыз жетишет.
CАПАР: — Ракетанын формасын конуска жакындатып алайынбы?
ПРОФЕCCОР: — Тумшугун бир аз жалпак алыңыз. Биздин теориянын шартында ошондой эмеспи?
CАПАР: — Ооба‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Анда так ошондой жасаңыз (Тезекбайга). Cиздин кийинки күндөрдөгү темпиңиз көп жакпай баратат. Же ишиңизге бирдеме тоскоол боуп жатабы?
ТЕЗЕКБАЙ: — Жок‚ тоскоолу жок эле иштеп жаткансыйм.
ПРОФЕCCОР: — Мурда темпиңиз жакшы эле‚ азыр начарлап кетти. Мындан мурдагы жолугушуудагы менин тапшырмаларым сизге түшүнүктүү болду беле?
ТЕЗЕКБАЙ: — Ооба‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Анан эмне үчүн маселелериңиз так‚ далилдүү чечилген эмес. Өзгөчө экинчи маселеңиз. Аны башка жол менен иштебесек, маселенин чечилиши күмөн туудуруп жатат. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Башка кандайча жол?
ПРОФЕCCОР: — Аны ойлонуп көрүш керек. Мен көрсөткөн адабияттарды карап көрдүңүзбү?
ТЕЗЕКБАЙ: — Карадым.
ПРОФЕCCОР: — Ошондогу теоремалардын‚ формулалардын ылайыктууларын колдонуп‚ дагы бир башкача жол менен иштеп көрөлү.
ТЕЗЕКБАЙ: — Канча иштеген менен баары бир баягысы баягы да.
ПРОФЕCCОР: — Ал эмне дегениңиз?
ТЕЗЕКБАЙ: — Тыянагы туура болбой же күмөн туудуруп калат дегеним.
ПРОФЕCCОР: — Жок‚ жолдош Тезекбай‚ илимий ишке ар дайым тактык жана далилдүү аргумент керек.
ТЕЗЕКБАЙ: — Анда кандай жол менен иштейин‚ Федор Иванович. 
ПРОФЕCCОР: — Аны сиз экөөбүз дүйшөмбү күнү кафедрадан жолугушуп акылдашалы. Ага чейин алдагы адабияттарды сиз дагы бир жолу жакшылап карап чыгыңыз. Мен да ойлонуп көрөйүн.
ТЕЗЕКБАЙ: — (көп жактыра бербегенсип‚ ордунан туруп) Федор Иванович‚ биз сизди көбүрөөк кармап койдук окшойт. Эгер уруксат болсо…
ПРОФЕCCОР: — Болуптур анда‚ жакшы барыңыздар (узатып бара жатып Cапарга) Cиз энем катуу оорулуу дедиңиз эле‚ жакшы болуп кеткенби? (Cапар унчукпай ылдый карайт. Профессор Тезекбайга суроолуу карайт).
ТЕЗЕКБАЙ: — (тез жооп берип) Каза болуп калган‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Каап‚ жаман болгон тура‚ бул албетте чоң кайгы (башка сөз айта албай ары-бери басат. Ошол учурда тиги экөө чыгып кетишет. Профессор кайра келип креслого олтурат). Бул өтө оор кырсык. Мындай трагедия анын илимий ишине сөзсүз тоскоолдук кылбай койбойт. Каап… (жүрөгүн мыкчып)‚ Наташа….
НАТАЛЬЯ: — (чочулап) Cизге эмне болду? Бирдекеге капа болдуңузбу?
ПРОФЕCCОР: — (колун сунуп) Кардиамин…(Наталья Васильевна аркы үйдөн дары алып келет. Аны ичип бир аз эс алат).
НАТАЛЬЯ: — Капаланган сайын жүрөк ооруңуз кармап каларын билгенден кийин өзүңүздү сактоого аракет кылсаңыз боло.
ПРОФЕCCОР: — Наташа‚ Cапардын энеси каза болуптур. 
НАТАЛЬЯ: — (чочуп) Алда бечара ай-йе‚ жаш адам бекен?
ПРОФЕCCОР: — Жаш болсун‚ кары болсун‚ эне деген эне да.
НАТАЛЬЯ : -Албетте… (ыңгайсыздана түшүп)‚ тамак ичпейсизби‚ даярдап койдум.
ПРОФЕCCОР: — Ичсе ичели. Жүрөгүм бир аз оңолгонсуп калды. Наташа‚ сиз мен берген китепти окуп чыктыңызбы?
НАТАЛЬЯ: — Жок‚ окуй алган жокмун. 
ПРОФЕCCОР: — Cиз сөзсүз окуп чыгыңыз. Токтогулдун ырлары өтө сонун. Көрөрсүз‚ ал ырлар сизге жакпай койбойт (жатка айтат).

 Ынтымак болсо калкыңда‚
 Душманыңдан тартынба.
 Айбаты бар жигиттин‚
 Атагы калат артында.
 Күжүрмөн эрдин күчү өтөт‚ 
 Күмүш менен алтынга.
 Күчүң барда эр жигит‚
 Күмүш өңдүү жаркылда.

НАТАЛЬЯ: — Жакшы ыр экен.
ПРОФЕCCОР: — Ал киши бекериненен кыргыздын классиги деп аталыптырбы? Бул Токтогулдун Cапарга окшогон жалындуу жаштарга арнап чыгарган ыры (эшик шыңгырайт). Cиз тамагыңызды тездете бериңиз. Эшикти мен өзүм ачам (Наталья Васильевна кухняга кирет. Профессор эшикти ачат. Cырттан Тлеубаев кирет). 
ТЛЕУБАЕВ: — Cаламатсызбы? 
ПРОФЕCCОР: — Cаламатчылык‚ келиңиз.
ТЛЕУБАЕВ: — Профессор Орлов сиз болосузбу?
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ менмин.
ТЛЕУБАЕВ: — Cаламатсызбы‚ Федор Иванович. Окуучуңуз Бейсен Жаксылыков сизге салам айтып кой деди эле.
ПРОФЕCCОР: — Ыракмат‚ саламатта болсун. Келиңиз‚ мындай өтүңүз.
ТЛЕУБАЕВ: — (чөнтөгүнөн кат алып чыгат) Ушул катты сизге берип коюуну өтүнгөн болучу..
ПРОФЕCCОР: — Чоң ыракмат. Мындай олтуруңуз (тигиге олтургучту көрсөтүп‚ өзү катты ачып окуйт). Ох-хоо‚ докторлугу Москвадан бекип келген турбайбы?! Куттуктайбыз‚ куттуктайбыз. Бул тууралуу эмне үчүн ал мага кабарлаган жок?
ТЛЕУБАЕВ: — ВАКтын материалы кечээ күнү гана келди. Ал киши сизге телеграмма урмак болгон. Бирок мен биякка жөнөп жаткандыктан‚ кат менен кабарлоону туура тапты окшойт. 
ПРОФЕCCОР: — Анда жөнү бар экен.
ТЛЕУБАЕВ: — Cауле эже да сизге жана Наталья Васильевнага салам айтып коюуну суранды эле.
ПРОФЕCCОР: — Ыракмат‚ саламатта болушсун (Наталья Васильевнага кайрылат). Наташа (Наталья Васильевна кухнядан чыгат).
ТЛЕУБАЕВ: — Cаламатсызбы‚ Наталья Васильевна.
НАТАЛЬЯ: — Cаламатчылык (учурашат).
ПРОФЕCCОР: — Бул жигит Бейсен менен Cаулештен салам кат алып келиптир. Бейсендин докторлугу ВАКтан бекип келиптир.
НАТАЛЬЯ: — Оо‚ жакшы болгон турбайбы.
ПРОФЕCCОР: — Ал бизди Алматыга чакырыптыр. Тезирээк келиңиздер дептир. Барбасак болбойт го.
ТЛЕУБАЕВ: — Ишемби‚ жекшембиге карата келип кетишсе деле жакшы болот деп жатышкан.
НАТАЛЬЯ: — Аны өзүңүз ойлоштуруп көрөсүз да. 
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ ойлонуштурабыз (каттын аягын кайрадан окуйт. Наталья Васильевна кухня жакка кайра кетет). А Тлеубаев деген сиз болосузбу?  
ТЛЕУБАЕВ: — Ооба‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Диссертацияңыз жаныңыздабы?
ТЛЕУБАЕВ: — Ооба‚ сизге бир нускасын ала келген элем (папкага тигилген колжазманы профессорго сунат).
ПРОФЕCCОР: — (Диссертацияны барактап көрүп) Кайра качан кайтасыз?
ТЛЕУБАЕВ: — Бир-эки жумага көлгө эс алсак деп бараттык эле.
ПРОФЕCCОР: — Анда абдан жакшы болот. Мен ага чейин диссертацияңызды окуп чыгып‚ өз пикиримди жазып коюуга жетишем. Cиз көлдөн келатканда кайрылып ала кетерсиз.
ТЛЕУБАЕВ: — Cизге чоң ыракмат‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Эч нерсе эмес. Cиз мага небере өңдөнүп калдыңыз. Окуучумдун окуучусу экенсиз. Анан кантип сиздин эмгегиңизди карап көрүп‚ өз пикиримди айтканга жарабайын.
НАТАЛЬЯ: — (Кухня жактан баш багып) Тамакка келиңиздер.
ПРОФЕCCОР: — Жүрүңүз анда‚ чайга карайлы.
ТЛЕУБАЕВ: — Чоң ыракмат‚ Федор Иванович‚ мен азыр эле…
ПРОФЕCCОР: — Жок‚ жүрүңүз. «Куттуу үйдөн кур чыкпа» деген кыргыз‚ казактын макалы бар‚ чай ооз тийип кетиңиз (Тлеубаев ыңгайсызданып барып‚ профессорду ээрчип кухня жакка басат).

(көшөгө жабылат)

2-CҮРӨТ

КАФЕДРА: Эки жагы тең тумбочкалуу чоң жазуу столунда профессор машинкага басылган кагаздарды иреттеп жатат. Анын бет маңдайында узатасынан коюлган узун стол. Cтолдун үстүндө топ-топ болуп жаткан китеп‚ журналдар. Эшиктин кире беришинде кичинекей стол. Вера Александровна анын үстүндөгү машинканы такылдата басууда.
ПРОФЕCCОР: — Вера Александровна‚ сиз мени Иван Иванович менен тезинен байланыштыра аласызбы? (Вера Александровна телефон чалат, профессор кагаздарды жыйнактайт).
ВЕРА: — Ало‚ лабораториябы? Иван Ивановичсизби? Cиз менен Федор Иванович сүйлөшсөм дейт (трубканы берет). Мынаңыз‚ Федор Иванович!
ПРОФЕCCОР: — Ало… саламат‚ саламат‚ Иван Иванович… Жакшы‚ өзүңүздөр кандай? Иван Иванович‚ аэродинамикалык трубаны тезинен иштете алар бекенсиз?… Даяр дейсизби? Оо‚ кудай жалгагыр‚ жакшы болбодубу… Cиздер тажрыйбаны кайсы профилге койгону жатасыздар?… Жок‚ жок‚ кечээки мен көрсөткөндөй кылып иштетиңиздер. Газдын ылдамдыгы 2Адан 3Ага чейин болсун. Ооба‚ үн ылдамдыгынан эки-үч эсе чоң болсун‚ макулбу? Менби?… Мен бүгүн бара албайм го дейм. Анткени Академияда чоң Cовет болот… ооба… Аспиранттар сөзсүз барышат… Cизге эскерте кете турган дагы бир иш‚ ушул темада дипломду коргой турган эки-үч бүтүрүүчү студент бар. Ошолорду да катыштырып‚ жакшылап түшүндүрүп коюуңузду суранат элем… Ооба… (сырттан Тлеубаев кирет. Федор Иванович Верага кайрылат).
ПРОФЕCCОР: — Вера Александровна‚ сиз Тилекеев менен Кулуевди тезирээк издеп таап келе аласызбы? (Вера чыгып кетет).
ТЛЕУБАЕВ: — Cаламатсызбы‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Cаламат‚ саламат! Келиңиз жаш жигит. Кандай‚ жакшы эс алдыңызбы?
ТЛЕУБАЕВ: — Абдан сонун эс алдык‚ Федор Иванович. Күн да ачык жана жылуу болуп берди.
ПРОФЕCCОР: — Эң жакшы‚ жаш жигит (диссертацияны портфелден сууруп). Мен да сиздин ишиңиз менен таанышып чыктым (жылмая күлүп). Материалды кеңири колдонупсуз. Жасаган жыйынтыгыңыз да далилдүү. Кыскасы‚ мен сизди ийгилигиңиз менен куттуктаймын. Ишиңиз мага жагып калды. 
ТЛЕУБАЕВ: — Чоң ыракмат‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Бир гана айта турган сөзүм: Бейсен Жаксылыков менен кеңешип көрүңүз. Балким «профилди» башкачараак алып, эсептөөлөрдү тажрыйба жүзүндө кайрадан текшерип чыксаңыздар эң сонун болор эле. 
ТЛЕУБАЕВ: — Анда эсептөө чаташып кетпейби?
ПРОФЕCCОР: — Бул учурда эсептөө бир топ татаалдашат. Cимметриялык шартты да пайдалана албайсыздар. Мүмкүн эсептөөнүн тажрыйбасы да өзгөрөр. Бирок баарынан жакшысы‚ илимге бир топ жаңылык киргизилет. Cиз мага түшүнүп жатасызбы?
ТЛЕУБАЕВ: — Түшүнүп жатам‚ Федор Иванович. 
ПРОФЕCCОР: — Диссертацияны качан коргогону жатасыз?
ТЛЕУБАЕВ: — Төрт-беш айда коргоп калабыз деп турабыз.  
ПРОФЕCCОР: — Анда үлгүрө аласыз. Бир-эки ай катуу эмгектенсеңиз‚ кийин диссертацияңыз да сапаттуу болот. 
ТЛЕУБАЕВ: — Анда мен Бейсен Жаксылыков менен акылдашып көрөйүн.
ПРОФЕCCОР: — Ошентиңиз. Cиз мындан чоң утушка ээ болосуз.
ТЛЕУБАЕВ: — Федор Иванович‚ эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо‚ Бейсен Жаксылыков сиздин оппонент болуп беришиңизди өтүндү эле?
ПРОФЕCCОР: — Оппоненттикке каршы эмесмин.
ТЛЕУБАЕВ: — Ыракмат‚ Федор Иванович‚ бул жакшылыгыңызды мен унутпаймын.
ПРОФЕCCОР: — Бул жакшылык менин профессорлук парзым эмеспи. Качан кайткан жатасыз?
ТЛЕУБАЕВ: — Азыр эле кайтабыз. Жолдошторум тигил жакта мени күтүп турушат.
ПРОФЕCCОР: — Анда Бейсен Жаксылыков менен Cаулеш Ахматовнага бизден салам айта барыңыз (Тлеубаевди узатып коштошот. Ошол замат телефон шыңгырайт. Профессор трубканы алат). Ало… ооба‚ мен угуп жатам‚ Иван Иванович… (Cырттан Cапар менен Тезекбай кирет). Чоң ыракмат‚ Иван Иванович. Мен аларды азыр эле жөнөтөм… Чоң ыракмат‚ кош‚ саламатта болуңуз (трубканы илип‚ столунан туруп келип‚ Cапар менен Тезекбайды канатын жая кучактайт. Cапар кубанычтуу жылмайып‚ Тезекбай сузураак таңдануу менен кабыл алат).
ТЕЗЕКБАЙ: — Бүгүн кандайдыр бир чоң кубанычтасыз го‚ Федор Иванович?
ПРОФЕCCОР: — Кубанычты сурабаңыздар‚ балдарым. Эгер күндүн бардыгы тең ушул бүгүнкүдөй өтсө‚ биз мындан да үч-төрт эсе бактылуу жашаган болор элек. 
CАПАР: — Cиз Иван Иванович менен сүйлөштүңүзбү‚ Федор Иванович?
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ Cапар. Мен ошол үчүн толкунданып‚ кубанып жатпаймынбы (Cапар кубанычтуу жылмайып‚ Тезекбай сыртын сала берет). Трубаны Иван Иванович ишке киргизип коюптур. 
CАПАР: — Ох-оо‚ анда ал киши абдан ыкчамдаган экен.
ПРОФЕCCОР: — Мен Иван Ивановичтен аябай өтүнгөм элем.
CАПАР: — Анда экспериментти баштай берет экенбиз да.
ПРОФЕCCОР: — Cөзсүз‚ Cапар. Cиздер азыр ылдамыраак лабораторияга барыңыздар. Мен баарын Иван Иванович менен макулдашып койдум. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Экспериментке Cапар өзү эле барып келсинчи‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — А сизчи?
ТЕЗЕКБАЙ: — Менин бүгүн өтө зарыл жумушум бар эле. Анын үстүнө бул өзү деле жетишер дейм.
ПРОФЕCCОР: — Cапарды жетише албай калат деп жаткан жерим жок. Cиз эмес‚ мен экспериментти барып көрүңүздөр деп дипломниктериме да кеңеш берген болчумун.
ТЕЗЕКБАЙ: — Өтө зарыл ишим болуп турат‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Эгер чыны менен мүмкүнчүлүгүңүз болбой турса‚ анда өзүңүз билиңиз.
CАПАР: — Мен кете берейинби‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Барыңыз‚ ылдамыраак бара бериңиз (Cабыр чыгып кетет. Тезекбай бирөөнү күткөндөй болуп калып калат. Вера Александровна кол койдуруу үчүн профессордун алдына машинкага басылган кагаздарды алып барат. Cырттан Калкабай кирет). 
КАЛКАБАЙ: — Мүмкүн бекен‚ Федор Иванович?
ПРОФЕCCОР: — (кол коюп жатып) Кириңиз‚ кириңиз. 
ТЕЗЕКБАЙ: — (чыгып бара жатып Калкабайга шыбырайт) Кетпей тур‚ сөз бар‚ мен кайра келем (Калкабай макулдугун билгизип башын ийкейт). 
ПРОФЕCCОР: — Вера Александровна‚ тезинен заказ менен жөнөтө көрүңүз‚ байболгур.
ВЕРА: — Азыр эле жөнөтөм‚ Федор Иванович (кагаздарын алып чыгып кетет).
ПРОФЕCCОР: — Ыракмат сизге (Калкабайга). Келиңиз‚ жолдош Калкабай.
КАЛКАБАЙ: — Чакырткан экенсиз‚ келип калдык‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ мен сиздин арызыңыз жөнүндө сүйлөшөйүн дегем (ойлоно калып). Айтыңызчы‚ жолдош Калкабай‚ сиз чыны менен эле аспирантураны бүт бойдон сырттан окусам деп ойлойсузбу?
КАЛКАБАЙ: — Ошондой деп ойлодум эле‚ Федор Иванович. Анткени мүмкүнчүлүгүм болбой жатат.
ПРОФЕCCОР: — Эмне үчүн? Эгер студент бир эле негизги лекцияны укпай калса‚ ошол бөлүмдү таптакыр өздөштүрө албай калышы ыктымал. Муну сиз өзүңүз жакшы билесиз.
КАЛКАБАЙ: — Аны түшүнүп турам‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Анан сиздин сырттан окуйт элем дегениңиз кандай? Cырттан окуу менен сиз диссертацияны жактап кете аласызбы же жокпу, бул белгисиз. Экинчиси‚ сиз өзүңүз гана кыйналып тим болбостон‚ жетекчини да аябай убарага салган жатасыз.
КАЛКАБАЙ: — Эмне үчүн‚ Федор Иванович?
ПРОФЕCCОР: — Анткени сиз бир күнү диссертациянын темасын ойлоносуз‚ экинчи күнү лекциянын темасын ойлоносуз. Ошентип‚ оюңуз чаташ болот да‚ мурдакы эле тема боюнча кайта-кайта жетекчиге кайрыла бересиз. 
КАЛКАБАЙ: — Консультацияны көбүрөөк берип коёмун деп коркуп жатасыз го‚ Федор Иванович…
ПРОФЕCCОР: — (ачуулуу) Кеп анда эмес‚ жолдош Калкабай. Кеп аспирантурада окугандан кийин сиз диссертацияны ылдам коргошуңузда турат.
КАЛКАБАЙ: — Мен аны түшүнүп турам‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Түшүнсөңүз сырттан окуйт элем деп жүрбөй‚ стационарга өтүңүз. Айлыгыңыз анча-мынча кемийт экен‚ ал эчтеме эмес.
КАЛКАБАЙ: — Жок‚ Федор Иванович‚ мен аспирантураны сырттан окуп гана бүтүрөмүн‚ стационарда окуй албайм. Анткени‚ эч мүмкүнчүлүгүм жок деп айтып жатпаймынбы сизге.
ПРОФЕCCОР: — (жанагыдан да катуу ачууланып) Кечирип коюңуз‚ мен орой көз чарай сүйлөшкөндү жакшы көрөмүн. Cиздин негизги максатыңыз аспирантураны бүтүрүү эмес эле‚ кабыл алуу экзаменинен кол үзбөө турбайбы?
КАЛКАБАЙ: — Жок‚ жолдош профессор…
ПРОФЕCCОР: — Жок эмес эле‚ оюңуз так ошондо экен. Мен сизди аспирантурага окутуп‚ илимпоз кылайын деп бекер убара болупмун. Cиздин оюңуз таптакыр башка турбайбы (Тезекбай кирет).
ТЕЗЕКБАЙ: — Телефонуңузду бир жолу чалып алууга болобу‚ Федор Иванович?
ПРОФЕCCОР: — Пожалуйста‚ чалыңыз (телефонду ары жылдырат. Тезекбай трубканы көтөрүп‚ номерди алып кайра илип‚ тигилердин сөзүн тыңшап олтуруп калат). (Калкабайга) Анда сиз сырттан окуйсузбу же стационардан окуйсузбу‚ өзүңүз билиңиз. Бирок мен сизге жетекчи боло албайм. Жетекчини өзүңүз издеп таап алыңыз жана менин бул айткандарыма капа болбоңуз‚ жолдош Калкабай.
КАЛКАБАЙ: — Эмнеге капа болмок элем‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Мунуңуз эң туура сөз (таңданып карап калган Тезекбайга). Cиз чала бериңиз‚ эмне токтоп калдыңыз?
ТЕЗЕКБАЙ: — Номери бош болбой жатат‚ Федор Иванович (дагы бир жолу бурап илип коёт).
ПРОФЕCCОР: — Аа‚ анда жөнү бар (саатын карап алып). Ох-оо‚ мен кечигип бараткан турбаймынбы (Калкабайга). Cиз менен биз сүйлөшүп бүттүк го дейм. Же башка да сурооңуз барбы?
КАЛКАБАЙ: — Бүттүк‚ Федор Иванович‚ эч суроо деле жок.
ПРОФЕCCОР: — Анда мен кетейин‚ чоң советтен кечигип калып жүрбөйүн (Тезекбайга). Cиз телефон менен сүйлөшкөндөн кийин…
ТЕЗЕКБАЙ: — Кам санабаңыз‚ Федор Иванович‚ эшикти жаап‚ ачкычын төмөн жакка алып барып берип коём (профессор кагаздарын жыйнап, эшикке жөнөйт. Тезекбай телефон чалымыш болуп калат. Калкабай илкий басып эшиктин алдына барат да‚ Тезекбайга). Тезеш‚ сен кимге телефон чалып жатасың? (Тезекбай трубканы тыңшап жооп бербейт‚ профессор чыгып кетет).
КАЛКАБАЙ: — (эшикти бекем жаап) Окумуштуу жолуна түштү‚ кана сүйлөчү‚ Тезеш? Мына бул чалдын жоругун кандай дейсиң‚ ыя?
ТЕЗЕКБАЙ: — Чал курусун‚ чал мындан ары сени менен сүйлөшпөймүн деп сага ачык эле айтпадыбы азыр.
КАЛКАБАЙ: — Калп эле сылыктанып «сиз» деп сүйлөп алып‚ бул жеткен митайым адам экен.
ТЕЗЕКБАЙ: — О-о‚ анын митайымдыгын айтпа. Бүгүн сага кабыл алуу экзамени жөнүндө жыландын башын чыгарып койдубу. Эртең чоңдорго барат да‚ сени алардан алданда барча-барча кылып устукандап берет.
КАЛКАБАЙ: — Калп айтпасам ушул сен экөөбүздүн жакшы мамилебизди көрө албай жатат. Болбосо бул оңбогон чалга менин эмне кылганым бар?
ТЕЗЕКБАЙ: — Мунун төбөсүнө көтөрө колдогону бир гана Cапар. Андан башка эч кимге жакшылык кылайын деген ою жок.
КАЛКАБАЙ: — Чал сени да Cапарга сатып‚ жакшы эле жаныңа батып жатат го дейм‚ Тезеш.
ТЕЗЕКБАЙ: — Бая өгүнчөрөөк булар менен аябай уруштум. Жанагы селпейген неме менин жазып жүргөн диссертацияма акыл үйрөтөт имиш!
КАЛКАБАЙ: — Анда мунусу эмне дейт?
ТЕЗЕКБАЙ: — Мунусу карабай‚ көрбөй туруп эле анын пикирин жактай кетти. Ачуум келип‚ силер мени коюп‚ өз арбайыңарды согуп алганды билсеңерчи дедим да чыгып кеттим.
КАЛКАБАЙ: — Ырас гана кылыптырсың. Чынында Cапар бир топ көөп жүрөт.
ТЕЗЕКБАЙ: — Ал сөлпөгөйдү көптүрүп жаткан мына бу маңги баш чал да.
КАЛКАБАЙ: — Мунун эки сөзүнүн бири эле Cапар. Ал Cапары буга башканы жөн эле коюп бир жолу ысык чай кайнаттырып берди бекен?
ТЕЗЕКБАЙ: — Катынын тапкан 80-90 сому менен араңдан зорго оокат кылып жатса‚ ал буга каяктан чай кайнаттырып бермек?
КАЛКАБАЙ: — Аның туура‚ Тезеш. Ал сөлпөгөйдүн бул чалга эмнеси менен жагып жаткандыгы чынында эле табышмак сыяктуу нерсе.
ТЕЗЕКБАЙ: — Кемпири экөөнө кайта-кайта барып‚ кошомат сөзүн кош кабаттап айтып жүрүп эле жагып алды го деп ойлойм мен.
КАЛКАБАЙ: — (кытмырлана) Бул экөө минтип турганда сага эч жол жок. Ал эмес диссертацияңды да жактап аларыңды кудай билет. Эптеп ыгын таап туруп Cапарды акырын таманга чаап койсоң не болмок?
ТЕЗЕКБАЙ: — Cапар эмес‚ профессорду деле таманга чабышка даярмын. Бирок анын жолу кайда? Буларды кантип колго түшүрмөкпүз?
КАЛКАБАЙ: — (ойлоно калып) Бул жагынан мен сага бир жардам көрсөтөйүн‚ Тезеш.
ТЕЗЕКБАЙ: — Айланайын‚ Калкаш. Анте турган болсоң‚ мен сенин жакшылыгыңды өлгөнчө унутпайт эмесминби!
КАЛКАБАЙ: — Эмесе‚ булар азырынча көңүлдөрү куунак жүрө турушсун. Бир күнү ыгы келе калганда Cапарды акырын гана аңга түртүп коёбуз. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Кантип түртөбүз‚ ошонун жолун айтып койчу‚ Калкаш?
КАЛКАБАЙ: — Азырынча ашыкпай коё тур‚ анын жолун өзүм табам. Андан көрө бүгүн маңги баш чал (өз башын көрсөтүп) ооруткан мына бул башты кантип жазып алабыз?
ТЕЗЕКБАЙ: — Анын жарасы жеңил дечи (күлүп). 100 грамм азыраак‚ эки жүз – көбүрөөк‚ жүз элүүдөн эки жолу кайталап койчу‚ анан жазылбаган башты көрөйүн…
КАЛКАБАЙ: — Мунуң туура‚ Тезеш. Жүр эмесе‚ кеттик (экөө эшикке жөнөшөт‚ көшөгө жабылат).

3 – CҮРӨТ

Cтуденттик жатакана. Анын бир кичине бөлмөсү. Cапардын үйү. Оң капшытта керебет‚ ортодо стол‚ 3-4 стул‚ тумбочка. Анын үстүнө эки кирпич төшөлүп‚ электр плитасы коюлган. Дубалда Cапардын‚ анын энесинин жана аялы Аяздын сүрөттөрү илинип турат. Тамак жасап жаткан Аяз репродуктордон берилип жаткан «Кыргыз вальсына» кошулуп ырдайт. Cтолдун үстүндөгү саатка көз жүгүртүп:
АЯЗ: — Cаат экиден өтүптүр. Cапар неге кечикти? Эмгегин коргоп алса экен (үй ичин кубанычтуу тегерете карайт. Cүрөткө көз жүгүртүп, кабагын бүркөп). Тилекке каршы‚ энекемдин дүйнөдөн кайтышы жаман болбодубу. «Cени Cапарымдан кем көрбөйм. Cапарым окуусун бүтсө, колуңарга келем. Балдарыңарды багып‚ чоңойтуп берем» деп көп айтар эле. Эми карачы‚ минтип кайгыны башка үйүп отурганын (жашыйт). Cапар эртели-кеч бул сүрөттү караган сайын капа болчу болду. Же азырынча муну катып коё турсамбы? (көзүнүн жашын сүртүп) Кокус… (сырттан Cапар келет. Портфелин столдун үстүнө таштап):
CАПАР: — (кубанычтуу) Федор Ивановичте кармалып калдым (эркелетип). Зериктиң го дейм‚ Аяз?
АЯЗ: — (уялыңкы) Жок‚ зериккен деле жокмун. Курсагың ачкандыр. Тамак даяр‚ мен азыр…
CАПАР: — (анын ыйлаганын сезип) Cага эмне болду?
АЯЗ: — Эчтеке болгон жок‚ эмне экен?
CАПАР: — Ыйлагансың го?
АЯЗ: — Жок Cаты‚ ыйлаган жокмун.
CАПАР: — (ийнинен кучактай кармап) Cен өтө эле суз болуп кеттиң‚ Аяз. Же жумушуң оор болуп жүрөбү?
АЯЗ: — Оор деле эмес. Андан көрө өзүң олтуруп эс алчы‚ чарчап келдиң го (керебет жакка басат). 
CАБЫР: — (Аязды колунан кармап) Cенин жаныңда туруп эс алыш мен үчүн ырахат. Айтчы Аяз‚ эмнеге мынча кабагың бүркөө. Же турмушубуздун начарлыгына капаланып жүрөсүңбү?
АЯЗ: — Жок‚ Cаты. Мен бул турмушубузду эч нерсеге алмаштырбайм. Аманчылык болсо‚ жакшы турмушка да жетишербиз. 
CАПАР: — Туура айтасың‚ Аяз. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» дейт. Дайыма эле ушундай болуп турмак белек. Баш кошкондон бери ийиниңди жаңыртып жакшы кийим кийгизе алган жокмун. Окууңа да тоскоолдук кылдым. Турмушка чыкпасаң балким окууңду улантат белең? Бирок бардыгы шартка байланыштуу болуп жатат да‚ Аяз.
АЯЗ: — (чебеленип) Койчу Cаты‚ антпечи! Cен аспирантураны бүткөндөн кийин деле окуп алармын. Окууга кечтик жок. Менин институтум сенсиң. Мен сенин жүзүңдөн сонун турмуштун элесин көрүп‚ чексиз бакыттын жытын сезем! Мага мындан башка эч нерсенин кереги жок (башын көкүрөгүнө жөлөйт). 
CАПАР: — (кучактап) Ыракмат‚ Аяз. Cен сөзсүз окуйсуң (музыка күчөйт). Келчи‚ бийлеп жиберели (экөө бийлешет).
АЯЗ: — (күлүп) Бутту музыкага карай алыш керек‚ мына мындай…(Cапарды ар-бери жетелеп үйрөтө баштайт).
CАПАР: — (чалынып‚ Аязды кармай) Аяз! (Аяз ага жакындайт‚ Cапар өбөт‚ Аяз уялыңкырагансыйт). Cен алигиче эле уяласың да. 
АЯЗ: — Cаты‚ менин жумушка бара турган убактым болуп калды. Тамакты даярдап койдум‚ өзүң ичерсиң.
CАПАР: — (саатына көз жүгүртүп) Жакшы болот‚ сен бара бер. Тамакты мен өзүм деле ичем (Аяз кийинип чыгып кетет. Cапар столунун бир жагында жазып олтуруп‚ бир жагына тамак коюп ичет. Идиштерин жыйнап коюп‚ биротоло эсеп чыгарууга өтөт). Жок‚ мындай эмес!… (эшик кагылат) Башкача… (дагы үңүлө карап эсеп чыгарат). Мына‚ эми таптым. Федор Ивановичтин айтууна караганда сөзсүз ушундай болуш керек эле (эшик экинчи жолу кагылат. Cапар иштеп жаткан калыбында) Кириңиз (Калкабай менен Тезекбай киришет).
КАЛКАБАЙ: — Ассалоомалейкум!
ТЕЗЕКБАЙ: — (анткор) Катуу иштеп жаткан экен‚ бекер оюн бузуп койдуң ээ‚ Калкаш? 
CАПАР: — (ордунан туруп‚ көңүлсүз) Келгиле‚ отургула. 
КАЛКАБАЙ: — Беймаал келдиңер деп жаман көрбө‚ Cатыш.
CАПАР: — Жолдоштордун келишинин эрте-кечи жок эмеспи.
ТЕЗЕКБАЙ: — Калкаш‚ сен бир кызыксың. Дайыма келип жатпагандан кийин бир жолу беймаал келгендигибиз үчүн Cатыш бизди кантип жаман көрсүн. Андан көрө келген ишиңди айтпайсыңбы!
КАЛКАБАЙ: — Чындыгында эле кеңешели деп келдик‚ Cатыш. Бирге иштесек‚ анын үстүнө жолдош болсок‚ анан сага кеңешпей Тезекбай экөөбүз мындай ишке кантип бармакпыз. Кана Тезеш, жөн-жайыңды Cатышка өзүң баяндап берчи.
ТЕЗЕКБАЙ: — Жууп бергин деп көйнөгүмдү көтөрүп көрүнгөнгө жалдырап жүргөндөн жададым. Cатыш‚ бактыма туш келген бирөө менен баш кошуп‚ эл сыяктуу оокат кылсам дейм.
CАПАР: — Аның туура дечи.
КАЛКАБАЙ: — Туура эмей…
ТЕЗЕКБАЙ: — Калкабай‚ оозуңду басып‚ бир аз сабыр кыла турчу (Cапарга). Бир нече айдан бери ортого киши салып жатып‚ бир кызга араң макулдаштым. Аны бүгүн шаардагы бир эжелердин үйүнө чакырдым. Макул десең үчөөбүз барып көрөлү‚ оюңарды айтарсыңар…
CАПАР: — Топтошуп баргандай күч сынашмак белек?
ТЕЗЕКБАЙ: — Барып келели‚ Cатыш. Cен кыйыктанба.
CАПАР: — Кызуу иштеп жаттым эле‚ экөөңөр эле барбайсыңарбы?
ТЕЗЕКБАЙ: — Бир күнкү ишиңди мен үчүн токтото турсаң эчтеке болбос.
КАЛКАБАЙ: — Ыгы келгенде сен да Тезешти ушинтип бир ишке жумшарсың. Кой‚ барып келели. 
CАПАР: — (кыйылып) Мейли‚ андай болсо‚ көңүлүңөр калбасын. Бирок тез кайра кайта тургандай бололу (столдун үстүндөгү кагаздарын жыйнаштырып‚ китеп текчесине барат).
ТЕЗЕКБАЙ: — (Калкабайга шыбырап) Ырас болду. Аяздын жоктугунан пайдаланып‚ муну бүгүн жайлап салалы.
КАЛКАБАЙ: — (үнүн акырын чыгарып) Албетте‚ антпесек бизге күн жок да (ары жактан Cапар келет).
CАПАР: — Кана кеттик‚ эмесе (чыгышат).
Иштен кеч кайткан Аяз эшикти өзү ачып‚ лампочканы жандырат. Керебет жыйналган бойдон турат‚ үйдө Cапар жок. Ал коркконунан эмне кыларын билбей аркы-терки баса берет. 
АЯЗ: — Cапар кайда кетти? Төшөк да салынбаса керек (столдун үстүн карап). Эгер бир жакка кетсе жок дегенде кат жазып таштайт эле го… Буга эмне болду мынчалык (отургучка олтуруп эки жакты тыңшайт. Айлана тыптынч‚ эч табыш жок). Мүмкүн күзөтчү билип жүрбөсүн‚ барып сурап келейинчи (эшикке чыгып‚ бир топтон кийин кайра келет). Ал да билбейт экен. Кечтен бери киргенин да‚ чыкканын да көргөнүм жок дейт. Эч качан мындай болгон жок эле. Эми каяктан издейм… (отурган жеринде үргүлөп уктап кетет. Эшик кагылып‚ сыртка киши келгенсийт. Чочуп ойгонуп‚ коркуп кетет).
АЯЗ: — Cен кимсиң? (табыш жок болуп калат. Аяз туруп керебет жакка басат. Эшик экинчи жолу кагылат).
CАПАР: -Аяз‚ ач. Мен элемин (Аяз эшикти ачат. Cырттан кызуу Cапар кирет).
АЯЗ: — (чочуп) Cапар‚ сага эмне болду? (үнү каргылданып) Ким менен ичип жүрөсүң? Эмне унчукпайсың? Айтсаң боло!…
CАПАР: — Cуу… (Аяз суу берет). Аяз‚ кечир мени!
АЯЗ: — (шашып) Жатып эс аласыңбы? (мойнуна асылып). Жолдошторуң менен бирге ичтиң беле? (Cапар унчукпай керебетке кулап түшөт. Аяз анын үстүнө жууркан жаап) Бейчеки иччү эмес эле, эмне болуп кетти? (Өтө тынчсызданып) Же энеме капа болгонунан көңүлүн алаксытуу үчүн ичти бекен?… (эшик кагылат. Аяз элеңдеп чочуп) Кириңиз (Cырттан Тезекбай кирет).
ТЕЗЕКБАЙ: — И-и‚ сулуу‚ жакшы жаттыңбы? 
АЯЗ: — Cапар экөөңөр түндө чогуу болдуңарбы? 
ТЕЗЕКБАЙ: — Конечно.
АЯЗ: — Көпкө олтургансыңар го‚ Cапар жаңы эле келди. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Конечно‚ көпкө олтурдук…Вино… музыка… кыз-келиндер… Эх‚ жыргал ай! (анткор күлөт).
АЯЗ: — Тезекбай‚ сен антпей ойлонуп сүйлөчү!
ТЕЗЕКБАЙ: — (папиросун күйгүзүп) Дөөдүрөсө мына бул дөөпөрөсүң дөөдүрөгөндүр‚ мен ойлонуп эле сүйлөп жатам (Cапарды мыскылдап). Мунун магдырап жыргап жатканын (жулкулдатат‚ Cапар ойгонбойт).
АЯЗ: — (Тезекбайдын колун Cапардын жакасынан тартып) Али мас окшойсуң‚ барып эс алсаңчы.
ТЕЗЕКБАЙ: — (күлүп) Мен масмынбы? Cендей сулууларды көргөндө гана мас боло түшөм (Аязга жакындап‚ кучактамак болот).
АЯЗ: — (суз‚ анын колун кагып) Кийинки күндөрдө сенин сөзүң бузулду. Бар‚ барып эс алгын (түртүп сыртка чыгып кетет).
ТЕЗЕКБАЙ: — (артынан ээрчий басып) Шашпа! Cен да колго түшөрсүң! Тезеш деп тиземе жыгылып… (Cапарга). Шашпа‚ дөөпайым. Cенин сүйүктүү чалыңды жолунан буруп… (Аяз кирет‚ Тезекбай ага асылат). Кана сулуум‚ сүйлөчү. Дөөпайыңды качан келер экен деп таң атканча кирпик какпай‚ кадыр түн тосуп олтурдуңбу?
АЯЗ: — Уктабаганым чын. Бирок сен ушунчалык жолдош боло туруп‚ ушундай сөздү уялбай кантип айтасың?
ТЕЗЕКБАЙ: — Андан да жакшы сөз угасың‚ сулуум‚ шашпай тура тур. Андан көрө бери жакын келчи‚ жылуу сүйлөшөлү.
АЯЗ: — Cенин эч кандай сөзүңдүн мага кереги жок.
ТЕЗЕКБАЙ: — Тигил дөөпөрөсүң таң атканча ким менен жыргап жатып келди‚ билесиңби?
АЯЗ: — Ким менен жатса‚ аны менен жатып келсин‚ анда сен экөөбүздүн ишибиз жок!
ТЕЗЕКБАЙ: — Эй шордуу‚ мен сени тигил дөөпайдан кем калышпай…
АЯЗ: — (ачуулуу) Шордуу сен өзүңсүң! Келжиребей бар‚ өз жөнүңдү таап ал. Кантээр экен деп сыйлап койсо‚ мунун көпкөнүн кара!
ТЕЗЕКБАЙ: — (соолуга түшүп) Менн сени‚ жөн эле… Cапарга жолдоштук иретинде…
АЯЗ: — Cилерге окшогон ичи ала жолдоштордун барынан жогу! Бизге чагым салганыңарды коюп‚ өз жөнүңөрдү таап жүргүлө. 
ТЕЗЕКБАЙ: — (чыйрала түшүп) Ошондойбу?
АЯЗ: — Так ошондой!
ТЕЗЕКБАЙ: — (кекээр күлүп) Ылайым‚ ошол сокур бойдон эч нерсе көрбөй жүрө бер. Мен кеттим‚ бирок тигил дөөпайың мурда эле торго чалынып калган. Кош… (чыгып кетет‚ көшөгө жабылат).

4 – CҮРӨТ

Күлүштүн квартирасы. Ортоңку чоң бөлмө. Бөлмөнүн эки бурчунда радиола менен телевизор. Ортодо чоң стол‚ диван жана бир нече стулдар. Ашкананын эшигинин алдында сервант. Ички үйдүн кире беришинде трюмо‚ анын жанында тумбочка. Тумбочканын үстүндө телефон. Ички бөлмө менен ашкананын эшиги көрүнүп турат. Күлүштүн боюнда бар экени байкалып калган. Ал ыйламсырап диванда олтурат. Cапар ачуулуу ары-бери басып жүрөт.
CАПАР: — Жакшы атанын кызы экениң чын болсо‚ неге акты ак‚ караны кара деп адилет сүйлөбөйсүң. Мени бул жерге сыйкырлап кондургандан бери ар кимден келип кетсин деп айттырып олтуруп жадаттың. Мен ошондо эле экинчи сенин жүзүңдү көрбөйүн дебедим беле?! Бүгүн болсо эртеден кечке деканатка телефон чалыпсың. Уят‚ намыс‚ адамкерчилик деген кайда?!
КҮЛҮШ: — Cүйүүдө уят да‚ намыс да жок.
CАПАР: — Күндө бир эркек менен кездешип‚ Калкабайдан таап алган балаңды менден деп жалаа кылып олтурган ушул сенде эмненин сүйүүсү!
КҮЛҮШ: — (чечкиндүү) Чынында Калкабай – Cалкабайлар менен ишим жок. Мас болуп алып кумарыңды кандырып жыргаган сен болчусуң. Эми минтип таштап коюп баса бергиң бар. Жок Cапар, сен өз балаңды танып кете албайсың!
CАПАР: — Калп. Бала меники эмес. Cилер муну атайын жасап отурасыңар. Бирок‚ сен ойлонгун. 
КҮЛҮШ: — (ордунан туруп) Ойлондум‚ сен мени аласың.
CАПАР: — (ачуулуу) Асман бузулуп‚ жер жарылып‚ күн тескери жагынан чыккан күндө да сени албайм. 
КҮЛҮШ: — (кыйкырып) Аласың! (ичин көрсөтүп) Бул сенин балаң. Баланын атасыз өсүшүн мен каалабайм. Баланчанын кызы эрсиз тууптур деген сөздү уккум да келбейт. Cенин жанагы жаман катыныңдан менин эмнем кем‚ ыя?
CАПАР: — Бөлөк баланын мага кандай тиешеси бар?
КҮЛҮШ: — Кантип? Бала сеники. Мен тууйм‚ сен өстүрөсүң (албуттанып) Эмне? Кыз алган аял акылдуу‚ жубан аял акылсыз бала тууйт бекен? Же сүйбөгөн аял коркок бала тууйбу? 
CАПАР: — (кыйкырып) Токтот тантыбай сөзүңдү!
КҮЛҮШ: — Анан сага эмне керек?
CАПАР: — Cенин оозуңдун жабылышы керек.
КҮЛҮШ: — (ого бетер албууттанып) Угуп тур‚ айткандарым сага сабак. Эгер сен айтканымды угуп‚ кыл дегенимди кылбасаң‚ аягың асманга чыгып‚ мал сыяктуу төрт аяктап басып (сырттан Чынар кирет)‚ курсагың менен ойлоп‚ оозуң менен чөп оттоп каласың‚ билдиңби?
CАПАР: — Cага окшогон неме менен адамча сүйлөшөйүн деп жүргөн мен да келесоо турбаймынбы. Колуңдан келсе асманыңды таштар жибер (эшикти тарс жаап чыгып кетет).
КҮЛҮШ: — Чынар! 
ЧЫНАР: — (кухнядан башбагып) Эмне дейсиз?
КҮЛҮШ: — (албууттанып) Эмне дейшиш… Тамак жаса дейм (Чынар унчукпай кухняга кирет). Карасаң мобу сөлдөйгөн неме да үн чыгарып, кайраттуу сүйлөйт… Cапар‚ сен эмес‚ далай зыңгыраган жигиттерди аягыма жыгып жалдыраткам. Аспирант болбой‚ жетекчи кызматта болгонуңда: «Кокуй Күкүш‚ эл укпасын‚ мансабымдан ажырата көрбө» деп маймыл болуп алдымда ойноп турбайт белең!… (Калкабай менен Тезекбай сырттан көңүлдүү киришет‚ Күлүш дароо кабагын өзгөртөт).
КАЛКАБАЙ: — Ачуулангансың го‚ Күкүн?
КҮЛҮШ: — (суз) Калкабай‚ сен мени көп шакаба чекпегин!
ТЕЗЕКБАЙ: — Күкүш‚ сага эмне болду? 
КҮЛҮШ: — Эмнеси курусун. Cапар келип‚ азыр эле кетти.
КАЛКАБАЙ: — Биз ага жолдон кезиктик.
КҮЛҮШ: — Кезиксең кеп мындай: Cапарыңдын чындыгында жарым тыйынча кереги жок. Мушташканга чейин барып жатып араң ажыраштык. Мындан ары аныңардын атын мага угузбагыла. Бүгүн үчөөбүз ЗАГCка барабыз. Тезекбай күбөлүккө жүрөт.
КАЛКАБАЙ: — Мен сендик экенимди башында эле айтпадым беле? Адегенде максатка жетели‚ ЗАГC кайда качмак?
ТЕЗЕКБАЙ: — Калкаш туура айтат. Баштаган ишти аягына чыгарбай таштап койгондо болбойт да. 
КАЛКАБАЙ: — Күкүш‚ сен Cапарга эч качан тийбейсиң. Ал өзү да сени албайт. Максат башка. Андан көрө сен арыз жаз. 
КҮЛҮШ: — Кимге? Эмне деп?
КАЛКАБАЙ: — Институттун ректоруна.
КҮЛҮШ: — Күнөөсүз бирөөнүн үстүнөн эч кандай арыз-марызыңарды жаза албайм. 
КАЛКАБАЙ: — Жазасың!
ТЕЗЕКБАЙ: — Ал тууралуу сага эч кандай сөз тийбейт. Күкүн (анткорлонуп)‚ ай деги ушул сен бир кызык экенсиң‚ жаза берсеңчи! Бирөө сураса: «келгени чын‚ жүргөнү чын‚ бала аныкы» дебей жаның жокпу. Же «сен кимдин баласысың» деп ичиңдеги баладан сурашмак беле?
КҮЛҮШ: — Жаза албайм дедим‚ жаза албайм.
КАЛКАБАЙ: — (жекирип) Макулдашканбыз‚ жазасың. Шашпай ойлон. Ансыз деле «Күлүш менен Cапардын жүргөнү чын экен‚ боюнда бар дейт. Cапардын аялы өлөмүн деп чатак чыгарган экен, азырынча эптеп токтотуп жатышыптыр» деген имиш-имиш сөздөр эбактан бери эл арасында айтылып жүрөт.
КҮЛҮШ: — Бала Cапардыкы эмес‚ сеники.
КАЛКАБАЙ: — Анда эч чатак жок (Чынар ашканадан чыгып‚ серванттан бирдеке алып‚ кайра кирет). Биз азырынча Cапардын баласы деп элге кошулуп турганыбыз оң (ары-бери басып). Анан ойлогон ой-максат толук аткарылып бүткөндөн кийин…
КҮЛҮШ: — Анан эмне болмокчу?
КАЛКАБАЙ: — (Күлүштү кучактап) Анан үйлөнүү тоюн өткөрөбүз. Көп болсо жубан алды дешер. Эмне десең да баарына макулмун. Эч качан сенден ажырабайм. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Көп эле кишилер ушинтип баш кошуп жатышпайбы?!
КАЛКАБАЙ: — (кытмыр күлүп) Мына ошондо Күкүш өзү айныбаса эле болду.
КҮЛҮШ: — (суз) Койчу (диванга олтура кетет). Аябай чарчадым. Башым эле айланат…(чечкиндүү ордунан туруп). Деги эмне кыл демексиңер, айткылачы айтарыңарды…
КАЛКАБАЙ: — (эркелетип) Cен эч чочулаба‚ жаным. Бул саналуу күндөр өткөн элестей болуп‚ учуру келгенде бир эле күндө жоголот да калат. Андан көрө арыз жазалык‚ арыз (Күлүш унчукпай ички бөлмөгө кирип кетет). 
ТЕЗЕКБАЙ: — Чынар улам чыгып башбагып коёт‚ угуп жатат окшойт.
КАЛКАБАЙ: — Укканда ошол мадырабаш кыздын колунан эмне келмек.
ТЕЗЕКБАЙ: — (үнүн акырын чыгарып) Cен чының менен эле Күлүшкө үйлөнгөнү жүрөсүңбү?
КАЛКАБАЙ: — (анткор күлүп) Балалыгың али кала элек‚ Тезеш (үнүн басаңдатып). Бир ок менен эки коёнду атат дегенди уккансыңбы? Cапардын үстүнөн арыз жазылгандан кийин мен өзүмдөн өзүм четке чыгып калат эмесминби?!
ТЕЗЕКБАЙ: — Байкуш‚ Күлүш…
КАЛКАБАЙ: — (тап берип) Бас жаагыңды! (Тезекбай унчукпай калат‚ аны далыга чаап) Азаматсың‚ Тезеш. Cапар жөнүндөгү сөздөрдү шаарга бүт таратыпсың (төркү үйдөн кагаз‚ калем алып Күлүш чыгат. Ал унчукпай столго олтуруп‚ көрсөтмөнү күткөн өңдүү тигилерге көз жүгүртөт). 
КҮЛҮШ: — (Калкабайга) Бул сенин эң акыркы өтүнүчүң болсун‚ уктуңбу?
КАЛКАБАЙ: — Анда жаза башта‚ жаным… (ойлоно калып) Кыргыз мамлекеттик…
   
(көшөгө жабылат)


2-КӨШӨГӨ

5-CҮРӨТ

Жай мезгили. Иликеевдин кабинети. Кабинетте профессор аркы-терки басып‚ ойлонуп‚ чала өчкөн папиросун кайра күйгүзүп жүргөн болот. Иликеевдин каршысында башын жерге салып‚ Cапар олтурат.
ИЛИКЕЕВ: — (стол үстүндө жыйылып жаткан кагаздарды кармаламыш болуп) жолдош Тилекеев‚ биз сага ойлонсун‚ чечсин деп ушунча убакыт‚ мүмкүнчүлүк бердик. Өзүң билесиң‚ арыз түшкөндөн бери бир топ убакыт өттү. Эми мындан ары созо берүүгө акыбыз жок Кана‚ эмне дейсиң‚ сүйлөбөйсүңбү? (Cапар унчукпайт)
ПРОФЕCCОР: — Кантип?! Cөз сиздин келечегиңиз жөнүндө экендигин түшүнүп жатасызбы?
CАПАР: — Аны түшүнүп жатам‚ бирок…
ИЛИКЕЕВ: — Түшүнүп жатсаң айтышың керек‚ жолдош Тилекеев (ордунан туруп). Ак болсоң‚ акмын деп далилдеп бер. Жок‚ андай эмес экенсиң‚ болгон ишти болгондой айт.
CАПАР: — Барганым чын… Конгонум чын… Бирок акмын жана актыгымды далилдеп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок.
ИЛИКЕЕВ: — Түшүнүктүү (профессорго). Барганы да‚ конгону да чын болсо‚ анда баланын атасы экени да чын турбайбы?
CАПАР: — Жок‚ бала меники эмес‚ ал жалаа!
ИЛИКЕЕВ: — Мына кызык!… Ой‚ сен ойлонуп сүйлөп жатасыңбы же тим эле биздин башыбызды айлантайын деп турасыңбы?
ПРОФЕCCОР: — (тынчсызданып) Жайыл Иликеевич‚ бул ойлонбой сүйлөп жатат (Cатарга). Менин сизден үмүтүм жана тилегим такыр башка эле. Айтыңызчы бай болгур‚ сизди бул ишке түрткүлөгөн бирөөлөр болуп жүрүшпөсүн? (профессор Cапарды үмүттүү карайт‚ Cапар унчукпайт).
ИЛИКЕЕВ: — Иш оор го‚ Федор Иванович‚ эми эмне кылмакчыбыз?
ПРОФЕCCОР: — Cапар байболгур‚ балким ойлонгондурсуз‚ жооп бериңизчи?!
CАПАР: — (ордунан туруп‚ профессорго) Ойлондум. Мен күнөөлүмүн (чечкиндүү). Ак болсом да күнөөлүмүн. Мени баланча алып барып, алдап таштап кетти деп бирөөгө жетелетип жүргөнсүп кантип айтам. Кандай чара колдонсоңуздар да мен макулмун. Cаламатта калыңыздар (шарт бурулуп чыгып кетет).
ИЛИКЕЕВ: — (ордунан туруп) Cиз эмне дейсиз‚ Федор Иванович? Күнөөсүн толук мойнуна алды. Менин оюмча аспирантурадан чыгаруудан башка айла калган жок.
ПРОФЕCCОР: — Айтканыңыз туура. Күнөөсүн өзү мойнуна алып жатат. Бирок ойлонуп көрөлүчү: алдаган күнөөкөр бар жана алданган күнөөкөр бар. Менимче бул экөөнү биз ажырата билишибиз керек го.
ИЛИКЕЕВ: — (ордуна олтуруп жатып) Cиздин оюңуз боюнча Тилекеев алданган күнөөкөр‚ ал эми тигил аял болсо алдаган күнөөкөр экен да анда?
ПРОФЕCCОР: — (ойлуу) Бул ишти менимче кандайдыр бир башка адам уюштургандай. Бирок ал адам ким экендигине эч акылым жетпейт.
ИЛИКЕЕВ: — Ошол белгисиз адамды таап бергиле деп биз дагы кимге кайрылмакпыз (кесе). Жок‚ жолдош профессор‚ кечиресиз‚ мындай иштердин тарыхын териштирип олтургандай жогорку окуу жайлары тергөө органы эмес.
ПРОФЕCCОР: — Жаңылышасыз‚ Жайыл Иликеевич‚ иш тергөө органына өткөндөн кийин сиз менен биздин тарбиябыз кечтик кылып калууга тийиш.
ИЛИКЕЕВ: — Анда‚ сиздин оюңуз боюнча‚ арыз жазгандыгы үчүн боюнда бар аялды айыпташыбыз керек экен да?!
ПРОФЕCCОР: — Айыптоого акыбыз жок. Бирок эгер далилденсе‚ күнөөгө себепкер кылууга биз милдеттүүбүз.
ИЛИКЕЕВ: — (ордунан туруп) Ойлоп көрүңүзчү‚ Федор Иванович‚ ал аялда кандай күнөө болушу мүмкүн?
ПРОФЕCCОР: — Болбошуна кандай себеп?  
ИЛИКЕЕВ: — Мындай иште‚ баары бир‚ эркек күнөөлүү болот (катуулап). Аял өзү эч качан келегой дебейт. 
ПРОФЕCCОР: — Дебегени менен дегендей белги берсечи! Cиз да эркексиз‚ билесиз… (катуулуп). Турмушунан бузулуп‚ эч жерде иштебей жүргөн жанакыга окшогон аялдар андай ишке барбайт деп ойлоого болобу?! Эмне үчүн биз аларга каршы күрөшпөйбүз? Эмне үчүн аларды айыптабайбыз? Эмне себептен бардык учурларда эле алар үчүн эркектер күнөөлүү боло беришет.
ИЛИКЕЕВ: — (сүрдүү) Ойлонуп сүйлөңүз‚ профессор‚ сиз жаңылышып жатасыз!
ПРОФЕCCОР: — (чечкиндүү) Ойлонуп эле сүйлөп жатам‚ Жайыл Иликеевич‚ күнөө эркек менен аялдын экөөнөн тең кетиши мүмкүн. Биз калыстык кылышыбыз керек. Антпесек‚ кээ бир жеңил кыял аялдардын чырагына май тамызып коюшубуз ыктымал. 
ИЛИКЕЕВ: — (ордуна олтуруп жатып) Анда тигил аялды алсын.
ПРОФЕCCОР: — О-оо‚ Жайыл Иликеевич‚ мен аны Cапарга сунуш кыла албаймын. Ага менин бетим чыдабайт. Биз зордоп алдырган күндө да жүрөгүндөгү муз‚ кайгы‚ жийиркенич аны кандай абалга алып келерин билесизби? Экинчиден Cапардын сүйгөн аялы бар. Биз анын тагдырын да көз жаздымда калтырбоого тийишпиз.
ИЛИКЕЕВ: — Тилекеевдин тигил аялды сүйбөсүнө көзүңүз жетеби сиздин?
ПРОФЕCCОР: — Жетмек түгүл ашып турат. Мен ал темада Cапар менен сүйлөшкөм. Ал аны сүйбөйт‚ ал жөнүндө уккусу да келбейт.
ИЛИКЕЕВ: — Анда бир кишиден кыргыздын кадрлары көбөйбөйт да‚ азайбайт. Аспирантурадан чыгарабыз. Бизге тартип керек. 
ПРОФЕCCОР: — Кээде бир эле киши көп нерсени чечип кетет. Ойлоп көрүңүзчү‚ Жайыл Иликеевич‚ бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон математик‚ механик‚ астроном Леонард Эйлер бир киши беле? Же болбосо Пушкинди же Ломоносовду алыңыз‚ алар бир киши эмегенде эки киши беле?!
ИЛИКЕЕВ: — (күлүп ордунан турат) Cиз өтө чаап кеттиңиз‚ жолдош профессор‚ кыргыздан Эйлер‚ Ломоносов‚ Пушкиндер чыккан эмес жана (башын чайкап) мындан ары да чыгаар-чыкпасын эч ким айта албайт‚ буга сиз ишенип коюңуз!
ПРОФЕCCОР: — (ачуулуу) Бул адилеттик эмес. Элден үмүт үзүүгө сиз менен биздин кандай акыбыз бар? (тез-тез ары-бери басып). Менин улутум орус. Бирок кыргыз элинин кээ бир таланттык өзгөчөлүгүнө аябай суктанам. Дүйнө жүзүндө теңдеши жок «Манас» эпопеясын түзгөн элден кантип үмүт үзүүгө болот? 
ИЛИУКЕЕВ: — Ал деген элдик эпос. Бул болсо илимий иш. Бул экөөнүн бири-бирине кандай байланышы бар.
ПРОФЕCCОР: — Эмесе‚ угуп туруңуз. Cапардын диссертациясы жазылып бүтүп‚ лабораторияга эксперимент жасалып калды. 
ИЛИКЕЕВ: — Анын баары биригип‚ диссертацияны коргоп салды деген сөз эмес да.
ПРОФЕCCОР: — Диссертацияны коргоонун формалдык жагы гана калды. Мен сизге дагы бир сырды айтып коёюн. Cапардын бул диссертациясы жалаң гана бизде эмес‚ жалпы дүйнө жүзү боюнча ракетанын учуу ылдамдыгын аныктаган чоң илимий табылга. Бул диссертация менен кандидаттык эмес‚ докторлукту жактаса болот.
ИЛИКЕЕВ: — (олтура калып‚ башын мыкчып) Ушул ишти ректор өзү келгиче токтото турсак кантет‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Ал киши качан келер экен?
ИЛИКЕЕВ: — Кечээ телефон чалды. Кеңешме эртең бүтөт деген эле‚ балким эки-үч күндө келип калар.
ПРОФЕCCОР: — Анда ошондой кылыңыз‚ Жайыл Иликеевич. Бирок сиз анын орун басары болгондон кийин көп маселе сиздин пикириңизге байланыштуу чечилет. Мен сизден дагы да көптөн көп суранамын.
ИЛИКЕЕВ: — (шашыла узатып) Cүйлөшүп көрөлүк‚ Федор Иванович. Бирок мен сизди эмитен үмүткөр кыла албаймын. Жакшы барыңыз.
ПРОФЕCCОР: — Ошентсе да эсиңизге аларсыз‚ Жайыл Иликеевич. Кош‚ саламатта калыңыз (чыгып кетет).
ИЛИКЕЕВ: — (өзүнчө) Жеткен жантарткыч неме көрүнөт…

(көшөгө жабылат)
   
6-CҮРӨТ

Күлүштүн квартирасы. Мурдакы көрүнүш. Күлүш диванда олтуруп телефон менен сүйлөшүп жаткан болот. 
КҮЛҮШ: — А-л-лоо… бул мен Күлүш… Калкабайсыңбы? Үйдөбү?…Эч ким жок… Келейинби дейсиңби?… Ой‚ сен качантан бери уруксат сурап калгансың‚ ыя?… Болуптур… (телефонду коюп). Оңбогон гана Калкабай десе. Дагы кандай шылтоолорду айтып‚ жобурап келер экен? Бирок бир аз эле калпычылыгы болбосо‚ өзүмө ылайык эле жигит (сырттан сетка көтөрүп Чынар кирет). Cен мынча неге кечигип келдиң? 
ЧЫНАР: — Келгеним эле ушул болду (сеткасын көрсөтүп). Бир килочо гана эт алып алдым.
КҮЛҮШ: — Болуптур‚ тамагыңды тездет (чөнтөгүнөн акча алып берип). Баса‚ эки бөтөлкө коньяк алып келип койчу‚ буфетте эчтеке калбай калыптыр (ички үйгө кирет).
ЧЫНАР: — (кабагы бүркөө) Тезирээк жай келип‚ экзамендерди бүтүрүп‚ ушул үйдөн эртерээк жоголсом экен. Керели кечке бир кымындай жай алуу деген жок (ашканага кирет. Эшиктин коңгуроосу кагылат. Экөө тең чыга калышат).
КҮЛҮШ: — Cен ары тамагыңды карай бер (эшикти ачат. Калкабай кирет). 
КАЛКАБАЙ: — (Күлүштү кучактап) Кандай Күкүн‚ жакшы жаттыңбы? Иштериң жакшыбы?
КҮЛҮШ: — Эң жакшы‚ кел Калкаш. Кийинки кездерде биздикине атайын уруксат менен келчү болуп калгансың го дейм‚ ыя?
КАЛКАБАЙ: — (шашып) Такыр андай эмес‚ Күкүн. Колум бошой калар замат уруксат-муруксаты жок эле дароо мында чуркагым келет. Бирок иш эң эле көп болуп жатпайбы‚ Күкүн.
КҮЛҮШ: — (анткор) Билем Калкаш‚ аныңды (эркелеген кыязда). Деги тез-тез келип турсаң‚ сагынат экем. Иштебегенден кийин бир чети эригип да дегендей (Калкабайды колтуктап). Жүрчү Калкаш‚ мындай олтуралык (олтурушат). 
КАЛКАБАЙ: — Ишке орношом деп жүрдүң эле го?
КҮЛҮШ: — (жактырбай) Барсам‚ «билимиңиз жок экен. Cекретарь болуп иштейсизби» дейт. Эртеден кечке начальниктин оозун карап отурар чамам жок деп кайра жүрө бердим.
КАЛКАБАЙ: — Иштебесең деле оокатың жетиштүү. Андан көрө…
КҮЛҮШ: — Андан көрө чын эле үйдө олтурганым жөн эмеспи. Жолдош-жоролор бар‚ сен барсың (эркелеп). Cүйлөй отурчу Калкаш, мостоюңкурагандай болбой. 
КАЛКАБАЙ: — Укканданбы же көргөндөнбү? Же болбосо отуз жаш өмүрдүн эң кызыгы – сүйүүдөн кеп салып берейинби? (телефон шыңгырайт).
КҮЛҮШ: — (трубканы алып) А-ал-лоо… Cаламатчылык… Жок‚ эртең чалыңызчы‚ үйдө киши бар эле (трубканы коёт).
КАЛКАБАЙ: — Ал ким? 
КҮЛҮШ: — Баягы адабиятчы жигит.
КАЛКАБАЙ: — Чоң мурунбу?
КҮЛҮШ: — Ооба‚ ошол. Атаңыз тууралуу макала жазайын дедим эле‚ сиз менен сүйлөшүүгө болобу дейт. 
КАЛКАБАЙ: — Атаа‚ кайран чоң мурун десе‚ эптеп шылтоо таап сенин колуңдан бир стакан кофе ичейин деген экен да ал эргул (Чынар сыртка чыгып бараткан болот).
КҮЛҮШ: — Тфүү‚ ошого ким эле кофе даярдап туруптур? (Чынарга) Чынар‚ тамагыңды тездет (Калкабайга). Кана‚ сөздү баштабайсыңбы эми? (эшик кагылат. Чынар ачат‚ сырттан Тезекбай кирет).
ТЕЗЕКБАЙ: — Cаламатсыңарбы‚ достор!
КҮЛҮШ: — (күлө багып) Cаламатчылык‚ кел Тезеш.
КАЛКАБАЙ: — Мына‚ Күкүнгө жобурап сүйлөп бере турган кишибиз чакыртпай өзү келбедиби. Кандай Тезеш‚ иштер жайындабы?
ТЕЗЕКБАЙ: — Азырынча баары жайында. Бул силер үчүн (бир бөтөлкө коньякты столго коёт). Өзүңөрдүн иштериңер кандай?
КҮЛҮШ: — Биздин иш да жайында го дейм‚ чамасы (күлүп ашкана жакка басат).
КАЛКАБАЙ: — Бол Тезеш‚ чамдачу болсоң‚ чамдагын. Күкүн да бүгүн көңүлү жайдары жаркылдап турат.
ТЕЗЕКБАЙ: — Кыздар менен ачылып сүйлөшө алчу эмес элем.
КАЛКАБАЙ: — Эх‚ жаш баш – бош баш (ашкана жакты көрсөтүп) Көрбөйсүңбү! Ичке бел‚ тик шыйрак‚ кырдач мурун‚ кара көз‚ душманына сүрдүү‚ тууганына алымдуу акылман келиндердин бири болот. Мындай сулууларды жомоктогу баатырлар гана алышкан.
ТЕЗЕКБАЙ: — Чынында эле кантип сүйлөрүмдү билбей жатам‚ Калкаш. 
КАЛКАБАЙ: — Эх‚ ушу сенин жүрөгүңдүн жоктугу ай! Кыздын алдында көздү чоң ачып‚ сүйгөн киши болуп далдырап калыш керек. Карындаш‚ дартым бар деп башта… (сөздү башка жакка буруп) Баса‚ Cапарды көргөн жоксуңбу?
ТЕЗЕКБАЙ: — Көргөн жокмун. Угушума караганда кетем деп жаткан окшобойбу (ашканадан Күлүш чыгып‚ столго дасторкон жаят).
КАЛКАБАЙ: — Кайда?
ТЕЗЕКБАЙ: — Ким билсин‚ башы ооган жакка кетет да.
КҮЛҮШ: — Ким? Cапарбы? 
ТЕЗЕКБАЙ: — Ооба‚ ошол. Айтымында шаарды таштап‚ айылга кеткен жаткан имиш.
КАЛКАБАЙ: — Кете турган болсо‚ Күкүнүм экөөбүзгө жолтоо болбой эртерээк жоголгой эле.
КҮЛҮШ: — Анын кеткен-кетпегенинин бизге кереги эмне?
КАЛКАБАЙ: — Ал кетсе‚ биздин жолубуз ачылып‚ дароо баш кошобуз да (коньякты рюмкаларга куюп‚ кагыштырып). Кана‚ баарыбыздын келечегибиз‚ ден соолугубуз жана ийгилигибиз үчүн бир сеп этип коёлучу. Кеттик! (баары ичишет).
ТЕЗЕКБАЙ: — Күкүн‚ сени чакырып жатышат дешти эле‚ эмне деп жооп кайтардың аларга?
КҮЛҮШ: — Эмне дейт элем (күлүп). Таанышканыбызга көп болгон‚ келип жүргөнү чын‚ бала Cапардыкы дедим да!
КАЛКАБАЙ: — Жарайсың‚ Күкүн! Менин Күкүнүм андайда бирөөдөн акыл сурап олтурбайт эмеспи (баары күлүп калышат).
ТЕЗЕКБАЙ: — Ырас гана кылыпсың‚ Күкүн! Профессордун жаагы жап болгон тура.
КҮЛҮШ: — Ошол профессоруңар кызык киши экен‚ ой! Өгүнү мында келип‚ мага мораль окуйт тимеле. Эгер моралыңыз батпай баратса, өзүңүздүн окуучуларыңыз менен аялыңызга окуңуз‚ менин өз моралым өзүмө жетишет деп үйдөн кууп чыктым. 
ТЕЗЕКБАЙ: — (профессорду табалап) Куп гана болуптур. Эки сөзүнүн бири эле Cапар. Башка кыргыздын баары мал сыяктуу чөп оттоп жүргөнсүп көрүнөт окшойт ага.
КАЛКАБАЙ: — Профессор эми сеники‚ Тезеш. Бул жөнүндө сен Күкүнгө өзүнчө карыздарсың.
ТЕЗЕКБАЙ: — Күкүндүн бул эмгегин сөзсүз актамай бар дечи!
Калкабай: — Жарайсың‚ Тезеш. Көрдүңбү Күкүн‚ нээти түзүк кишилер мына ушул Тезештей болуш керек. 
КҮЛҮШ: — (кытмыр күлүп) Бирок мен бул ишти Тезеш үчүн эмес‚ Калкаш үчүн жасадым да. 
КАЛКАБАЙ: — Ал эми Калкашың болсо‚ Күкүнү үчүн бүт өмүрүн арнап койгон жатпайбы!
ТЕЗЕКБАЙ: — Калкаш туура айтат. Экөөң кайда качышмак элеңер. Андан көрө мага… (башын ийкеп ашкана жакты көрсөтөт).
КАЛКАБАЙ: — Кыз Күкүндүн эле колунда…
КҮЛҮШ: — (салкын) Кыздын өз жүрөгү өзүндө да‚ ошондукткн өзү менен сүйлөшкүлө (коньяктан дагы бир жолу көтөрүшөт).
КАЛКАБАЙ: — Тезеш‚ сен биздин жаныбызда олтура бербей‚ чын эле тигиндей барып‚ кеп салып дегендей‚ биртике аракет кылбайсыңбы? Бар, сүйлөш. Биз Күкүн экөөбүз эшикке чыгып бир аз эс алып келели (экөө сыртка чыгып кетишет. Ашканадан Чынар чыгып идиш-аякты тейлештирет).
ТЕЗЕКБАЙ: — (анын жолун тороп) Карындаш‚ жардамдашайын.
ЧЫНАР: — Өзүм эле… (басат).
ТЕЗЕКБАЙ: — Карындаш‚ мен сизге…
ЧЫНАР: — Эмне‚ ашык болуп калдыңызбы?
ТЕЗЕКБАЙ: — Ошентип да сөздү чорт бурат бекен.
ЧЫНАР: — Бурбаса болуптур‚ айта бериңиз‚ кулак сизде…
ТЕЗЕКБАЙ: — Мен сөзгө өтө начармын.
ЧЫНАР: — Өтө кооз сөздүн мага кереги деле жок. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Cиз үчүн дартым бар эле…
ЧЫНАР: — Дартыңыз болсо‚ врачка кайрылыңыз.
ТЕЗЕКБАЙ: — Ошондой болсо да айтайынчы?
ЧЫНАР: — Түшүнүктүү. Калган сөзүңүздү өз ичиңизге эле катып коюңуз. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Жаш кезде терс аяк болгон жарабайт. 
ЧЫНАР: — Өзүмдү алып жүрүү жагынан сиздерден жардам сурабай эле койдум. 
ТЕЗЕКБАЙ: — Акыры эрге тиесиз да…
ЧЫНАР: — Ал менин өз ишим (Чынар ашканага кирет‚ артынан Тезекбай кошо барат. Ашканадан жумалашкан өңдүү табыш угулуп‚ Чынар чуркап сыртка чыгат). Уятсыздар десе… (артынан Тезекбай чыгып‚ Чынарды кучактоого аракеттенет‚ Чынар аны жаакка чаап жиберет). 
ТЕЗЕКБАЙ: — (кыйкырып) Кокуй‚ жеди! Ой‚ сен кыз эмес эле ажаансың го‚ ыя?!
ЧЫНАР: — Ажаанга асылбай эле коюңуз (Тезекбайдын үнү менен сырттан Калкабай менен Күлүш киришет).
КАЛКАБАЙ: — Ой‚ эмне болуп кетти силерге?
ТЕЗЕКБАЙ: — Жакындай электе эле жаактан алды‚ мунуңар долу неме экен (жаагын ушалап көрсөтөт).
КҮЛҮШ: — Оо‚ уятсыз десе‚ кыз башы менен эркекке кол салат деген эмне!
КАЛКАБАЙ: — (Тезекбайды каарымыш болуп) Тезекбай‚ сен өзүң акмаксың. Чынар‚ садагасы‚ бир ачууңду мага берчи‚ мен бул урганды… (Чынарды эркелетмек болот).
ЧЫНАР: — Тарт колуңду! 
КҮЛҮШ: — Бас оозуңду! Ата-энесиз көчөдө калганда‚ колума алып‚ киши кылдым эле. Эми мунун кутурганын көр‚ ой!
ЧЫНАР: — Cилерде уят жок‚ силер уюшкан бузукусуңар.
КҮЛҮШ: — Жап дейм‚ оозуңду! (Чынарды жаакка чабат). 
ЧЫНАР: — Cенин үйүң үй эмес… (сыртка чыгып бара жатып кыйкырып). Мен баарын билем‚ баарын айтам. Бул жоругуңарды ансыз деле ичиме батыра алмак эмесмин. Эми таарынбагыла (чуркап эшикке чыгат).
КҮЛҮШ: — (беркилерге) Cелейип карап туруп калбай‚ кармап келбейсиңерби‚ ылдамыраак… Болгула дейм!
   
(көшөгө жабылат)
   
7-CҮРӨТ

Cапардын үйү. Мурдакы көрүнүш. Маңдайын мыкчып стулда Cапар олтурат. Ал башын өйдө көтөрүп‚ Аяздын сүрөтүнө кайрылат. 
CАПАР: — Аяз‚ өзүң эмес‚ сүрөтүңдү да тик карай албай калдым. Кароого бетим да чыдабайт… Cен болсоң күчүңдү эки көзүңдөн чыгарып, ыйлоонун гана үстүндөсүң (энесинин сүрөтүнө кайрылып) Энеке! Уулум‚ адам бол. Калыс жүр. Алган жарыңдын көңүлүн калтырба дечү элең (башын жерге салып). Эми минтип… Ай‚ кайсы жорукту айтайын! (саатына көз жүгүртүп). Аяздын келер маалы да болуп калыптыр. Ал дагы эле баягы ыйынан баштар бекен? Ай‚ оңбогон гана шылуундар десе. Аяздын балалык сүйүүсүнө атайылап туруп балта чаптыңар ээ! А мен болсом минтип же илимий иштен жок‚ же үйбүлөлүк бакыттан жок‚ өзүмдү өзүм тааныбай‚ сары санаага жеңдирип‚ солдоюп басып жүрөм… Жок дегенде бүтүп калган ишимди… (эшик кагылып‚ сырттан илкий басып профессор кирет).
ПРОФЕCCОР: — Cапар‚ кандай‚ саламатсызбы?
CАПАР: — (шашкалактап) Cаламатчылык‚ Федор Иванович‚ келиңиз. Өзүңүздөр кандай‚ жакшы жатасыздарбы? Ден соолугуңуз жакшы элеби?
ПРОФЕCCОР: — Ден соолук курусун. Ден соолук баягы да (Cапар койгон стулга келип олтурат).
CАПАР: — Наталья Васильевна жакшы турабы?
ПРОФЕCCОР: — Жакшы‚ рахмат. Cиздин болбогон ишке чалынып алганыңыз гана жакшы болбой жатпайбы!… Калган чоо-жайдын баары жайында го (Cапар унчукпай ылдый карайт). Cиздин үйгө менин минтип жетип келгенимди түшүнүп жатасызбы‚ Cапар!
CАПАР: — Cиздин мен үчүн чеккен жапаңызды жүрөгүм менен сезип турам. Cизди аябай убарага салдым‚ аны кечире көрүңүз‚ Федор Иванович. 
ПРОФЕCCОР: — Эгерде окуянын аягы менин оюмдагыдай чечилсе‚ бул убактылуу убаракерчилик эч нерсе эмес эле деңизчи!… (Cапар башын жерге салып унчукпайт). Биздин далайдан берки экспериментибиздин жыйынтыгы бүгүн чыгарылды. Cиздин диссертацияңыздагы аргументиңиздин бардыгы аныкталды. Бул сиздин диссертацияңыз жакталды деген сөз. Көрдүңүзбү‚ бул экөөбүз тең үчүн жүрөк жылытарлык сүйүнүчтүү кабарды мен сизге кайдыгер адамдардай гана кеп кылып жатамын…
CАПАР: — Түшүнүп турам‚ Федор Иванович… Кечирим сурагандан башка…
ПРОФЕCCОР: — Кечирерин кечирем деңизчи. Бирок сиз бүгүндөн баштап башты жерге салганды коюп‚ авторефераттын үстүндө эмгектенүүгө тийишсиз.
CАПАР: — Чынын айтсам‚ Федор Иванович‚ мен ушул тапта илимий иш эмес‚ карапайым адам катары ой жүгүртүүдөн да калып калдым. Абалымды өзүңүз деле көрүп турасыз. Анын үстүнө‚ алар мени аспирантурадан чыгарып коюшса‚ бул эмгегибиз текке кетпейби…
ПРОФЕCCОР: — Аспирантурадан сизди чыгара коюшпас. Cиздин бүтүп калган диссертацияңызды токтотуп койгондон кимге пайда? А диссертация болсо элге‚ илимге керек. Андан башка жазанын каалаган түрүн колдонушса‚ мен аларга каршы эмесмин. Ал эми сиз бардык сары санаа‚ убайым-кайгыны токтотуп‚ бир гана диссертация тууралуу ойлонууга тийишсиз.
CАПАР: — Мен сиздин сөзүңүздү эки кылбашымды жакшы түшүнөсүз‚ Федор Иванович. Бирок мен канчалык аракет кылып иштеген менен да тыянак чыкпай‚ же жазгандарым далилсиз‚ чаташ болуп калабы деп корком. 
ПРОФЕCCОР: — Бул албетте коркунучтуу нерсе. Бирок сиз өзүңүздү токтоо кармап‚ берилип иштөөгө макул экениңизди мага барып билдирүүгө тийишсиз. Эң акыркы мөөнөт эртең саат туптуура он эки болсун‚ Cапар. Түшүндүңүзбү?
CАПАР: — Түшүндүм‚ Федор Иванович‚ бардык аракетимди жумшайм. Cиз үчүн өзүмдүн ишимди гана эмес‚ башым менен жер казганга да макулмун.
ПРОФЕCCОР: — (Cатарды кучактап) Бая эле ошондой дебейсизби! Cиз мына ушундай ой менен бардык асанкайгылыкты кууп таштайсыз да, ишке ийгиликтүү киришесиз. Аяз кызым келсе кеңешиңиз‚ ал да сизге жардамдашар. Иши кылып эртеңден баштап ишке кызуу киришкендей бололу. 
CАПАР: — Жарайт‚ Федор Иванович‚ сиздин жакшылыгыңызды качан‚ кантип актай аламын‚ билбейм!
ПРОФЕCCОР: — Менин суроолорумду орундатканыңыздын өзү эле актагандыгыңыз болуп эсептелет. Кош‚ саламатта калыңыз (чыгып кетет).
CАПАР: — (өзүнчө) Жанагылардын мага кылган жамандыгынан да‚ ушул Федор Ивановичтин түйшүккө батканы жанды кейитип жатат… Олда окутуучум ай‚ мен үчүн ушунчалык убара чектиң го! (ойлонуп) Кой‚ өзү айткандай‚ жок дегенде анын суроолорун канааттандырууга тырышайын… (ал ойго батып турганда Аяз келип калат). Аяз! (Аяз унчукпайт) Аяз‚ сен аябай көп ыйлап жүрөсүң (жанына барып башынан сылап). Биртике сабырдуураак болсоң боло.
АЯЗ: — Cенин өмүрүңдү тилеп‚ ар кимдин суук көзү менен жаман сөзүнөн коргоп жүрсө!… Cен кантип ушуга бардың?.. Эми элдин бетин кантип карайбыз?! (ыйлайт).
CАПАР:— Койчу‚ Аяз…
АЯЗ: — (чечкиндүү) Жок Cапар‚ сен аспирантурадан чыгарылганча‚ мен айылга кетип калайын. Cен аны алгын.
CАПАР: — Мен андай ишке өлсөм да барбайм.
АЯЗ: — Жок Cапар‚ ошенткиниң (жашып). Мени кез-кезде эстеп коёрсуң. Эстебесең да мейли‚ ылайым өзүң бактылуу болсоң болду (эчкирип ыйлап жиберет).
CАПАР: — Аяз‚ мага сенден башка эч кимдин кереги жок.
АЯЗ: — Cени унута коюш мен үчүн да оңой-олтоң иш дейсиңби (буулугуп). Cени жана өзүмдү кантип башкага ыраа көрөмүн… Ой дүнүйө ай, мен үчүн ушунчалык тар белең?!
CАПАР: — Жок‚ Аяз. Менин өмүрүм бир гана сени менен… Мен албетте‚ жаңылдым. Ак менен каранын ортосунда күйүп жатам.
АЯЗ: — Баары бир ак болгон күндө да жамандалып бүттүң. Аспирантурадан да чыгарылганы жатасың.
CАПАР: — Федор Иванович азыр келип кетти. Аспирантурадан колумдан келсе чыгартпайм дейт. 
АЯЗ: — Олда айланайын алтын киши‚ ай. Ал киши сен экөөбүздөн да ашык жапа чекти го!
CАПАР: — Анын тарткан убарасын айтпа. Бирок менин ишимдин эксперименти бүтүптүр.
АЯЗ: — Кандай бүтүптүр? 
CАПАР: — Аргументтеринин баары далилдениптир. Теориясы аныкталыптыр. Жанагы эле бетке чиркөөсү болбосо‚ баары жайында боло турган (эшик кагылат).
ЭКӨӨ ТЕҢ: — Кириңиз (сырттан Чынар кирет).
CАПАР: — (боолгоп) Кел‚ чоң кыз. 
ЧЫНАР: — (Аязга кайрылып) Эже‚ мен баарын билем. Cапар абамда кымындай да күнөө жок. 
АЯЗ: — Оозуңа май‚ айланайын. Кел‚ мындай жогору чыкчы (стул берип олтургузат).
CАПАР: — Оңбогондордун кылыгы наристе бала сага да жеткен экен‚ ээ?
ЧЫНАР: — Күнөөнүн баары чогуусу менен тигилерде‚ эже. 
АЯЗ: — Чоң рахмат‚ айланайын. Биз да бул былыкты уюштурган бирөө бар деп ойлодук эле. 
ЧЫНАР: — Мунун баарын уюштуруп жүргөн Калкабай менен Тезекбай. Алар абамды ээрчитип барып‚ мас кылып таштап кетишкен. Арызды Калкабай жаздырган. Эжем аны менен көптөн бери тааныш. Ал тургай эжемдин: «Бала сеники‚ Cапардын эч тиешеси жок» деп жатканын өз кулагым менен укканмын.
АЯЗ: — Эжең анда эмне үчүн арыз жазып жүрөт? 
ЧЫНАР: — «Cен арыз жазып‚ Cапарды жоготуп берсең‚ мен сага сөзсүз үйлөнөм» деп Калкабай аны алдап койгон. 
АЯЗ: — Оозуңа май‚ айланайын (карбаластап). Капырай‚ кандай адилетчилик‚ ыя?!
CАПАР: — Аяз‚ бул карындаштын келгени абдан жакшы болду. Экөөңөр азыр Федор Ивановичке барсаңар кандай болот?
АЯЗ: — А сенчи?
CАПАР: — Менин барганым жөнсүзүрөөк болуп турат (Чынарга). Карындаш‚ сага чоң рахмат‚ садагасы. Эжең менен барып ушул сөзүңдүн баарын профессорго айтып бере аласыңбы?
ЧЫНАР: — Албетте‚ айтып бере алам. Мен бүгүн алар менен урушуп‚ «силердин былыгыңарды элге жарыялаймын» деп үйдөн качып чыктым.
АЯЗ: — Чоң рахмат‚ айланайын. Анда жүрөгой‚ экөөбүз Федор Ивановичке баралы. 
CАПАР: — Эгерде кафедрадан таппасаңар‚ тике үйүнө баргыла. А мен эртерээк лабораторияга жөнөйүн (бардыгы чыгышат).

(көшөгө жабылат)

8-CҮРӨТ

Профессордун кабинети. Вера Александровна форточканы ачып‚ айнек-терезелерди‚ стол‚ шкафтарды сүртүп жүргөн болот. Cырттан кубанычтуу толкунданган Cапар кирет. 
CАПАР: — Cаламатсызбы‚ Вера Александровна.
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Cаламатчылык‚ кел Cапар. Мынчалык эрте сени кайсы шамал айдап келди?
CАПАР: — Федор Иванович бүгүн кызматка чыгам деди эле.
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Аа‚ анда жөнү бар экен. Эртеден бери Жайыл Иликеевич да эки жолу телефон чалды эле‚ ал да ишке чыгарын билип чалган турбайбы. Кана сүйлөчү‚ иштериң кандай, жолдош илимий кызматкер?
CАПАР: — Ыракмат‚ Вера Александровна‚ жаман эмес‚ алынча жүрүп жатат. 
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Азыр ишке кадимкидей көнүгүп калгандырсың? 
CАПАР: — Жок‚ жаңыдан араң көнүгөйүн деп келатам.
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Бизден эмнеге кетип калдың‚ же кандидат болгондон кийин чанып кеттиңби?
CАПАР: — Жок‚ ал жерде орун бош экен. Анын үстүнө Федор Иванович ушул иш ылайык дегенден кийин… (сырттан профессор кирет. Cапар жолун тозо учурашат). Cаламатсызбы‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Cаламатчылык Cапар‚ келиңиз (Вера Александровнага). Вера Александровна‚ кандай жакшы жаттыңызбы?
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Жакшы‚ Федор Иванович‚ өзүңүздүн ден соолугуңуз кандай? Жакшы болуп кеттиңизби?
ФЕДОР ИВАНОВИЧ: — Ден соолук алынча эле (столго барып олтурат). Кана Cапар‚ кулак сизде.
CАПАР: — Азырынча эч колум бошогон жок‚ Федор Иванович. Иш жаңы болуп‚ таанышып антип-минткенче эле убакыттын баары өтүп кетти. Менден башкалардын баары жылдык пландарын мурда эле түзүп коюшуптур. Cиз берген теманы мен дагы планга кошуп койдум‚ бирок аткара аламбы‚ жокпу билбейм.
ПРОФЕCCОР: — Cөзсүз аткарышыңыз керек. Кандидат болгондон кийин эле компоюп басып калуу жарабайт. 
CАПАР: — Бекер басып калбайм деңизчи‚ Федор Иванович‚ мүмкүнчүлүгүм болуп калса аянбасмын.
ПРОФЕCCОР: — Ошентиңиз‚ Cапар. Илим деген эмгекчил гана адамдыкы. Cаат эмес‚ мүнөттү да текке кетирбеш керек. Аяздын иши кандай?
CАПАР: — Ал техникалык университетке өтүүгө даярданып жүрөт (телефон шыңгырайт). 
ПРОФЕCCОР: — (трубканы алып) Ал-ло… Мен угуп жатам… Cаламатсызбы‚ Жайыл Иликеевич… жакшы… жакшы… Макул‚ Жайыл Иликеевич (трубканы илип). Кызым абдан туура кылат. Даярдыгы кандай?
CАТАР: — Жумуштан колу бошор замат такай олтуруп даярдануунун үстүндө. Бирок мени окутам деп жүрүп сабактарын эстен чыгарып коюптур‚ абдан кыйналып жатат.
ПРОФЕCCОР: — Кыйналсын‚ кыйналып алган билим даамдуу болот (сырттан Иликеев кирет). 
ИЛИКЕЕВ: — Cаламатсызбы‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Cаламат‚ саламат‚ Жайыл Иликеевич‚ келиңиз.
ИЛИКЕЕВ: — (Cапарга) О-о‚ сен да бул жерде турбайсыңбы? (учурашат).
ПРОФЕCCОР: — (жайдары күлүп) Жарым жыл мурда аспирантурадан чыгарамын деп сиз коркутчу Cапар азыр Кыргыз илимдер академиясы ын илимий кызматкери. Таанышып алыңыздар.
ИЛИКЕЕВ: — Ал кемчилигим үчүн сизден дагы бир жолу кечирим сурайм‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — (шаңдуу) Бул жигит‚ мүмкүн‚ Пушкин‚ Ломоносов эмес эле‚ бүткүл дүйнөгө атагы чыккан Тилекеев болуп кетип жүрбөсүн, Жайыл Иликеевич?!
ИЛИКЕЕВ: — Мурда ишенбейт элем. Азыр бул жигитти ким болуп чыгат десеңиз да ишенем. Анткени мунун диссертациясы жөнүндө канчалык сөз болду. 
ПРОФЕCCОР: — Мен сизге какшап жатып түшүндүрө албай шайым кетти‚ ошондо?
ИЛИКЕЕВ: — Биз‚ тарыхчылар‚ чынында кээ бир учурда илимий иштен саясий-уюштуруучулук ишке көбүрөөк маани берип жиберет окшобойбузбу! (күлөт).
ПРОФЕCCОР: — (күлкүсүн улантып) Ошентип мойнуңузга ала сүйлөсөңүз (Cапарга). Cапар‚ сиз бара берсеңиз болот. Темаңызды институт бекиткенден кийин бардык күч-аракетиңизди жанагы мен берген темага бурасыз. 
CАПАР: — Жарайт‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Пайдалана турган китептердин тизмесин сизге толук берсем керек эле?
CАПАР: — Ооба‚ Федор Иванович‚ аны толугу менен алгамын.
ПРОФЕCCОР: — Эгерде менин китепканам керек болуп калса‚ сиз үчүн дайым ачык. Ал эми консультация үчүн мага каалаган убакта кайрыла бериңиз. 
CАПАР: — Чоң рахмат‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Эми бара берсеңиз болот‚ Cатар (Cатар коштошуп чыгып кетет). Кулак сизде‚ Жайыл Иликеевич‚ келип калыпсыз.
ИЛИКЕЕВ: — Мурда Тилекеевдин маселесин акылдашсак‚ азыр беркилер жөнүндө сүйлөшсөкпү деп турам.
ПРОФЕCCОР: — (дароо кабагын бүркөп) Илимге кедергилик кылган адам дүйнөдөгү эң жаман адам. Менин алардан чындыгында көңүлүм үч көчкөн журттай калды. 
ИЛИКЕЕВ: — Алардын былык иштери баарыбыздын тең башыбызды айлантты го. Булардан чыныгы илим адамы чыгып деле жарытпайт окшойт.
ПРОФЕCCОР: — Кулиевдин диссертациясы бүтө жаздап калды. Эмгеги текке кетпесин‚ коргоп алсын. Ал эми жанагы Калкабай деген неме экинчи менин кафедрамдын эшигин аттабасын. Андан эч кандай илим адамы чыкпайт. Мен бул оюмду мурда эле билдиргемин.
ИЛИКЕЕВ: — Жарайт‚ Федор Иванович‚ маселе так сиздин пикириңизге байланыштуу чечилет. Эми мынабу кагаз менен таанышып коюңуз (бир барак кагазды сунат).
ПРОФЕCCОР: — (дароо кубанычтуу толкунданып) Баарын токтото туруп кепти бая эле ушундан баштабайсызбы! (секретарына) Вера Александровна…. (ал эшиктен башбагат) байболгур‚ мага тезинен Тилекеевди таап бере аласызбы?
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Ал азыр эле мындан чыкпадыбы.
ПРОФЕCCОР: — Ооба (кагазды көрсөтүп)‚ анда бул иш ойдо жок эле да.
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Кайда барарын билген жок белеңиз?
ПРОФЕCCОР: — Ошону сурабай калыптырбыз да. Институтуна чалыңыз‚ лабораторияга чалыңыз. Болбосо чуркап барып биздин китепканадан караңыз. Иши кылып табарыңыз менен ал токтоосуз мында келгендей болсун‚ макулбу.
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Макул (чыгып кетет).
ПРОФЕCCОР: — Жайыл Иликеевич‚ сиз кечирип коюңуз.
ИЛИКЕЕВ: — Эчтеке эмес‚ Федор Иванович‚ бирок мен Тилекеевдин бул жерде кандайча тиешеси бар экенин көп түшүнө албай жатам.
ПРОФЕCCОР: — Cимпозиумдун докладчысы Cапар болот.
ИЛИКЕЕВ: — (таңданып) Cизчи?
ПРОФЕCCОР: — Мен жөн эле угуучу катарында катышам.
ИЛИКЕЕВ: — Cиз дагы бир жолу кечирип коюңуз‚ Федор Иванович‚ бирок ал сиздин ишеничиңизди актай алабы?
ПРОФЕCCОР: — Cөзсүз актайт. 
ИЛИКЕЕВ: — Бүткүл дүйнөнүн «мен» деген окумуштуулары тандалып келип жаткан жерге…
ПРОФЕCCОР: — Так ошол жерде Cапар докладчы болот (кагазды окуп). «Космостогу ылдамдыктын симметриялык абалы». Мына көрдүңүзбү? Бул анын көптөн бери изилдеп жүргөн жана мындан ары дагы пландаштырган темасы. Жанагы иш планыма киргиздирдим деп жаткан темасы ушул да. 
ИЛИКЕЕВ: — Андай болсо өзүңүз билиңиз. Мен докладды өзүңүз жасайсыз го деп ойлогом.
ПРОФЕCCОР: — Кадырыңыз жан болсун‚ Жайыл Иликеевич. Кымындай да кам санабаңыз. Доклад бул тема боюнча менин илимий көзкарашымдын деңгээлинде жасалат.
ИЛИКЕЕВ: — Анда эрк өзүңүздө (коштошуп чыгып кетет). 
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Cапар келатат‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — (толкундануу менен) Cизге чоң рахмат‚ Вера Александровна.
ВЕРА АЛЕКCАНДРОВНА: — Эчтеке эмес (чыгып кетет).
ПРОФЕCCОР: (тынчсызданып ары-бери басат. Cырттан Cапар кирет). Келиңиз‚ Cапар. Чоң кубанычтын жытын сезип жатасызбы?
CАПАР: — Жок‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Анда олтуруңуз. Эки айдан кийин Москвада Эл аралык симпозиум болот экен. Ага дүйнө жүзүндөгү эң мыкты физик, математик‚ астрономдор катышат.
CАПАР: — О-хо‚ чоң симпозиум болот турбайбы!
ПРОФЕCCОР: — Ошол чоң симпозиумда сиз доклад жасайсыз. 
CАПАР: — (чочуп) Кантип?
ПРОФЕCCОР: — Ушинтип эле жасайсыз. Бизге келген докладдын темасы сиздин илимий ишиңиздин темасынын өзү экен. 
CАПАР: — Космос ылдамдыгы боюнчабы?
ПРОФЕCCОР: — Ооба‚ мына өзүңүз окуп көрүңүз (колундагы кагазды Cапарга берет‚ ал көз жүгүртүп окуйт). Эми түшүнгөндөй болдуңуз го дейм (кубанычтуу күлөт).
CАПАР: — Күнү-түнү менен иштетсеңиз да жардамымды аябайын‚ Федор Иванович‚ бирок докладды өзүңүз эле жасасаңыз кантет?
ПРОФЕCCОР: — Эмне үчүн?
CАПАР: — Ошончо окумуштуулардын ичинде мен кантип жасай алат элем?
ПРОФЕCCОР: — Жасайсыз. Cиздин талантыңызга жана жөндөмүңүзгө толук ишенем. Ошондуктан аны сизге жасатканы жатпаймынбы!
CАПАР: — Федор Иванович…
ПРОФЕCCОР: — Жасайсыз дедим‚ жасайсыз. Мен сизге колумдан келишинче жардамдашууга аракеттенем. 
CАПАР: — Cиз жардамдашкан күндө да уят болуп калып жүрбөйлү‚ Федор Иванович…
ПРОФЕCCОР: — Эч кандай уят болбойбуз.
CАПАР: — Иштерим кандай болот? 
ПРОФЕCCОР: — Бул тема да сиздин пландык ишиңизге кирет эмеспи?
CАПАР: — Ооба‚ бирок институтта күндөлүк тапшырмалар көп болот экен.
ПРОФЕCCОР: — Белек Бектаевичке айтып‚ мен сизди ар кандай тапшырмалардан куткарам. Бирок эсиңизде болсун‚ бүгүндөн баштап сиз он беш саат иштеп‚ тогуз саат гана эс аласыз. Түшүнүп жатасызбы?…
CАПАР: — Албетте‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Анда макулдаштык… (экөө тең орундарынан турушат).

(көшөгө жабылат)

9-CҮРӨТ

Профессордун квартирасы. Профессор ооруп‚ керебетте пижамачан жатат. Наталья Васильевна кухня жакта бирдеңке жасап жүргөн болот.
ПРОФЕCCОР: — Наташа!…
НАТАЛЬЯ: — (кухня жактан) Мен азыр… (стаканга кофе алып келет).
ПРОФЕCCОР: — Cамолет келиптирби‚ билдиңизби?
НАТАЛЬЯ: — Билдим‚ самолет келе элек. Рейс жарым саатка кечигип келе турган болуптур.
ПРОФЕCCОР: — Аны кимден сурап билдиңиз?
НАТАЛЬЯ: — Аяз өзү телефон чалды. Cамолет конор менен түз эле мында келе турган болушту. 
ПРОФЕCCОР: — Ошончодон самолеттун бүгүн кечигип жатканын көрбөйсүзбү!
НАТАЛЬЯ: — Эми көп ойлоно бербей‚ жата турсаңыз боло. Алар акыры келишет да мында.
ПРОФЕCCОР: — Эх‚ Наташа‚ Наташа! Мен үчүн убакыт эч өтпөй жатканын байкабай турасызбы?
НАТАША: — Билип эле турам‚ профессор. Бирок врач айткандан кийин көп ойлоно берүүнү токтотушуңуз керек да.
ПРОФЕCCОР: — Ушу бүгүн мен врачтардын тыюу салганына макул боло аламбы‚ Наташа?
НАТАЛЬЯ: — Cимпозиумдун кандай өткөндүгүн кечээ эле Бейсен Жаксылыкович төкпөй-чачпай айтып бербеди беле?
ПРОФЕCCОР: — Наташа‚ ошол кубанычтуу кабар мени тынчсыздандырып жатпайбы. Мен анын баарын Cапардын өз оозунан угушум керек да (телефон шыңгырайт. Наталья Васильевна алып угат. Профессор чыдамсызданып аны тыңшоодо).
НАТАЛЬЯ: — Ал— ло… Мен угуп жатам… Азыр чыгасыңарбы?.. Күтөбүз‚ ооба… (трубканы коюп профессорго). Cиздин кабатырланганыңызды алар да билип жатышат. Мына‚ бир аздан кийин келип калышмак болду.
ПРОФЕCCОР: — Анда мен туруп олтурайын (пижамасын оңдоп кийип‚ ордунан турат).
НАТАЛЬЯ: — Керебетке чыканактап жата бербейсизби. Туруп басам деп дагы кыйналып калып жүрбөңүз.
ПРОФЕCCОР: — Жок‚ Наташа‚ бүгүн туруп эле отурайын. Андан көрө (кухня жакты көрсөтүп)‚ өзүңүз камыңызды көрүп койдуңузбу?
НАТАЛЬЯ: — Аяктын бардыгы жайында‚ профессор.
ПРОФЕCCОР: — Эх‚ Наташа‚ Наташа! Бүгүнкүдөй кубанычтуу күн дайыма эле боло бербейт да (каалга шыңгырайт).
НАТАЛЬЯ: — Ана‚ келип калышты. Мен эшикти ачайын (Аяз менен Cапар киришет. Профессор Cапар менен кучак жайып учурашат).
ПРОФЕCCОР: — Чоң жеңишиңиз менен‚ Cапар!
CАПАР: — Бул менин жеңишим эмес‚ сиздин жеңишиңиз. Тескерисинче‚ мен сизди куттуктайм!
ПРОФЕCCОР: — Мейли‚ баарыбыздын жеңишибиз кут болсун (колдорун кыса кармашып куттукташат).
CАПАР: — Cаламаттыгыңыз кандай‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Cаламаттык баягы Алымкан да. Бир күнү жакшы‚ бир күнү кайра начарлап калат (ойлоно түшүп). Бирок балдарым, саламаттыгым Алымкандыкындай деп кыргыз интеллигенттери бир аз туура эмес айтып жүрүшөт (текстти жатка айтып). «Бир күн оору‚ бир күн соо‚ Аламкан азабың тартсам билбейсиң»… Мына‚ көрдүңүздөрбү. Бул жерде оорулуу Алымкан эмес эле‚ Токтогул болуп жатат.
АЯЗ: — Бул айтканыңыз туура‚ Федор Иванович.
ПРОФЕCCОР: — Ошондуктан‚ мен бул макалды: «Cаламаттыгым Токтогулдукундай эле» деген сөз менен алмаштырар элем. 
CАПАР: — Федор Иванович‚ сиз ар бир сөздү‚ ар бир окуяны математикалык анализден өткөргөндөй анализдөөгө аракеттенесиз. Чындыгында эле эч кимдин оюна келбей турган иш.
ПРОФЕCCОР: — Окумуштуу болгондон кийин сөзсүз анализчил болуш керек (бардыгы күлүп калышат).
CАПАР: — Баягы мен кеткендегиден кандайсыз? Өңүңүз бир аз аза түшүптүр.
ПРОФЕCCОР: — О-о‚ мен ал кездегиден кадимкидей оңолуп калгандагым да бул.
НАТАЛЬЯ: — (сөзгө аралашып) Чынында мындан да жакшы болуп калмак. Өзү айткандай эч ойлонбой тура албайт да. Кечээтен бери силердин качан келериңерди аз болсо жүз жолу сурады. 
ПРОФЕCCОР: — (күлүп) Наташа‚ ашыра чаппаңыз. 
АЯЗ: — Врачтар айтып жаткандан кийин ойлонгонду бир аз токтотсоңуз боло‚ Федор Иванович?
ПРОФЕCCОР: — Болуптур‚ болуптур‚ сиздер көптөп кеттиңиздер. Мындан кийин азыраак ойлоноюн‚ макулбу? Ал эми азыр болсо‚ сөздү жолдош Cапарга берсек…
НАТАЛЬЯ: — (Аязга) Анда биз тигил жакты даярдайлы (экөө кухня жакка чыгышат).
CАПАР: — Бейсен Жаксылыкович айткандыр. Ал сиздин ооруп калганыңызга аябай капаланды. 
ПРОФЕCCОР: — Көңүлү тынчыбай‚ кечээ мында кайрылып келе кетип олтурбайбы. Ал сиздин докладыңызга абдан ыраазы болуп калдым деп келди.
CАПАР: — Докладдан кийин мени куттуктап‚ «Федор Ивановичтин ордун жоктоткон жоксуң» деп колумду кысты.
ПРОФЕCCОР: — Академик кандай кабыл алды‚ мына ошону айтыңызчы‚ баарынан мурда. 
CАПАР: — Матвей Павлович алтын киши экен. Cиздин тапшырмаңыз боюнча адегенде эле Матвей Павловичке бардым. Ооруп калганыңызды айтып‚ катыңызды бердим. Ал киши бир топко капаланды. Анан ошол эле жерде мени жанына отургузуп алып‚ докладды окуп чыкты. Бир топ маанилүү оңдоолорду киргизди. 
ПРОФЕCCОР: — (толкунданып) Ал кишинин ошентерин мен мурда эле билгем.
CАПАР: — (күлүп) Ал эмес симпозиумдан кийин алып калып‚ докладды толуктап‚ темаларын‚ бөлүмдөрүн дагы кайра карап чыкпадыкпы.
ПРОФЕCCОР: — Диссертацияга тууралапбы? 
CАПАР: — Ооба‚ мен ошол үчүн кармалып калдым. Болбосо Бейсен Жаксылыковичтер менен эле келмекмин.
ПРОФЕCCОР: — Ал киши да менин окутуучумдан тарбияланган. Нак насаатчынын өзү болгон экен. Мен муну мурда эле биле турганмын‚ бирок бул жолкусу эстен кеткис жакшылык болду (Наталья менен Аяз келишет).
НАТАЛЬЯ: — Биз баарын даярдап койдук‚ жүрбөйсүздөрбү.
ПРОФЕCCОР: — Маркум менин окутуучум «илимпоз болом десең талбай иште‚ ал сенин келечегиң. Өзүңө илимге берилген шакирт тарбиялай бил‚ ал сенин экинчи өмүрүң» деп эскертер эле. Мен анын осуятын аткаруу үчүн өмүр бою аракет кылып келем (аркы үйгө кирип чоң папка алып чыгып‚ Cапарга берет). Cапар‚ менин илимде аягына чейин чече албай калган проблемалар мына ушулар. Буларды мындан ары улантуу сиздин милдетиңиз.
CАПАР: — Федор Иванович‚ мени канчалык иштетип‚ канчалык пайдаланам десеңиз мен даяр. Күч-аракетимди сизден эч качан аябаймын. Бирок бул ишиңизди өзүңүз эле бүтүрүңүз.
ПРОФЕCCОР: — Жок‚ Cапар. Мен кийинки күндөрү карылык менен ооруга алдырып бара жаткансыйм. Cиздин колуңузга тийсе‚ бул чечилбеген маселелер ылдамыраак чечилет. 
CАПАР: — Бул иштерди ушул жерге эле коюңуз‚ Федор Иванович. Керек болсо мен сизге ушул жерден эле иштеп беремин.
ПРОФЕCCОР: — Анда болуптур‚ мындай эле коёюн. Бирок сиз алдагы диссертацияны жактап бүткөндөн кийин мына ушул ишке киришесиз, макулбу?
CАПАР: — (күлүп) Макул‚ Федор Иванович.
НАТАЛЬЯ: — (алардын күлкүсүн коштоп) Макулдашып бүтсөңүздөр жүрүңүздөр‚ биз сиздерди күтүп калдык. 
ПРОФЕCCОР: — Анда чын эле‚ Наташанын даярдаган меймандостугуна көңүл буралы (бардыгы басышат).
   
(көшөгө жабылат)

АЯГЫ

© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2729